11-апрелде Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана Баш мыйзамдын жаңы долбоору боюнча референдумда административдик басым болбогонун вице-премьер-министр Улукбек Карымшаков брифингде билдирди:
“Алдын ала маалыматтар боюнча бүгүнкү добуш бергендердин саны жалпы шайлоочулардын 30% көбүн түздү. Бул - референдум өттү дегенди билдирет. Шайлоочулар жүрөгүндөгү ойлорун ишке ашырышты. Бийлик тарабынан эч кандай административдик ресурс колдонуу фактылары болгон жок деп терең ишенем”.
Карымшаков шайлоодо одоно мыйзам бузуулар болбогонун белгилеп, жер-жерлерден келип түшкөн дооматтар иликтене турганын кошумчалады.
Бүгүн, 11-апрелде Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана Баш мыйзамдын жаңы долбоору боюнча референдумга добуш берүү болду.