Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:46
Командалар Бириккен Араб Эмирлигинин Аль-Айн шаарындагы стадиондо беттешүүдө. 11-январь, 2019-жыл
Командалар Бириккен Араб Эмирлигинин Аль-Айн шаарындагы стадиондо беттешүүдө. 11-январь, 2019-жыл

Футбол: Кыргызстан-Түштүк Корея: 0-1

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы бүгүн, 11-январда Азия кубогунун алкагында Түштүк Корея мамлекети менен ойноду. Беттеш 1-0 эсебинде Түштүк Корея командасынын жеңиши менен аяктады.

22:51 11.1.2019

22:49 11.1.2019

Бириккен Араб Эмирлигинде өтүп жаткан Азия кубогунун тайпалык оюндарынын алкагында Кыргызстан – Түштүк Корея командаларынын беттешинин биринчи таймы аяктады. Оюндун 41-мүнөтүндө Түштүк Кореянын коргоочусу Ким Мин Же гол киргизип, эсепти ачты.

Оюн дээрлик кореялык футболчуларынын үстөмдүгү астында өтүүдө. Алгачкы 45 мүнөттө кореялыктар талаанын 74 пайызын ээлесе, Кыргызстандын үстөмдүгү 26 пайыздан ашкан жок. Командалар жалпысынан 11 жолу дарбазага топ тепсе, анын төртөө Кыргызстанга таандык болду.

Оюнда дээрлик эреже бузуулар катталган жок, азырынча командаларда сары кагаз алган оюнчулар жок. Алдыда футболчулар дагы 45 мүнөт ойношот.

22:38 11.1.2019
Запастагы кыргызстандык футболчулар.
Запастагы кыргызстандык футболчулар.

22:31 11.1.2019

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG