Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:31

Саудиядагы "түшкө кирбеген" өзгөрүүлөр


Абдул Азиз атындагы эл аралык аэропорт.
Абдул Азиз атындагы эл аралык аэропорт.

Эң бай жана таасирдүү, ошол эле кезде Жакынкы Чыгыштагы, дегеле араб мамлекеттериндеги абдан жабык өлкө, мусулман дүйнөсүнүн борбору саналган Мекке жана Медина шаарлары жайгашкан Сауд Арабия апрелден тарта мусулман зыяратчыларына жана бизнесмендерге гана эмес, бардык чет өлкөлүктөргө виза бере баштайт.

Бул - ондогон жылдар бою калыптанган консервативдүү, шарият мыйзамдары иштеген падышалыкта мураскор ханзаада Мухаммад бин Салман тарабынан сунушталган революциялык өзгөрүүлөрдүн бири.

Буга чейин Сауд Арабиясына аялдар күйөөсүнүн же эркек тууганынын коштоосунда гана бара алса, эми мындай чектөө 25 жашка чейинки кыз-келиндер үчүн гана сакталып калат.

Сауд Арабиясынын мамлекеттик туризм комиссиясы мындай кадамдар саякатчыларды тартуу үчүн жасалып жатканын билдирген.

Мухаммад бин Салман.
Мухаммад бин Салман.

Сауд Арабия 2030-жылы бир жылда 30 миллион турист кабыл алууну мерчемдеп жатат.

2020-жылы туристтик тармакты жана инфраструктураны өнүктүрүү үчүн 25 миллиард доллар каражат салууну да көздөп жатат.

Биринчи кезекте али жакшы өздөштүрүлбөгөн жана пайдаланылбаган Кызыл деңизге 50 арал куруу максат кылынган. Мындан тышкары жаңы технологиялар менен жабдылган, роботтошкон системалык башкаруусу жана кызмат көрсөтүүсү бар NEOM деп аталган футурологиялык шаарчаны салууга 500 миллиард доллар сарпталмакчы. Иордания менен чек арага жакын аймакка курула турган бул шаарчанын өзүнүн мыйзамдары да болот.

Кызыл деңиздин жээги.
Кызыл деңиздин жээги.

Сауд Арабиянын башкы мыйзамына ылайык, бул өлкө шарият эрежелерине негизделген жана тунгуч падыша Абдул Азиздин балдары менен неберелери тарабынан башкарылган абсолюттук теократиялык мамлекет.

Азыр падышалыкта мураскор ханзаада Мухаммад бин Салмандын реформаторлук сунуштары менен өзгөрүүлөр жүрүп жатат. Мураскордун демилгелерине диний коомчулук сын айтып, ал эми туугандары “сарай төңкөрүшүн” жасоого да аракет кылып көрдү.

Мураскор ханзааданын демилгеси менен аялдарга машина айдоого уруксат берген жарлык чыгарылган. Ага ылайык, Саудияда быйылкы жылдын 24-июнунан тарта аялдарга айдоочулук күбөлүктөр бериле баштамакчы.

Саудиялык кыз-келиндер муну кубануу менен кабыл алышты. Алардын оюнча бул аялдарга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берет жана үй-бүлө чыгымын үнөмдөйт. Саудиялык окутуучу Айша Аббас мындай деди:

- Бул үй-бүлө чыгымын азайтат. Анткени көп үй-бүлөлөрдүн айдоочулары бар. Мени оюмча бул Сауд Арабиядагы жашоону арзандатат.

Аялдардын театрга жана спорттук иш-чараларга баруусуна тыюу салган чектөөлөр да акырындан алына баштады.

Сауд Арабиядагы аялдар.
Сауд Арабиядагы аялдар.

Сауд Арабиянын бийлиги 25 жаштан өткөн, эркектердин коштоосуз саякаттаган аялдарга 30 күнгө чейин виза бере баштайт.

Былтыр өлкөдөгү кинотеатрлар 35 жылдан кийин биринчи жолу кайра ачылган. Өкмөттүн эсебинде Саудияда 2030-жылга чейин 300дөй кинотеатр ачылышы мүмкүн.

Сауд Арабия бул сыяктуу демилгелерди эми канча ишке ашырып жаткан чакта, шарият нормаларын кармаган консервативдүү Бириккен Араб Эмирлиги жана Оман сыяктуу өлкөлөр бул жылдары туристтик тармакты өнүктүрүүгө жетише алды.

Бирок бул өлкөлөр мындай кадамдарга чет өлкөлүктөрдүн жыргалчылыгы үчун эмес, ириде мунайга гана байланып калган өз экономикасын диверсификация кылуу үчүн барып жатышты.

Сауд Арабияда да мунай экспорттун 95 пайызын түзөт жана жалпы кирешенин 75 пайызын алып келет. Мураскор ханзаада Мухаммад бин Салман экономикалык реформалардын максатын мындайча түшүндүргөн:

- Сөз мунайга көз каранды болбогон тармактардын кирешесин 2030-жылы 267 млрд долларга чейин көбөйтүү жөнүндө сөз болуп жатат. Бул каражаттын бир бөлүгү – инвестиция түрүндө келсе, экинчиси экономиканы диверсификация кылуудан түшөт. Бул бизге азыр иштетилбей жаткан активдерди өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Биз жогорку жыйынтыктарга алдыдагы беш жылда жете баштайбыз деп үмүттөнөбүз, - деген Мухаммад бин Салман.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG