Буга чейин Баткен облусунун Кадамжай районундагы Майдан айылында Шамбесай алтын кенинин айынан чыккан чатакта милиция аялдарды камоого аракет кылган видео Интернетке тараган.
Видеодо милиция кызматкерлери сүйрөп бараткан аял жергиликтүү активист Турсунай Топчубаева болуп чыкты. Ал милиция менен каршылашууга алып келген талаш тууралуу буларды айтты:
- “Биздин уруксатыбыз жок, эмне үчүн экспертизага үлгү аласыңар?” деп чыкканбыз. Каршылык көргөзгөнүбүздө милицияга “кармагыла” деген буйрук берилди. Алар бизди бир-бирден кармап, машинесине алып баратканда эл көтөрүлдү. Милициянын колунан бошотуп алышты. Азыр абал тынч, бирок милиция кызматкерлери түшүнүк кат жаздырыш үчүн үйгө келишиптир. Башкалар жазбаптыр. Мен үйдө жок элем.
24-октябрда ички иштер министри Кашкар Жунусалиев басма сөз жыйынын өткөрүп, Шамбесай кениндеги чыр боюнча маалымат берген. Ал жергиликтүү тургундардын аракетин мыйзамсыз деп баалап, мындан ары элдин мыйзамсыз аракеттерине чара көрүлөрүн эскерткен:
- Кадамжай районунун акими менен кошо эксперттик топ Майдан айылына барган. Эксперттик топ суунун, топурактын үлгүсүн алып, изилдөө ишин жүргүзмөк. Эл “анализге үлгүнү бербейбиз” деп мыйзамды бузган. Бул туура эмес көз караш. Алгач эксперттер үлгүнү алсын, изилдешсин, экспертизанын корутундусун берсин. Ошого карап тыянак чыгарышсын да. Мыйзамды ар бир жаран сыйлашы керек. Ошондо биз мамлекет болуп эсептелебиз. Мыйзамды бузууга эч кимге, эч качан уруксат бербейбиз. Бузгандардын баарына чара көрөбүз.
Анткен менен жергиликтүү тургундар арасында Шамбесай алтын кенинин ачылышына каршы чыккандар дагы эле көп. Жергиликтүү активисттердин бири атын жашыруун калтырууну суранып, майдандыктарды каршылыкка түрткөн экологиялык талаштан тышкары экономикалык жагдайлар да бар экенин билдирди:
- Шамбесай алтын кени союз убагында изилденип, анда 30 тоннага жакын алтын кору бар экени аныкталган. 2011-жылы 16 тонна алтын бар экени айтылган. Азыркы күндө 8 тоннага түшүп калды. Демек, аткаминерлер Шамбесайдагы алтынды казбай туруп жеп коюшту. Экинчиден, Шамбесайда Кыргызстандын 1 грамм үлүшү жок. Кен буга чейин эле сатылган. Мен таанышкан кагаздарда ушундай. Майдан айылынан өткөн Исфайрам суусун 150 миң адам ичет. Биз дагы сууну ошол ачык арыктан ичебиз. Эртең алтын кени ачылса, андагы сымап, цианид ушул сууга агып түшөт деп чочулап турабыз.
Майдан айылынын дагы бир тургуну Жеңишбек Азимбаевдин айтымында, буга чейин ушундай демилгелер айрым саясий күчтөрдүн тоскоолдугу менен өтпөй келген.
- Бул жерде жалаң эле Шамбесай эмес. Бизде Бел-Алма деген чоң көмүр бассейни бар. Тегирменде да алтын бар. Бирок төлөмдөр элге ачык айтылбай жатат. Кайсы кен ишкерге кандай шартта берилгендиги, өлкөгө, жергиликтүү элге кандай пайда келтирери тууралуу кенен түшүнүктү эч ким бербей жатат. Ачык жыйындарды өткөрүүгө ошол кызыкчылыгы бар аткаминерлер тоскоолдук кылып жатышат.
23-октябрда Шамбесай кени боюнча топурак менен сууну иликтеш үчүн адистер барганда 50-60 жергиликтүү тургун ага нааразылык билдирген. Эксперттер менен бирге ал жакка жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да барышкан.
Шамбесай кенин иштетүүгө каршы чыккан жергиликтүү тургундардын нааразылыгы көптөн бери токтобой келет. Шамбесайда болжол менен сегиз тоннага жакын алтын бар экени расмий айтылууда.
Кенди чалгындоо 2007-жылы башталып, 2012-жылы аны казууга лицензия берилген. Ошондон бери кендин кожоюндары бир канча жолу алмашкан. Учурда кенди иштетүүгө кытайлык “Тианди” компаниясы уруксат алган.