Сырт өрөөнүндө 28-майдан баштап жааган кар малчыларды түйшүккө салды. Жайлоолорго барчу жолдордон өтүү кыйындап, үч-төрт күндөн бери Кайыңды аймагындагы малчылар менен байланышууга мүмкүн болбой жатат. ӨКМ кар калың жаагандыктан Каракол-Эңилчек унаа жолунун 82- жана 76-чакырымында ар жеринен көчкү түшкөнүн билдирди. Сүрөттөр Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматына таандык.
Сырттагы кар малчыны да, өкмөттү да кыйнады

1
Ысык-Көлдүн Сырт өрөөнү Нарын облусунун жайлоолору менен чектешет. Ал жайлоого Каракол-Эңилчек автоунаа жолу менен барат.

2
29-31-майда өрөөндө аба ырайы бузулуп, айрым жерде бир метрден өйдө кар жааган.

3
Сырт өрөөнү беш аймакка бөлүнөт. Ашуудан түшкөндө эле Оттук, андан кийин Эчкили-Таш, Көөлүү, Эңилчек жана Кайыңды. Кышы-жайы ошол жерде 79 үй-бүлө мал багат.

4
Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев парламентте Ысык-Көлдүн Сырт өрөөнүндөгү калың кардан улам чыгымга учураган малдын санын айтты. Акыркы маалыматка ылайык, Ак-Суу районунда 378 кой-эчки, 142 бодо мал, 22 жылкы өлгөн. Жети-Өгүз районунда 610 кой, 13 топоз, үч жылкы өлдү.

5
Калың жааган кар малчыларды түйшүккө салды.

6

7
ӨКМ жетекчилиги ашууларды тазалап, малчыларга тоют жеткирүү боюнча бардык иш-аракеттер жүрүп жатканын билдирди.

8

9
Жайлоого бара турган жолдордун бири.

10
Жайлоого бара турган айрым жолдор кардан улам жабылып калган.

11

12
Кар аз келгенсип, тоодон таш кулап, Сырт өрөөнүнө кеткен жол жабылып калган. Учурда тазалоо иштери жүрүп жатканын ӨКМ билдирди.

13
Малчыларга тоют алып бараткан унаа.

14
3-июнда ӨКМ Ак-Суу районуна миң түк чөп жеткирилип, тоют жеткирүү жана жолдорду тазалоо иштерине 12 оор техника тартылганын кабарлады.

15

16