Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:08

Түштүк Кореяда кыргыздар ашыкча көп иштешет


Түштүк Кореядагы кыргыздар Инчхондо өткөн Азия оюндарында мекендештерин сүрөп жатышат.
Түштүк Кореядагы кыргыздар Инчхондо өткөн Азия оюндарында мекендештерин сүрөп жатышат.

Түштүк Кореяда үч жарым миңдей кыргыз жарандары бар экени айтылып келет. Алардын көбү ишканаларда, негизинен оор жана кооптуу жумуштарда иштешет. Мекендештердин көйгөлөрү жана ийгиликтери тууралуу Сеулдагы Кыргызстандын консулу Азиз Кыштобаев менен маектештик.

Азаттык: Түштүк Кореяда Кыргызстандын канча жараны бар?

Азиз Кыштобаев: Түштүк Кореядагы кыргыз жарандарынын саны болжол менен үч-үч жарым миң экени айтылып келет. Алардын миңге жакыны каттоосуз жүргөндөр. Мыйзамсыз жүргөндөрдүн көбү Түштүк Кореяга 2000-жылдардын башында кирип, ошол бойдон чыкпай калып калгандар.

Азаттык: Түштүк Кореядагы кыргызстандыктар негизинен эмне менен алектенишет, кандай жумуштарда иштешет?

Азиз Кыштобаев: Түштүк Кореянын жашоо деңгээли көтөрүлүп, өндүрүш тармагы күндөн күнгө өсүп жаткандыгына байланыштуу чет жактан жумушчу күчүн тартуу корей экономикасында такай уланып жаткан көрүнүш. Чет элдиктер көбүнчө ар кандай ишканаларда, негизинен оор жана кооптуу жумуштарда иштешет. 2006-жылдан тарта Кыргызстандан эмгек мигранттары атайын ишке орноштуруу боюнча уруксат берүү системасынын алкагында, эмгек келишимдери аркылуу келишет. Расмий квота менен келгендерге ишке орношуу жана алардын эмгек укуктарынын сакталышы тууралуу кепилдиктер берилет.

Эмгек мигранттары келээр алдында жумуштун шарттары, маяна, айып пул деген сыяктуу суроолорду камтыган атайын келишимге кол коюшат.

Түштүк Кореядагы кыргыздар
Түштүк Кореядагы кыргыздар

Кореяга келчү авиабилетти, корей тилин үйрөнүү борборуна төлөмдөрдү жана виза акысы сыяктуу чыгымдарды жумушка орношуп жаткан кыргыз жараны өзү төлөйт. Мындай система аркылуу келгендер жакшы корголот. Кореяга жөнөөр алдында кыргыз жарандары атайын даярдыктан өтүшөт, корей тилин үйрөнүшөт, Корея республикасынын мыйзамдары, үрп-адаттары жана техникалык коопсуздук эрежелери менен таанышышат. Аларга медициналык камсыздандыруу берилет, ошондой эле иш үстүндө же иштен тышкары кырсыктап калган учурда жардам көрсөтүү, учурунда айлык ала албай калган маалда чечип берүү боюнча кепилдик берилет. Кыргыз жумушчулары негизинен жатаканаларда жашашат. Тамак-аш жана атайын кийимдер дагы ишкана тарабынан берилет. Кыргызстандык эмгек мигранттар суткасына 12 саат, жумасына алты күн иштешет. Ашыкча иштөө адаттагы көрүнүш. Көбүрөөк акча табуу максатында, албетте, кыргызстандыктар андан да көп иштешет.

Орусия же Казакстандан айырмаланып бул жакта иштеген кыргыз жарандарынын көбүнүн жумуш шарттары жакшыраак, ошондой эле ишканалар чет элдик жумушчуларга жашоо шарттарын да жакшы түзүп бергенге аракет кылышат. Ал эми тескерисинче кемчиликтерин айтсак, жогорудагы эки өлкөгө салыштырмалуу бул жактын маданияты, тили жана менталитети тап такыр башка. Тил жагынан биздин мекендештерге КМШ өлкөлөрүндө көнүп кетүү оңой.

Ошондой эле иш ыргагы Кыргызстан менен Кореяда өтө айрымаланып турат. Кыргызстандын келген эмгек мигранттары оор жумушта, өтө тез иштөөгө көнгөн эмес. Кореяга акча табуу үчүн келген кыргыз жарандарынын көбү буга чейин такыр оор жумушта иштеп көрбөгөндөр. Ошол себептен айрымдары мындай оор жумушка чыдай алышпай, жеңилин табуу үчүн иш келишимин мөөнөтүнөн мурда токтотууга мажбур болушат. Бул кадам алардын мыйзамсыз жүргөн мигрантка айланышына түрктү берет.

Азаттык: Кореядагы кыргызстандыктардын негизги көйгөйлөрү кандай?

Азиз Кыштобаев: Негизги көйгөйлөр, албетте, ушул эле мыйзамсыз жүргөн кыргызстандыктар менен байланыштуу. Алардын басымдуу бөлүгү бул жакта такыр эле паспортсуз же эскирген паспорттор менен жүрүшөт. Түштүк Кореяда полиция документтерди жөн-жай текшерген учурлар өтө сейрек кездешет.

Экинчи маселе баарыңарга белгилүү корей жарандарына турмушка чыккан кыргызстандык кыздардын көйгөйлөрү. Биздин кыз-келиндер бул жерге келгенде ажырашып кетпейт, же күйөөсү үйүнөн кууп чыкпайт деген эч кандай кепилдик жок. Көпчүлүк кыздар корей жигиттерге материалдык кызыкчылыктан улам турмушка чыгууга макул болушат. Кийин бул жакка келгенде бир топ кыйынчылыктарга туш болушат. Алардын ичинде корей тилин, маданиятын, элдин каада-салтын билбестиги, жолдошу экөөнүн ортосундагы жаш айырмачылык да бар. Анткени көбү өзүнөн бир топ жаш улуу адамдарга күйөөгө тийишет. Мына ушундай маселелерден улам үй-бүлөсүндө уруш-талаштар, түшүнбөстүктөр башталат. Кыздардын көбү чыда албай кайра Кыргызстанга кетүүгө аракет кылышат, же болбосо ажырашып, Түштүк Кореяда калып, акча табууну көздөшөт. Албетте, алар кыйнала баштаганда эле элчиликке кайрылышат, алардын документтерин топтоп, ажыраштыруу процессине катышып, мекенге кайтууну каалагандарга билет маселесине чейин чечип бергенге аракет кылабыз.

Түштүк Кореядагы кыргыздар майрамдарда чогулуп спорттук иш-чараларды өтөкрүп турушат.
Түштүк Кореядагы кыргыздар майрамдарда чогулуп спорттук иш-чараларды өтөкрүп турушат.

Дагы бир көйгөй - иш берүүчүлөр менен кыргыз жумушчуларынын ортосунда чыккан талаштар. Негизинен бул айлык алуу, социалдык кызматтар же болбосо иштеги укуктук нормалардын сакталышы тууралуу документтер менен байланыштуу. Бул маселе боюнча да элчилик тиешелүү жардамдарды көрсөткөнгө аракет кылат.

Азаттык: Корей жергесиндеги кыргызстандыктардын жетишкендиктери деп эмнени айта аласыз?

Азиз Кыштобаев: Бир нече жыл мурда Түштүк Кореядагы кыргыз активисттер элчиликтин колдоосу менен “Биримдик” коомдук бирикмесин түзүшкөн. Уюм Сеул шаарынын райондорунун биринде атайын каттоодо турат.

“Биримдик” Түштүк Кореяда жашап, иштеп, окуган баардык кыргыз жарандарынын башын бириктиргенге аракет кылат. Уюм элчиликтин катышуусу менен ар кандай маданий, спорттук иш чараларды өткөрүп, ар кандай суроолор боюнча тегерек үстөлдөрдү өткөрүп турат. Мындан башка дагы чакан бирикмелер бар. Бул жактагы кыргыздар негизинен абдан ынтымактуу. Бири-бирине эле жардам бербестен, Кыргызстандагы ар кандай кайрымдуулук акцияларга катышып, жетим-жесирлерге, материалдык жактан муктаж болгондорго акча чогултуп жиберип турушат. Дүйнөгө аты чыккан фирмаларда иштеген мекендештерибиз бар, студенттер билим жаатында да бир топ ийгиликтерге жетишип жатышат.

XS
SM
MD
LG