Бишкекте майыптыгы бар балдар Чыңгыз Айтматовдун "Биринчи мугалим" чыгармасынын негизинде спектакль коюшту. Алты акттан турган спектаклди германиялык режиссёр Кристоф Штольценбург "Үмүт-Надежда" балдар реабилитациялык борборунда койду. Анда жалаң майыптыгы бар балдар роль жараткан.
Кыргызстандын 6,7 миллион калкынын 2,5 миллионун 18 жашка чейинки курактагы балдар түзөт. Майыптыгы бар балдардын расмий саны 30 миңдин тегерегинде, бирок укук коргоочулар бул көрсөткүч кыйла жогору экенин айтып келишет.