Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:51

Грузия: Парламент менен президентти тирештирген мыйзам


Грузиянын өкмөт башчысы Ираклий Кобахидзе менен Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили. 26-май, Тбилиси.
Грузиянын өкмөт башчысы Ираклий Кобахидзе менен Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили. 26-май, Тбилиси.

Грузиянын парламенти “чет элдик агент” тууралуу мыйзамга коюлган президенттин ветосун 28-майда жокко чыгарды. Бул чечим парламент алдында чогулган миңдеген адамдын наарызылыгын күчөтүп, өлкөнүн Евробиримдикке алган багытын коркунучка кептеди.

Москва менен ымаласы жакын олигарх Бидзина Иванишвили негиздеген “Грузин кыялы” партиясы "Демократиялык Грузия" кыймылы менен бирге парламенттеги 150 орундун 84үн ээлейт.

Президенттин ветосун жокко чыгаруу үчүн 76 мыйзам чыгаруучунун добушу жетиштүү болду.

Талкуу сегиз сааттай уланып, оппозициялык жана бийликчил депутаттар ортосунда кайрадан кайым айтышуу да болду.

Трибунада сүйлөп жаткан жеринен оппозиционер депутат Георгий Вашадзеге суу чачып жиберишти.

Мындай кадамга барган бийликчил депутат Ирма Заврадашвилиге жооп берип Вашадзе «чет элдик агент» мыйзамын кабыл алууга мажбурлап жаткан депутаттарды «саткындар» деп айыптады.

Талаштуу мыйзамга грузин президенти Саломе Зурабишвили 18-майда вето койгон. "Конституциябызга жана европалык стандарттарга каршы келет. Ошондуктан биздин европалык багытыбызга тоскоолдук жаратат", - деген Зурабишвили.

Эми жаңы кабыл алынган мыйзамга кайра президент кол коюшу керек. Ал баш тартса, парламент спикери, "Грузин кыялы" партиясынын мүчөсү Шалва Папуашвили ага кол коюп, жарыялай алат.

Парламентте вето маселеси каралып жаткан маалда имараттын алдында “чет элдик агент” мыйзамына каршы акцияга чыккандар турду. Негизинен жаштардан турган демонстранттар "Орусиялык мыйзамга жок!", "Кулдар" деп кыйкырып турушту.

“Бир жарым айдан бери ушул жерге кесиптештерим, үй-бүлөм менен чыгып жатам. Дүйнөнүн прогрессивдик бөлүгү биз тарапта. Ошондуктан бүгүн бул мыйзамды артка кайтаруу жана өлкөдөгү орусиялык режимге чекит коюу максатына жете албасак да, сөзсүз октябрдагы шайлоодо жетебиз” - дейт митингдин катышуучуларынын бири.

Тбилисидеги акцияга өлкөнүн ар кайсы аймактарынан да келип жатышат. Диликаури айылынан келген бир жаран өз пикири менен бөлүштү:

“Мындай Грузия үчүн күрөшкөн эмесмин. Мен 1989-жылдагы митингдин катышуучусумун. Биз бул жерге карыганча чыгабызбы? Жаштарды ойлоп жүрүп бүттүк. Алардын келечеги кең болушу керек. Алга, Европага! Орусиялык мыйзамга жол жок. Орусиянын кыялдарына жол жок. Алар өлкөдөн чыгып кетиш керек” - дейт ал.

Бир катар белгилүү инсандар социалдык тармактарда да өз пикирлерин билдирип, бул күн Грузиянын тарыхында "каргашалуу күн катары" каларын белгилеп жатышат. Атактуу фотограф Гоча Чанадри “Грузин кыялынын" депутаттарына кайрылды.

“Орусиядагы душмандарга эмес, Европадагы досторго кулак салгыла. Парламентте жана өкмөттө өмүр бою отурбайсыңар. Бийликтен кеткенден кийин көчөдө басып, эл менен аралаша албай каласыңар”-деп жазды ал. Ал эми “Гирчи - көбүрөөк эркиндик” партиясынын лидери Зураб Джапаридзе “бул тарыхтын шылдыңына айланган күндүн бири болчудай” деген ою менен бөлүштү.

"Орусияныкына окшош" деп сындалган талаштуу мыйзамга каршы демонстрациялар Грузияда бир жарым айдан бери уланууда. Жарандык коом, оппозиция бул мыйзам Конституцияга каршы келип, өлкөнүн Евробиримдикке карай алган багытына балта чабарын эскертүүдө. Мыйзамга ылайык, каржысынын 20% чет жактан алган бейөкмөт уюмдар жана маалымат каражаттары “чет элдик агент” катары катоодон өтүүгө милдеттүү.

Бийликтин жүйөсү

"Грузин кыялы" партиясы бул мыйзамды кабыл алуу менен өлкөнүн келечегин сактоо максатын жүйө келтирет.

"Ооба, биз протесттер болуп жатканын көрүп турабыз. Бирок бул калктын баары дегенди билдирбейт жана бул грузин коомунун баарынын пикири эмес. Башкача ойлонгондор бар. Парламент мүчөлөрү бул өлкөдүгү туруктуулук үчүн баарын кылат деп эсептегендер бар. Алар бул биз кыла турган эң маанилүү иштердин бири деп ойлошот", - дейт Евробиримдикке интеграция боюнча парламенттик комитеттин төрайымы Мака Бочоришвили.

Бул Грузия бийлигинин “чет элдик агент” мыйзамын парламент аркылуу кабыл алдыруунун экинчи аракети. 2023-жылдын мартында жапырт нааразылык акцияларынан улам документти артка кайтарууга аргасыз болгон.

“Грузин кыялы” партиясы бул мыйзам грант алуучулардын каржысынын ачык-айкындыгын камсыздарын билдирип келет.

Парламент спикери Шалва Папуашвилинин айтымында, бийликти баарынан да эки чет элдик фонддун ишмердиги кызыктырууда. Алардын бири - 2013-жылы негизделген “Демократия үчүн Европа фонду”, ал эми экинчиси - АКШ Конгресси каржылаган, 1983-жылы түптөлгөн “Демократияны колдоо боюнча улуттук фонд”.

Бийликтин версиясына караганда, дал ушул эки фонд өлкөдөгү “радикалдуу” бейөкмөт уюмдардын жана Грузиядагы каршылык акцияларынын артында турат.

Евробиримдик визасыз режимди жоёбу?

Батыш мамлекеттери, анын ичинде АКШ менен Евробиримдик мыйзам кабыл алынса кесепети оор болорун буга чейин эле грузин өкмөтүнө эскертишкен. 27- майда Еврошаркетке кирген жети мамлекет– Чехия, Эстония, Латвия, Литва, Франция, Нидерланд жана Польшанын парламент спикерлери биргелешкен билдирүү таратып, грузин депутаттарын бул мыйзамды жокко чыгарууга чакырышкан.

Спикер Шалва Папуашвилинин дарегине жазылган билдирүүдө Грузияда болуп жаткан окуялар “тынчсыздандырарын”, ал эми грузин өкмөтүнүн аракеттери Тбилиси сыйлоого милдеттенген баалуулуктарга жана принциптерге каршы келери белгиленген.

Тбилиси көп жылдан бери кыялданып жүргөн Евробиримдикке кошулууга талапкер мамлекет макамын былтыр декабрда алган. Эми шаркетке кирүү тууралуу узак сүйлөшүүлөр башталмак. Бул процесс быйыл жыл соңунда башталары күтүлүп жаткан.

27-майдын таңында X социалдык түйүнүнө жазган билдирүүсүндө шаркеттин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррель “Чет элдик агент тууралуу мыйзам Евробиримдиктин баалуулуктарына туура келбейт. Эгер ал кабыл алынса Грузиянын Евробиримдикке карай алган багытына кедергисин тийгизет. Биз шаркеттин реакциясын талкуулап, июндагы Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынында чечим кабыл алабыз. Октябрдагы шайлоо - Грузиянын Евробиримдиктеги келечеги боюнча сыноо” - деп жазды.

Ал эми Кошмо Штаттар "чет элдик агент" мыйзамына байланыштуу Грузия менен алакасын караштырат жана өкмөт өкүлдөрүнө санкция салат. Бул тууралуу 23-майда АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен билдирди.

"Грузияда 2024-жылдын октябрь айында өтө турчу шайлоо алдында, учурунда жана андан кийин, дегеле демократиялык жараяндарга жана институттарга тоскоолдук жараткандар АКШга кирүү үчүн виза алуу укугунан ажыратылат. Мындай адамдардын жакынкы үй-бүлө мүчөлөрү дагы ушундай эле чектөөлөргө кабылат", - деп жазылат Мамдепартаменттин сайтына жарыяланган билдирүүдө.

Грузиядагы жарандык коом көптөгөн жылдардан бери өлкөнү Орусиянын таасиринен алып чыгууну көздөп келет. Орусия 2008-жылкы беш күндүк согуштан кийин Грузиядан өз алдынчалык жарыялап алган Түштүк Осетия менен Абхазия аймактарынын көз карандысыздыгын таанып, ал жактарда миңдеген аскерин кармап келет.

Кыргызстанда да талаштуу “чет элдик өкүл” мыйзамына президент Садыр Жапаров 2-апрелде кол койгон жана “өкмөттүк эмес уюмдарга куугунтук болбойт” деп ишендирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG