Ош шаардык кеңешине шайлоонун баштапкы жыйынтыгы жарыяланды. Борбордук шайлоо комиссиясынын автоматтык эсебине караганда, ушу тапта добуштардын 80,77% саналды.
Анын жыйынтыгы боюнча төрт партиянын алган добуштары 7% чектен ашты. "Ата-Журт Кыргызстан" 48,82%, "Улуттар Биримдиги" 17,79%, "Ыйман Нуру" 8,38%, "Ынтымак" 7.03% добуш алганы белгилүү болду. Бул акыркы жыйынтык эмес. Добуштарды эсептөө уланып жатат.
Бишкек шаардык кеңешине шайлоонун баштапкы жыйынтыгына караганда, алты партия 7% чектен өттү.
Алар:
- "Эмгек" — 13.81%
- "Ак Бата" — 12,55%
- НДПК — 10,52%
- "Ата-Журт Кыргызстан" — 10,19%
- "Биздин Эл" — 7,87%
- "Ынтымак" — 7,46% партиялары.
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, саат 20.31ге карата добуштардын 65,79% эсептелип бүттү. Добуш саноо уланып жатат. Шайлоо жыйынтыгы улам жаңыланып турат.