Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:43

Сирия оппозициясы Сочи конгрессине катышпайт


Сирия боюнча Астана сүйлөшүүлөрү.
Сирия боюнча Астана сүйлөшүүлөрү.

Сириянын башкы оппозициялык тобу Орусия демөөрчүлүк кылган тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышпай турган болду. Москва Сирия боюнча “Улуттук диалог конгресси” деп атаган жыйындын негизги бөлүгү Сочиде 30-январда өткөнү турат.

Орусиянын расмий өкүлдөрүнүн, мамлекеттик медиасынын буга чейинки жарыясына караганда Сочидеги конгресске 1600дөй делегат катышат. Бирок алардын арасында президент Башар Асаддын режимине каршы чыккан оппозициянын башкы тобу - Сириянын Жогорку сүйлөшүү комитети болбойт. Алар Орусиядагы жыйынга барбай турганын 27-январда эле жарыялашкан. Мунун себебин оппозициячылар "Сочидеги конгресс Улуттар Уюму демөөрчүлүк кылган тынчтык сүйлөшүүлөрдү жокко чыгарбашына кепилдик жок жана президент Башар Асаддын болочок саясий жараяндагы ролу анык эмес" деп түшүндүрүштү.

Сирия оппозициясынын башкы өкүлү Наср Харири.
Сирия оппозициясынын башкы өкүлү Наср Харири.

-Орусиялыктар бизге эч кандай кысым көргөзгөн жок. Биз Орусия тарап менен бул демилгени (Сочи конгрессин) БУУнун 2254-резолюциясын, Женева жараянын ишке ашырууга пайдалуу кылуу боюнча талкууларды жүргүздүк. Менимче, биз бул конференциянын ичине айрым өзгөртүүлөрдү киргизе алмакпыз. Бирок акыркы чечимибиз - "конгресске катышпайлы" деген чечим болду. Башар Асаддын өткөөл жараянга аралашуусуна уруксат берген же тыюу салган бир да кагазды көргөн жокпуз, - деди оппозициянын расмий өкүлү Наср Харири.

Сирия оппозициясынын Жогорку сүйлөшүү комитети - Улуттар Уюму демөөрчүлүк кылган тынчтык жараяндагы негизги эки тараптын бири. Ал сүйлөшүүлөрдүн тогузунчу айлампасы өткөн жуманын аягында Венада болду. Анткен менен анда оппозициячыл жана өкмөттүк делегациялар түз сүйлөшүү өткөргөн жок, болгону БУУнун чабарманы Стефан де-Мистура тараптардын ар бири менен гана өз алдынча жолукту.

БУУ демөөрчүлүк кылган сүйлөшүүлөрдүн бир жыйыны. Вена, 25-январь, 2018-жыл.
БУУ демөөрчүлүк кылган сүйлөшүүлөрдүн бир жыйыны. Вена, 25-январь, 2018-жыл.

БУУнун чабарманы Сочи конгрессинин күн тартибиндеги маселе боюнча төмөнкүдөй көз карашын билдирди:

- Менин баамымда, кандай конституциялык комитет болбосун ал өкмөттүн, Сириянын ичиндеги оппозициянын өкүлдөрүнөн, сириялык эксперттерден, жарандык коом өкүлдөрүнөн, көз каранды эмес адамдардан, уруу башчыларынан, аялдардан турганы оң болот. Ошондо гана Сириянын улуттук жана диний компонентинин баары камтылат.

Орусия Сочи конгрессинде Сириянын жаңы Конституциясынын долбоорунун үстүндө иштей турган комиссия түзүлөрүн билдирүүдө. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков сириялык оппозиция өкүлдөрүнүн келбей калганы конгрессти “үзгүлтүккө учуратпай” турганын белгиледи.

Орусиянын мамлекеттик ТАСС агенттигинин кабарына караганда, улуттук курамы боюнча “конгресстин катышуучуларынын 94,5% арабдар, бирок арасында күрттөр, езиддер, армяндар, черкестер, абхаздар, туркомандар да бар”.

Жыйын Түркия Сирия аймагынын азыр 25% ашуунун көзөмөлдөгөн күрт кошуундарына каршы өлкөнүн түндүк-батышындагы Африн аймагында ири аскер операцияларын өткөрүп жаткан учурга туш келди.

Түркиянын Африндеги аскердик операцияга тартылган аскерлери чек арада. 23-январь, 2018-жыл.
Түркиянын Африндеги аскердик операцияга тартылган аскерлери чек арада. 23-январь, 2018-жыл.

Сириядагы күрттөрдүн башкы саясий күчү - Демократиялык союз партиясы (PYD) да Анкаранын каршылыгынан улам Сочи конгрессине чакырылган эмес.

Орусия менен бирге Сирия боюнча Астана сүйлөшүүлөрүнө ортомчулук кылган Түркия жана Иран Сочи конгрессин колдошкон. Бирок Батыш мамлекеттери жана кээ бир араб өлкөлөрү, Сирия оппозициясы Сочи конгресси өзүнчө тынчтык жараян баштоо аракети менен БУУнун демөөрчүлүгү астындагы сүйлөшүүлөрдү жокко чыгарып же буйтап өтүп, президент Башар Асад үчүн гана ыңгайлуу чечим табылышына алып барабы деп кооптонушат.

Сириядагы жарандык согушта азыркыга чейин 330 миңден ашуун киши курман болуп, алты миллиондой адам өлкөнүн сыртына качып чыгып, 5 миллиондой киши өлкө ичиндеги качкынга айланды.

Жарандык согуш президент Башар Асаддын режими 2011-жылдын жазында демократиялык өзгөрүүлөрдү талап кылып чыккан демонстранттарды күч менен басууга аракет кылганда башталган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG