Мен илгери, кыргыздын таланттуу жазуучусу Мурза Гапаровдон:
- Сизге аялзаты эмнеси менен жагат?, - деп сурагам.
- Мага аялдын сулуулугу эмес, жарк эткен жылдызы жагат. Сулуулуктун да жийиркенткен нерселери көп болот. Сулуулук убактылуу кубулуш, ал оңот, эскирет, өчөт, а жылдыз эч качан эскирбейт, карыбайт, өчпөйт, өчөрдө өмүрүң менен кошо кетет. Жылдызына эмес, сулуулугуна карап баш кошуп алып, кѳп адамдар бактылуу боло албай калышууда. Ошондуктан “жылдызы келишпей” же “жылдызы күйүшпөй калыптыр” деп коюшат, - деген эле.
* * *
Бул жерде асмандагы жылдыз эмес, адамдын бешенесиндеги жылдыз жѳнүндө сөз болуп жатат. Чынында эле ар бир адамдын жылдызы болот. Өңү-түсү анча эмес болсо да, айрым адамдардын башкаларды тартып турган жылдызы болот. Ошондуктан элде “жылдыздуу экен”, “жылдызы жайнап турду”, “жылдызы жок неме турбайбы” деген сөздөр айтылып келет.
Мисалы “Жылдызы жарык кыз экен” десе, жаркылдаган, жайдары, сүйкүмдүү кыз тууралуу айтып жаткандагысы.
“Жылдызы жерге түшүү” дейт. Көңүлү чөгүү, капа болуу, кабагы ачылбоо дегенди билдирет. Мисал келтирели: “Жайды-жайлай маңдай терин төгүп жүрүп, картошкадан мол түшүм алган эле, күзүндө өткөрө албай кыйналып, жылдызы жерге түшүп калды” дейт.
“Элдин көңүлү бийликке тойбой, жылдызы жерге түшүп турат” дейт.
Ушундай эле мааниде “жылдызы өчтү” деп да айтышат.
* * *
“Жылдызы каршы” деп коюшат. Бири-бирине ѳч, бири-бири менен келише албаган, ынтымагы жок кишилерге айтылат. “Ал экөөнүн башынан бири-бирине жылдызы каршы” дейт. “Эмне үчүн менин жаныма жылдызы каршы кишини отургузасың деп, кагынып-силкинип туруп кетти” дейт. “Алардын бири-бирине башынан эле жылдыздары каршы, бир үстөлгө отургузбагыла?” дейт.
* * *
Эми “жылдызы ысык” деген сѳздүн маанисине келели. Сүйгүнчүктүү, сүйкүмдүү, жагымдуу, мээримдүү дегенди билдирет. “Айланайын, жылдызы ысык бала болуптур, Кудай өмүрүн берсин!” деп алкады дейт. “Экөөнүн жылдызы ысык, жакшы жашап жатышат” дейт. Ушул эле маанидеги сөздүн синоними да бар, “жылдызы жылуу” деген.
* * *
Айрым бир өлкөлөрдө баш кошо турган жубайларды “гороскоптогу белгисине” же бизче айтканда “жылдызына” карап үйлөнтүү салты бекеринен эмес. Жылдызына карата үйлөнүү жаштардын андан аркы бекем турмуш куруп кетүүсүнө өбөлгө болот деп ишенишкен. Ажырашмайлар аз болорун белгилей кетели. Жаштарды сырткы сулуулугуна же ата-энелеринин мансабына, байлыгына, бийлигине карата үйлөндүрүү ар дайым эле алар каалагандай боло бербегени белгилүү.
* * *
“Жылкы кыял” деген сөз бар. Терс мүнөздүү, мүнөзү чунаңдап ылдам өзгөрүп турган, бирдеме айтсаң дароо эле “чырт” дей түшкѳн кыялы бар адамдарды кыргыз жылкыга салыштырып “жылкы кыял” деген.
* * *
Карматпаган, убада берип коюп, анысын аткарбаган, колго тийбеген, куу, шумпай кишилерди “жылт этме” деген. “Аа кокуй десе, ал баягы жылт этме турбайбы” дейт.
* * *
“Жээги жок” деген сөз бар. Сүйлөй берген, оозуна алы келбеген, ылайыксыз болсо деле урдура берген, туура эмес болсо деле уялбай сүйлөй бергендерди “Оозуна алы жетпеген жээги жок неме турбайбы” деп коюшкан. Азыркы күндѳ “жээги жок” адамдар аябай көбөйгөн кези.
* * *
Кыргыздар кѳп нерселерди салыштыруу аркылуу таамай түшүндүргөн. Чубалжый баскан, узун бойлуу келинди “Кечки көлөкөдөй болгон келин экен” деген.
Көрүнгөндѳн кагуу жеп, жакшы сөз укпай, уят болгондорду “Элге жакшылык кылбаганын бүгүн түшүнгөндөй болду окшойт, тим эле ит талаган түлкүдөй кылышты” дейт.
Оңой менен кутулуп чыгалбай турган, азапка малынган, кордукка туш болгон кишини “Ай балам ай, акыры жөргөмүштүн торуна чалынган турбайсыңбы?” деди дейт.
Ниети бузулуп, сен жѳнүндѳ жакшылык ойлобой, эптеп бир ыгы келе калган жерде жамандык жасагысы келип жүргөн адамды “Анын дили карарды, алды-артыңды абайлап жүр” дейт.
Баягы байлыгынын бири жок, атургай үйлөрүнүн баарынан ажырап, боору менен сойлоп калды” дейт.