Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:30
Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Садыр Жапаровдун жыйыны жана убадалары

Президенттин милдетин аткарып жаткан өкмөт башчы Садыр Жапаров бүгүн, 12-ноябрда жалпыга маалымдоо каражаттарына басма сөз жыйынын өткөрдү. Жыйын түшкү саат 2де башталып, бир саат, 36 мүнөткө созулду.

15:04 12.11.2020

Садыр Жапаров: Түрмөдө отурган кезде жүздөн ашуун күнөөсүз отурган балдарга жардам бердим. Көбү сабатсыз, кат тааныбайт. Ошолордун арызын жазып, акыйкатчыга кайрылып жаттык. Беш миң адам абакта отурса, анын 2 миңи күнөөсү жок отурат. Анын көбү карапайым элдин балдары. Чоңдун балдары жок ал жерде.

Миңдеген адамдарды камап, миллиарддаган акчаны коротуп жатабыз. Ошондуктан күнөөсү жок камалган, майда кылмыш кылгандарды чыгарабыз.

Мунапыска оор кылмыш кылгандар илинбейт. Мамлекеттин акчасын экономдойбуз. Экинчиден, аларды үй-бүлөсүнө кошуп жатабыз.

14:58 12.11.2020

Садыр Жапаров: Жалгыз эле Бакиевдер күнөөлүү эмес

Мурдагы президент Курманбек Бакиевди Кыргызстанга алып келүү боюнча иш уланат. Бул тууралуу 12-ноябрда пресс-конференцияда президенттин милдетин аткаруучу өкмөт башчы Садыр Жапаров “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып айтты.

Жапаров 2010-жылдагы апрель окуясында кан төгүлүп, токсондой өмүр кыйылганына жалгыз гана Бакиев күнөөлүү эмес экенин айтып, ага карата козголгон иш изилденерин билдирди:

“2010-жылкы окуя боюнча жалгыз эле Бакиевдер күнөөлү эмес. Башкалар да күнөөлүү болуп калат эгер чындап, адилеттүүлүк менен териштирсек. Ал кылмыш ишине жете элекпиз. Баарын кайрадан көтөрүп чыгып, каратып, изилдетишибиз керек”.

Бакиевди экстрадициялоо боюнча иш уланарын айтып, Жапаров бул маселеге азырынча жете электигин кошумчалады:

“Биз бул маселени көтөрөбүз сөзсүз түрдө. Бул бүгүн же эртең эле улана турган нерсе эмес. Экстрадиция кылып бергиле деп Башкы прокуратура сурап жатат, Алмазбек Атамбаев канча жолу айтты. Андан кийинки бийлик деле айтып жатат. Бирок буга мен жете элекмин. Толук иштегениме он эле күн болду”.

Кыргызстанды 2005-2010-жылдары башкарган Бакиев 2010-жылдын апрель окуясында элдик толкундоолордон кийин өлкөдөн чыгып кеткен.

14:53 12.11.2020

Садыр Жапаров: Өлкөдө экономикалык абал орточо. Кийинки жылга прогнозду жасай элекпиз. Мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акысын көтөрүүгө азыр эрте. Ага убакыт керек.

Галстукту таккым келбейт. Муунткандай болуп кыйнала берем.

14:50 12.11.2020

Садыр Жапаров: Люстрацияны кызматтан алуу, камакка алуу деп түшүнбөш керек. Акыркы жылдары КТРКны киши көрбөй калган. Ошол эле кезде 30-40 адам иштеген башка каналдарды эл көп көрөт. Идеясы бар жаштардан, тажрыйбасы бар аксакалдардан комиссия түзүп алып, анан кыскартууга барса болот. Керектүү адам, кереги жок адам дегенди комиссия өзү чечиши керек.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG