Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:53

АКШ Сирияны "химиялык курал колдонду" деп айыптады


Кечээ БУУнун эксперттеринин машинелеринин бирин "белгисиз снайперлер" аткылашкан. Бүгүн алар кайра иликтөөнү улантууга чыгышты
Кечээ БУУнун эксперттеринин машинелеринин бирин "белгисиз снайперлер" аткылашкан. Бүгүн алар кайра иликтөөнү улантууга чыгышты

АКШнын мамкатчысы Жон Керри Сирияда “химиялык курал колдонгон” деп президент Башар ал-Асаддын өкмөтүн айыптады. "Азыр өкмөт ал жерде далилдерди жоготууга аракет кылып жатат", - деди мамкатчы.

Мамлекеттик катчы Керри өткөн шаршембиде Дамаскинин четинде химиялык куралды Сириянын өкмөттүк аскерлери колдонушканында дээрлик шек жок деп билдирди.

"Биз өткөн аптада Сирияда көргөн нерсе бүтүн дүйнөнү ойлондуруп, кыжаалатка салышы керек. Ал моралдын бардык нормаларын бузат. Жайкын тургундарды, аялдар менен балдарды, бейкүнөө күбөлөрдү химиялык курал менен ой келди кыруу – акылга такыр сыйбай турган наадандык. Бул кайсыл стандарттан албагын, баары бир кечирилгис нерсе", - деди ал.

Мамкатчынын айтымында, президент Барак Обама ушул тапта 21-августтагы чабуулга кантип жооп кайтаруунун жолдорун АКШнын союздаштары жана мыйзам чыгаруучулары менен талкуулап жатат.

"Жаңылбаңыздар, президент Обама дүйнөдө эң эле коргоого муктаж адамдарга каршы ааламдагы үрөй учурган эң жаман куралды колдонуп жаткандар жоопкерчиликтен качып кутула алышпайт деп ишенет", - деди АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри.

Дипломатиялык араздашуу

Дүйшөмбүдө Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Бириккен улуттар уюмунун уруксатысыз эле Сирияга аскерий чабуул коюлушу эл аралык мыйзамдарды орой бузгандык болот деп билдирген.

Президент Асаддын жакын союздашы жана ага курал-жарак саткан негизги өнөктөшү Орусия өткөн аптадагы газ чабуулунун артында козголоңчу оппозициялык күчтөр турушу мүмкүн экенин кыйыткан.

АКШ менен Орусия Сириядагы кырдаалды эртең Гаагада талкууламак. Бирок аны америкалык тарап жолугушууга бир күн калганда кийинкиге жылдырганын Орусия “терең көңүл калуу” менен кабыл алды деп билдирди бүгүн Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Александр Лукашевич.

"Регионго аскерий чабуул коюш үчүн Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешин айланып өтүү, кайрадан жасалма, далили жок себептерди ойлоп табуу акыр аягында Сирияны жаңы азапка салып, Жакынкы Чыгыштагы, Түндүк Африкадагы өлкөлөргө оор кесепетин тийгизиши мүмкүн деген коркунуч бар", - деди Лукашевич.

Франциянын тышкы иштер министри Лоран Фабиус болсо Сирияга сырттан чабуул койгонго Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрү Орусия менен Кытай баары бир каршы добуш беришсе керек дейт.

"Чукул план" иштеле баштады

Анткен менен Британиянын тышкы иштер министри Уилиям Хейг Коопсуздук кеңешинин уруксатын күтүп отурбай эле Сирияга аскерий чара көрүүгө болоорун билдирген. Премьер-министр Дэвид Кэмерон маселени парламенттин талкуусуна коюу-койбоону бүгүн кечирээк чечээри айтылды. Ал арада Британиянын аскерий жетекчилиги Сирияга мүмкүн болуучу чабуулга даярдык көрүш үчүн чукул план түзө баштаганын жарыялады.

Президент Башар ал-Асад өзү кечээ Орусиянын “Известия” гезитине басылган маегинде анын өлкөсүнө каршы аскерий чара көрүү максатынан эч жыйынтык чыкпай турганын билдирип, “химиялык куралды” өкмөттүк аскерлер колдонушкан деген айыптын баарын “саясий максатты көздөгөн жалаа” деп атады.

"Баалуу далилдер"

Кечээ Бириккен улуттар уюмунун куралдар боюнча эксперттери өздөрү аткылоого кабылганына карабай, газ чабуулу болгон аймакты кыдырып чыгышты. Уюмдан билдиришкендей, эксперттердин машинелеринин бирин белгисиз снайперлер аткылашкан. Бул үчүн да өкмөт менен оппозиция бирин-бири күнөөлөштү.

Улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун кечээ бул тууралуу Сеулда сүйлөгөн сөзүндө алардын эксперттери “өтө опурталдуу жагдайга” карабай, өз милдетин аткарышканын белгиледи. Инспекторлор ал жакты иликтөөнүн биринчи күнүндө “баалуу далилдерди” таба алышканын айтышты. Бүгүн болсо алар аймакты кайрадан иликтеп жатышат.

“Чек арасыз дарыгерлер” деген эл аралык гуманитардык уюм өткөн шаршембидеги газ чабуулунан 355 адам өлгөнүн кабарлады.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG