Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:31

ЖМК мыйзамы жашыруун өзгөртүлүп жатабы?

"ЖМК жаатында мыйзамдарды инвентаризациялоонун жыйынтыктары: медиа коомчулуктун көз карашы" аталыштагы тегерек үстөл өтүүдө.

Кыргызстандын медиа коомчулугу ЖМКлар жаатындагы мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды талкуулап жатышат.

Иш-чаранын уюштуруучулары маалымдагандай, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги медиа коомчулуктан "Маалымат каражаттары тууралуу", "Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө", КТРК тууралуу мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүгө сунуштарды сураган. Бул үчүн үч күн убакыт берилгени айтылууда. Министрлик сунуштаган өзгөртүүлөргө ылайык, "Маалымат каражаттары тууралуу" жана "Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө" эки мыйзам бириктирилмекчи.

ЖМК жаатындагы мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү боюнча өкмөт 13-сентябрда тегерек үстөл өткөргөн. Жыйынтыгында Юстиция министрлиги тарабынан жалданган эксперттик топко кыска мөөнөт ичинде өзгөртүүлөр боюнча сунуштарды берүү тапшырылган.

11:15 30.9.2021

Лейла Саралаева: Эгемендик алган 30 жыл ичинде мен көп эле адамдардан маек алгам. Алардын баары сөз эркиндиги биздин чоң жетишкендигибиз экенин айтышчу. Азыр биздин сыртыбыздан тон бычып, мыйзам жазып атышат. Келгиле биз мыйзам жазгандарга көз салып чагылдырып турабыз.

11:13 30.9.2021

Азамат Касыбеков: Чечим кабыл этабында журналисттер аны ачык чагылдырышы керек. Мыйзамдын ар бир үтүр, чекитин карап чыгып атат Жогорку Кеңешке алып чыгуу керек.

11:09 30.9.2021

Нарын Айып: Бул мыйзам бийлик кайда баратканын көргөзүп турат. Эгер бир маалымат чыкса, кайсы бир тарап аны "алып сал" десе, 24 сааттын ичинде маалымат өчүрүлүшү керек экен. Маалыматтын калп экенин далилдеш керек деген талап жок. Эгер 24 саат ичинде маалымат алынбаса, арыздануучу сотко кайрылат экен да маалымат агенттиги эки айга жабылат экен. Бул аралыкта башка маалымат сайтын же каражатын ача албайт экен. Азыркы мыйзам менен журналисттер эч нерсе кыла албай калат.

11:04 30.9.2021

Аскер Сакыбаева: Бир жумадан бери бизге тиешелүү мыйзамдарга инвентаризация жүрүп жатканына чочулап турабыз. Маданият, маалымат, туризм министрлигинин өкүлү Бектур Ибрагимов аттуу өкүлү "Силер эч нерсе баштала электе чуулдап атасыңар" деп айтты. Ал кишинин азыр жүрүп жаткан иштерден кабарсыз окшойт.

ЖМК тууралуу мыйзам абдан прогрессивдүү мыйзам деп эсептейм. Биздин мыйзамсыз аракетибизди жөнгө салып келген ушул. Соттошуу эмне экенин жакшы билген адамдар отурат. Бизде көбүнчө "абийир, ар-намысыма шек келтирди" деп сотко беришет. Анын баары ушул мыйзам менен жөнгө салынып келген. Бизде сотко чейинки комиссия иштейт. 13 мүчөсү бар. Көпчүлүк талаш-тартыш ошол жерден эле чечилет.

Санариптик кылымда, Кыргызстанда болгон окуя дүйнөнүн башка бурчуна дароо жетип атканда бийликтин ЖМК мыйзамдарын инвентаризациялоосу артка, 19-кылымга кайтуу дегенди билдирет. Эң кызыгы бул иш-чара тууралуу биз кокусунан билип калдык. Биз буга нааразыбыз жана ага каршы турууга чакырам.

Алдыда кыш турат, көйгөйлөр көп. Ошонун баарын чечүү ордуна ЖМК мыйзамдарын карап аткандары акылга сыйбайт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG