Орусиянын аскердик чалгын кызматы (ГРУ) абактагыларды "Шторм Z" деп таанылган курчоочу отряддарга тарткан.
ГРУ бул отряддарды каржылап, жоготуулар тууралуу маалымат топтогону "Система" иликтөө долбоорунун "Арбактарды кыруу. Орус абагында жаткандар Украинада кантип согушту" деген тасмасында кеп болот.
Абактагылар Украинадагы согушка тартылып жатканы 2022-жылы "Вагнер" аскердик жеке компаниясы өз катарына зэктерди топтой баштаганда белгилүү болгон. 2023-жылы февралда абактагыларды фронтко жиберүү боюнча башкы монополист Коргоо министрлиги болуп калды.
"Шторм Z" долбоорунун жетекчиликке алуу милдетинин жарымы Түштүк аскер округунун түзүмдөрүнө жүктөлгөн: согушкерлерди даярдоо, документ иштерин (анын ичинде каржылоо) 8-гвардиялык армиянын эки аскер бөлүгү менен "Курчоочу жана чыңдоо бөлүктөрүн колдонуу үчүн даярдоо борборлору" жүргүзгөн. Акыркысы зэк-курчоочулардын тактикасына да жооп берген.
Борбор Аскерлердин бириккен тобунун ичинде түзүлүп, адегенде генерал Сергей Суровикин, андан кийин Башкы штабдын башчысы Валерий Герасимов жетектеген "СВОнун" "акыл түйүнү" катары кызмат кылган.
"Шторм Z" отряддарынын дагы бир башкаруучу органы Москвада жайгашкан ГРУнун аскердик чалгыны.
"Системанын" колуна абактагылардын келишимдери өзгөчө жашыруун грифи менен белгиленип, ГРУнун атайын архивинде сакталарын көрсөткөн документтер тийген.
Каза болгон зэктер жөнүндө маалыматтарды жогоруда айткан 8-армия жашыруун почта аркылуу Башкы штабдын Жогорку бөлүмүнө (ГУ ГШ, азыркы аталышы ГРУ) жиберип турган.
"Каржылоо, курчоочу ротанын "Z" ыктыярчыларына ар кандай төлөмдөрдү жүргүзүү 45 807-москвалык аскердик бөлүккө жүктөлгөн", - деп айтылат 8-армиянын полковниги Сергей Иванов кол койгон документте. Бул аскердик бөлүктүн дареги да көрсөтүлгөн: Москва, Хорошев шоссеси, 76б. Ушул эле даректе ГРУнун штаб-квартирасы жайгашкан, 45 807 - бөлүгүнүн командири - ГРУнун башчысы Игорь Костюков.
"Арабактарды кыруу" тасмасында "Шторм Z" расмий долбоору Башкы штабдын жетекчисинин буйругу 2023-жылдын 24-февралдагы буйругу менен түзүлгөнү айтылат. Ошол эле маалда 2023-жылы февралда ГРУ жана Коргоо министрлиги "Ыктыярдуу корпус" аттуу жалданмачылардын бирдиктүү структурасын түзүшкөн. Ага "ыктыярчылар" деген макамы бар согушкерлерден турган отряддар да кирген: БАРС (Өлкөнүн армиялык резерви) жана ондогон "Редут" жеке аскердик компаниялары.
"Шторм Z" отрядындагы мурдагы соттолгондор Украинада ошол эле статуста "ыктыярдуу" келишимдерди түзүшкөн. Анда бир катар чектөөлөр барын көрүүгө болот, айталы соттолгондор келишимди өз каалоосу менен буза алган эмес, арзыбаган айлык жана азыноолак жеңилдиктерди алышкан.
2023-жылы февралда ГРУ дээрлик бардык "ыктыярдуу" бөлүктөрүнүн куратору катары өз статусун бекиткен, көрүнүп тургандай "Шторм Z" акыркысы эмес.
Орусиянын бийлиги абактагылардын аскердик кызматы тууралуу эмнени жаап-жашырат? Жооптор бул тасмада.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин 2024-жылы берген маалыматына караганда, Орусиянын түрмөлөрүндө 1,5 миңге чукул кыргыз жараны отурат. Алардын басымдуу бөлүгү Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 228.1-беренесинин 4-бөлүгү ("баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун адамдардын тобу тарабынан ири өлчөмдө сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү") менен күнөөлүү деп табылган. Жогорудагы берене боюнча орус соту бир миллион рублга чейин айып пул же 10дон 20 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасын чегерет. Башкача айтканда, бул берене өзгөчө оор кылмыштар үчүн коюлат.
Шерине