19-20-июль күндөрү Соң-Көл жайлоосунда "Акмөөр" фестивалы өттү. Фестивалда кыздар арасында сулуулук сынагы, кыз-жигит сармерден оюну, спорттук иш-чаралар менен коштолду.
Акмөөр жана Соң-Көл
1
"Акмөөр" фестивалындагы ыр майрам.
2
Тойдун алкагында “Улуу кыргыз көчү" аттуу театралдаштырылган көргөзмө өтүп, Акмөөрдүн Жантай ханга турмушка узатуу учуру элге сахналаштырылып көрсөтүлдү.
3
Жантай хан
4
Таш-Дөбө көрүүчүлөргө толду.
5
Конокторго керектүү азыктарды сунуштаган боз үйлөрдөн куралган дүкөн катар.
6
Тойдун негизги көңүлү “Акмөөр сулуусу-2019” сынагына бөлүндү. Бул сынакта Кыргызстандын булуң-бурчунан келген кыздар өнөрлөрүн көрсөтүштү.
7
Жайлоодогу балалык.
8
Спорттук иш-чара менен коштолгон фестивалда эр эңиш боюнча мелдештер кызуу уланды.
9
Кыя тиштеп камчыны, балбандар кирди күрөшкө.
10
Соң-Көл
11
Жумгал районунун көкбөрү командасы.
12
Эрендердин иши батасыз жүрбөйт.
13
Көкбөрүнүн финалдык оюнун "Соң-Көл" жана "Эмгек-Талаа" командалары кызытты.
14
Карысы бардын ырысы бар.
15
Фестивалдын алкагында Ак-Талаа районунун кыздары менен Кемин районунун мырзалары арасында кыз-жигит сармерден ыр сынагы өттү.
16
Келечектеги мүңүшкөр.
17
Ар бир таң Соң-Көл менен башталат.
18
Жайлоодо күнүмдүк жумуш фестиваль учурунда күчөйт.
19
Суу өмүрдүн булагы.
20
Мөңгүнүн муздак суусу уйкуну качырат.