Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:08

Куйту киши эл бузат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Кортук кочкор төл бузат, куйту киши эл бузат» деген макал бар.

«Куйту» сөзү орусча «льстивый», «лицемерный», «лживый» деген сөздөрдүн маанисин берет. «Азыр баскан изин куйругу менен жапкан куйтулар көбөйгөн заман болбодубу» дейт.

* * *

Мындан улам, ушуга үндөш эле «куйругу жок» деген сөз бар. «Куу, митаам, шыпыр, кудайдан жөө качкан, шумпай адамдарга айтылган сөз. «Ошол учурда тигил куйругу жок алдыртан мени сынап жатканын кайдан билдим» дейт.

* * *

«Куйругун карматпоо» деп да коет. Таптырбоо, оңой менен колго тийбөө. «Бүттү эми, алчу акчасын алган соң эми ал сага экинчи куйругун карматпайт» дейт.

* * *

«Куйругун кыпчуу» деген да бар. Коркуп тим болуп калуу, тартынуу, жалтактап бирдеме кылганга батына албай калуу. «Эми элеки сөздөн кийин көрдүңбү, куйругун кыпчыган бойдон чыгып жоголду» дейт.

* * *

«Куйругуна калбыр байлоо» деген сөз бар. Ар дайым чочулап, кооптонуп жүрө тургандай сөз таратып, жаманатты кылуу, ошондой жаман сөзгө байлап коюу. «Акчалуулардын артына атайылап эле калбыр байлап коюшат турбайбы, кокус өйдө карап силкине турган болсо эле калдырап-шалдырап, элге дайыны угулуп калат турбайбы» дейт.

* * *

«Куйругун сыртка салуу» дейт. Ыкка көнбөө, ѳзүнчѳ эле оолактап, четтеп калуу, эч кимдерге кошулбай жүрүп калуу. «Ал баягүнкүдѳн кийин куйругун сыртка салып, ыргыштап калды» дейт.

* * *

«Куйругун толгоо». Сазайын колуна берүү, аке-жотосун таанытуу, эсине келтирип, тезге салуу, катуу айтып тартипке чакыруу. «Атаганат, соттор каалашынча кутурган заман келбедиби, куйругун толгоп кое турган мыйзамды кайра так ошолордун колдоруна берип койбодубу» дейт.

* * *

«Куйругун үзүү» деген бар. Такыр, биротоло бүтүрүү, тындыруу. «Ал он сомду алары менен куйругун үздү» дейт.

* * *

«Куйрук түйүү». Бир жакты көздѳй кетип калуу, экинчи карматкыс болуп жок болуу. «Башкалардын ырын өзүмдүкү деп көчүрүп алып жарыялап жүргөндүгүнүн бети ачылары менен ал шылуун Кыргызстандан биротоло жок болуп, аны мактаган сынчы сөрөйдүн бети күйдү» дейт.

* * *

«Куйрук улаш» дейт. Бири-бирине удаа, жакын дегендикти билдирет. «Атчандар адашып кетпегей элек дешип, бири-биринен алыстабай, куйрук улаш келе жатышты» дейт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG