Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:13

Бир нече партия кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылууда

11-апрелде 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо болду.

Ушул эле күнү президенттик башкарууга ыктаган Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлду.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча жалпы элдик референдумда 3 606 201 жаран добуш берүүгө укуктуу.

Жалпы шайлоочулардын 30% катышса, референдум өттү деп эсептелет.

Референдумду өткөрүү үчүн 2483 шайлоо тилкеси ачылды. Анын 48и чет мамлекеттерде.

20:53 11.4.2021

11-апрелдеги жергиликтүү кеңештердин шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча Бишкек шаарында «Эмгек» партиясы алдыда келе жатат.

«Шайлоо» автоматташтарылган системасындагы азыркы учурдагы эсеп боюнча, «Эмгек» партиясы 13,88 %, «Ак Бата» партиясы 12.31%, НДПК 10,70%, «Ата Журт Кыргызстан» партиясы 10,21%, «Ынтымак» партиясы 7,99 % «Биздин Эл» 7,83%, добуш менен алдыда. Калган партиялар шаардык кеңешке өтүү босогосу катары көрсөтүлгөн 7% чектен өтө элек.

20:43 11.4.2021

БШКнын 11-апрель, саат 20:00ге карата берген баштапкы маалыматына ылайык, Конституциянын жаңы редакциясын колдоп 543 270 шайлоочу добуш берди.

Ал эми 92 836 (12,95%) шайлоочу Баш мыйзамдын жаңы долбоорун колдогон эмес.

Бүгүн, 11-апрелде Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана Баш мыйзамдын жаңы долбоору боюнча референдумга добуш берүү болду.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, добуш берүү өлкөнүн бардык аймактарында, 2 435 шайлоо участогунда жүрдү. Ошондой эле өлкөдөн тышкары чет өлкөлөрдө 48 шайлоо тилкесинде да референдумга добуш берүү болду.

Саат сегизге карата айрым чет өлкөлөрдөгү участокторду эске албаганда, бардык добушканаларда шайлоо аяктады.

20:42 11.4.2021

20:39 11.4.2021

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG