Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:58

Бир нече партия кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылууда

11-апрелде 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо болду.

Ушул эле күнү президенттик башкарууга ыктаган Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлду.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча жалпы элдик референдумда 3 606 201 жаран добуш берүүгө укуктуу.

Жалпы шайлоочулардын 30% катышса, референдум өттү деп эсептелет.

Референдумду өткөрүү үчүн 2483 шайлоо тилкеси ачылды. Анын 48и чет мамлекеттерде.

22:45 11.4.2021

22:38 11.4.2021

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдумдун баштапкы жыйынтыгы тууралуу маалымат берип жатат.

Анын билдирүүсүндө, референдумга 3 606 225 шайлоочунун тизмеси катталган болсо, 21.30га карата добуш берүүгө 1 294 776 киши келди. Бул - шайлоочулардын 35,30% түзөт. Бюллетендердин 1 204 946 жарактуу (93%), жараксызы 89 830 (6,94%) болду.

Жалпысынан Кыргызстанда жана чет мамлекеттердеги добуш берүүнүн баштапкы жыйынтыгы боюнча Конституцияны өзгөртүүнү 1 26 917 шайлоочу (79,31%) колдоду. Каршы добуш бергендер 176 701 кишини же 13,65% түздү.

92% шайлоо тилкелеринен маалыматтар келип түштү. Добуштарды эсептөө уланууда.

22:38 11.4.2021

11-апрелдеги жергиликтүү кеңештерге шайлоо буга чейинки шайлоолордон айырмасы болбогонун "Реформа" партиясынын лидери Эльдар Абакиров добуш берүү аяктагандан кийин билдирди:

"Бул жолу да бийликтин партиялары менен акча утту".

11-апрелдеги жергиликтүү кеңештерге шайлоодо добуштарды сатып алуу аракети, административдик ресурс, акча таратуу жана башка мыйзам бузуулар болгонун добуш берүүгө көз салып турган байкоочулар да билдиришкен.

ИИМ шайлоо учурунда одоно мыйзам бузуулар катталбаганын билдирүүдө. Министр Улан Ниязбековдун добуш берүү аяктагандан кийинки брифингде маалымдаганы боюнча, жалпысынан милицияга 70 маалымат түшкөн. Анын ичинде 30 факты тастыкалган эмес. Министр байкоочулар, саясий партиялардын өкүлдөрү, активисттер тарабынан белгиленген мыйзам бузуулар тууралуу маалыматтардын баары иликтене турганын айтты.

Бүгүн, 11-апрелде Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана Баш мыйзамдын жаңы долбоору боюнча референдумга добуш берүү болду.

21:29 11.4.2021

11-апрелдеги жергиликтүү кеңештердин шайлоонун баштапкы жыйынтыгы боюнча Жалал-Абад шаарында «Ата Журт Кыргызстан» партиясы алдыда келе жатат. «Шайлоо» автоматташтырылган системасындагы азыркы учурдагы эсеп боюнча, «Ата Журт Кыргызстан» партиясы 60,55 %, «Өнүгүү Прогресс» партиясы 13.67%, «Ыйман Нуру» 11,61% добуш менен алдыда келе жатат. Калган партиялар шаардык кеңешке өтүү босогосу болгон 7% чектен аша элек.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG