Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:11

Равшан Жээнбеков талапкер боло алабы?  


Равшан Жээнбеков БШКга алып келинди. 2021-жылдын 12-октябры.
Равшан Жээнбеков БШКга алып келинди. 2021-жылдын 12-октябры.

Абактагы оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбеков парламенттик шайлоого талапкер болуп катталуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз тапшырды.

12-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясына Равшан Жээнбековду абак кызматкерлери коштоп келди. Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып жаткан саясатчы парламенттик шайлоого Бишкек шаарынын Ленин районунан талапкер болууга арыз тапшырды.

Жээнбеков талапкер болуп катталууга мыйзам жол берерин айтып, “эгер каттабай койсо, бийликтин каршылаштарына бут тосуу аракети катары бааланат” дейт.

Равшан Жээнбеков БШКда. 2021-жылдын 12-октябры.
Равшан Жээнбеков БШКда. 2021-жылдын 12-октябры.

“Азырынча таза шайлоо өтүшүнө ишенич жок. Оппоненттерин камап салып кантип таза шайлоо өткөрөт? Курсан (Асанов), Жеңишти (Молдокматов) камады. Шайлоого мурдагы "кошоматчылар", "базарчылар" баратат. Мен элден суранам, бизге окшогон оппозицияны, эркин саясатчыларды шайлагыла! Оппозиция парламентке келсин!”,- деди Жээнбеков.

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров “Жээнбековдун орду түрмө эмес, парламентте катталсын!” деген баракча көтөрүп, БШКнын алдында жалгыз акция өткөрдү.

Активист Жээнбековдун парламенттик шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк аларына ишенбей турат.

Өндүрүш Токтонасыров.
Өндүрүш Токтонасыров.

“Жапаров “мен бүт күч аракетимди куугунтукка эмес, элди бириктирүүгө жумшайм” деген. Президент мырза куугунтук качан токтойт? Айтканды жасаш керек. Мен парламентке Жээнбековдой эркин пикирин билдирген адамдар келишин талап кылам”, - деди жарандык активист.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев Жээнбеков толук документтерин тапшырып бүткөндөн кийин гана анын талапкер болуп катталуусу жөнүндө чечим чыгарыларын “Азаттыкка” билдирди.

“Азыр документтери толук тапшырылдыбы, ошол текшерилет. Күрө акчаны төгүшү керек. Толук документтерин тапшырып бүткөн 10 күндөн кийин чечим чыгарылат”, - деди Жылкыбаев.

Саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев Жээнбековдун тарапташтарынын саясий куугунтук болуп жатат дегенине мындай жооп берди:

Алмаз Акматалиев.
Алмаз Акматалиев.

“Ал оппозициялык саясатчы. Ошентип айтып, саясий упай топтогонго аракет кылышы керек. Эгерде мыйзам жол берсе, катышат. Азыр БШК карап жатат. Анан чечим чыгарылат. Баары мыйзам чегинде болушу керек”.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы төрагасы, коомдук ишмер Мамбетжунус Абылов Кыргызстандын эгемен тарыхында кайсы бир кылмышка шектелип жаткан оппозициялык саясатчы шайлоодо талапкер болуп катышкан учурлар болгонун айтууда. Абылов каршылаштарына саясий жарышка катышууга мүмкүнчүлүк түзүү менен бийлик шайлоолонун акыйкаттуулугун бекемдейт деген пикирин айтты.

“Соттун өкүмү жок экен, каттоого ала берсин. Талапкер болгондон кийин ошол жактан өткөрбөй койгонго бийликтин мүмкүнчүлүгү бар. “Мыйзамды сактап талапкер кылдык, эл колдобогондуктан өтпөй калды” деп коймок. Бирок, мындай кадамды жасоо үчүн бийликтин айланасында терең ойлонгондор болушу керек. Азыр таптакыр эле каршылаштарына кескин чара колдонуп жатат”, - деди Мамбетжунус Абылов.

Кыргызстанда абакта жатып шайлоого катышуу үчүн арыз берген оппозициячыл саясатчылар көп эле болгон. Бирок, көпчүлүк учурда ар кандай жүйө менен талапкер болуп катталбай калат.

Маселен, 2017-жылы абакта жаткан Өмүрбек Текебев арыз берип, кала берсе кыргыз тилинен тест тапшырууга уруксат алганы менен Боршайком каттоого алуудан баш тарткан. Ошол жылы абакта жаткан азыркы президент Садыр Жапаров дагы арыз таштап, бирок соттолгонуна байланыштуу деген жүйө менен жарышка катыша алган эмес. Ал эми 2000-2005-жылдары үй камагындагы талапкер Ишенбай Кадырбеков Нарындын Ат-Башы районунан парламентке депутат болуп келген.

Равшан Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, 2019-жылдын 12-декабрында камакка алынган. Былтыр парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык учурунда, 6-октябрдын түнүндө абактан бошотулган.

Сот саясатчы үй камагынын талаптарын бузганын жүйө келтирип, быйыл 5-августта кайра №1 тергөө абагына камакка алган. Жээнбеков өзүнө коюлган айыпты саясий куугунтук деп келет.

Азырынча Жээнбеков абакта жаткандардан шайлоого катышууга арыз берген жалгыз саясатчы. Анын талапкерлиги катталса, үй камагына чыгарылары дагы белгисиз.

Парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Талапкер болууну каалагандар арызын 13-октябрга чейин бериши зарыл.

Парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан катышуу ниетин билдирип, Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз тапшыргандар 12-октябрга карата 228 адамга жетти. Арыз бергендердин көбү өзүн-өзү көрсөткөндөр.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG