Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:23
Ош шаарында тешик маска кийип, шайлоого келген адамдар. 11-апрель, 2021-жыл.
Ош шаарында тешик маска кийип, шайлоого келген адамдар. 11-апрель, 2021-жыл.

Акча таратуу жана басым байкалган шайлоо

Шайлоодогу мыйзам бузуулар

11-апрелде 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайлоо өттү. Ушул эле күнү президенттик башкарууга ыктаган Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлду. Добуш берүүнүн жүрүшүндө ар кыл мыйзам бузуулар тууралуу маалыматтар катталды.

17:41 11.4.2021

Кыргызстандагы шайлоого байкоо салып жаткан “Жалпы иш” уюму саат 14:00гө чейин мыйзам бузулушу мүмкүн делген элүү учур катталганын кабарлады. Алардын 31и Бишкек, 19у Ош шаарында. Уюм жыйырмадай шайлоо тилкелериндеги добуш берүү жараянын, добуш берүү купуялыгын бузуу жана байкоочулардын укугун басмырлоо боюнча тийиштүү органдарга арыз жөнөттү.

Өлкө боюнча “Жалпы иш” уюмунун 370 байкоочусу шайлоо жана референдумга көз салып жатат.

Ош шаарында жана облуста саат 15:00гө карата шайлоого байланыштуу мыйзам бузуу жөнүндө 21 маалымат милицияда катталды. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) мыйзам бузууга байланыштуу жалпы 106 арыз каралып жатканын билдирген.

11-апрелде 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо өтүүдө. Ошондой эле Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлду.

17:53 11.4.2021

17:58 11.4.2021

"Реформа" партиясы Бишкек шаардык кеңешине көчмө добуш берүү учурундагы мыйзам бузуулар боюнча билдирүү таратты.

Аталган партия көчмө добуш берүүдө үй жана квартал комитеттеринин төрагаларынын шайлоочулардын атынан арыз беришин – административдик ресурс катары баалап жатат.

Мындан сырткары, сырттан добуш берген шайлоочулардын арызы мыйзамга шайкеш келер-келбесин текшерүүнү, аны текшерген топко саясий партиялардын өкүлдөрүн кошууну суранды.

Көчмө шайлоодо Бишкектеги бир нече добушканалардагы эреже бузуулар боюнча Аймактык шайлоо комиссиясынын отурумун өткөрүүгө чакырды.

Бишкек боюнча 10-апрелдеги добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну, ал күнү административдик ресурс колдонду деген жана башка орой мыйзам бузууга жол берген саясий партиялар менен талапкерлерге чара көрүүнү талап кылган.

11-апрелдеги жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдумга келе албаган жарандар 10-апрелде көчмө үкөктөр аркылуу добуш беришкен. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, тыштан добуш берүү мүмкүнчүлүгүн алуу арызы менен 4970 адам кайрылган. Алардын ичинен арызды өз алдынча же болбосо жакындары аркылуу берип жибергендердин саны 648 адамды түзгөн. 4 322 арыз үй жана квартал комитеттеринин жетекчилери аркылуу берилгени кабарланды.

18:13 11.4.2021

«Улуттар биримдиги» саясий партиясынын лидери Мелис Мырзакматов Ош шаардык кеңешине шайлоо мыйзам бузуулар менен өтүп жатканын айтып, президент Садыр Жапаровго кайрылды.

Мырзакматов мыйзамды сактоого эмес, бузууга шарт түзүп жатат деп жергиликтүү бийликти айыптады. Экс-мэр бул тууралуу “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.

«Социалдык тармактарда, массалык маалымат каражаттарындагы журналисттердин материалдарында добуш сатып алуу, административдик ресурс колдонулуп жатканы жөнүндө маалыматтар жайнады. Тилекке каршы мындай көрүнүш бийликтин алмашуусуна себепкер болгон 2020-жылдын 4-октябрында өткөн “бандиттик шайлоону” эске салып жатат», - деди Мырзакматов.

Мырзакматов шаарда мамлекеттик органдар бир партиянын кызыкчылыгына иштеп жатканын айтты, бирок партиянын атын атаган жок. Ал президентти мыйзам бузууларга каршы чара көрүүгө чакырган.

11-апрелде өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоодо Ош шаардык кеңешине тогуз партия ат салышууда. Алар: «Ата-Журт Кыргызстан», «Улуттар биримдиги», «Бүтүн Кыргызстан», «Ишеним», «Бир Бол», «Ыйман нуру», «Ынтымак», «Улуу журт» «Республика». Ош шаардык кеңешиндеги 45 мандат үчүн тогуз партиядан 702 талапкер катталган.

«Улуттар биримдиги» партиясынын лидери — Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов. Ал кызматта турган учурда 2010-жылы жергиликтүү шайлоодо партиясы 21 мандатка ээ болгон. Кийин партия өз алдынча бир да шайлоого катышкан эмес. Ага Мелис Мырзакматовдун чет өлкөгө чыгып кеткени себеп болгон.

Мырзакматов 2020-жылы октябрь айында бийлик алмашып, Ошто так талашуу болуп жаткан учурда Кыргызстанга кайтып келген.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG