Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:22

Баш сөөк желимден жасалды


Орусиядагы Мээ изилдөө борбору, Академгородок, Новосибирск, 04.01.2007
Орусиядагы Мээ изилдөө борбору, Академгородок, Новосибирск, 04.01.2007

Нидерланддык хирургдар дүйнөдө алгачкы жолу 3D (үч мерчемдүү) принтерден чыккан желим баш сөөктү бейтапка орнотту.

Голландиялык дарыгерлер толугу менен үч мерчемдүү, башкача айтканда, 3D принтерден чыккан желим баш сөөктү бейтапка орнотуу боюнча дүйнөдө алгачкы операция жасашты. Мындай операция 22 жаштагы баш сөөгү жабыркаган аялга жасалды.

Бейтап аялдын баш сөөгү калыңдап кеткендиктен ал мээни кысып, анын иштөөсүн жабыркаткан. Башында бул дарт жөн гана баш оору сыяктуу сезилген. Бирок бара-бара бейтаптын көзү начарлап, баскан-турганын көзөмөлдөй албай калган.

Бен Фервей баштаган неврологдор тобу бейтаптын баш сөөгүн үч мерчемдүү принтерден чыккан желим сөөк менен алмаштырууну чечкен. Утрехт университетинин Медицина борборунда 23 саатка созулган операция үч ай мурда ишке ашып, ийгиликтүү аяктаган. Бул окуя медицинанын тарыхына алгачкы жолу адамдын баш сөөгүн толук алмаштырган операция катары кирди.

Татаал операцияга чейин доктор Фервей буларга токтолду:

Баш сөөктүн алдыңкы бөлүгү атайын өлчөнүп жасалган. Биз бейтаптын баш сөөгүн толугу менен алып, аны желимге алмаштырабыз.

Фервейдин айтымында, 22 жаштагы келин учурда жумушка чыгып, баш оорусунан арылган. Анын көрүүсү толугу менен калыбына келген жана операциянын изи жокко эсе.

Бул сыяктуу алмаштырыла турган адамдын кайсы бир сөөгү мурда операция маалында цементтин бир түрүнөн жасалчу. Үч мерчемдүү принтерлер баш сөөктүн өлчөмүн тактык менен чыгарууга шарт түзөт. Фервейдин айтымында, мурдагы ыкмаларга караганда бул усул бейтаптын мээ функцияларынын иштөөсүнө жакшы өбөлгө түзөт.

Операция өткөн оорукананын билдиришинче, мындай ыкманы башка сөөк илдеттеринен, кырсыктан же шишиктен жабыркаган баш сөөк ооруларынан запкы тарткан бейтаптарга дагы кеңири колдонсо болот.

Буга чейин башка хирургдар баш сөөктүн кээ бир бөлүктөрүн үч мерчемдүү принтерден чыккан протездер менен алмаштырган. Өткөн жылы 75 бейтаптын баш сөөгүнө 3D принтерден чыккан баш сөөк пластиналары орнотулган.
Утрехт университетинин окумуштууларынын уникалдуу операциясы (Утрехт университетинин видеосу)
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

XS
SM
MD
LG