Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:27
Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Садыр Жапаровдун жыйыны жана убадалары

Президенттин милдетин аткарып жаткан өкмөт башчы Садыр Жапаров бүгүн, 12-ноябрда жалпыга маалымдоо каражаттарына басма сөз жыйынын өткөрдү. Жыйын түшкү саат 2де башталып, бир саат, 36 мүнөткө созулду.

14:46 12.11.2020

14:43 12.11.2020

Садыр Жапаров: Матраимовду камабоону өзүм сурандым, бул саясий чечим болду

Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов “Мыйзамсыз байыган мүлктү жана акчаны кайтарып берейин” деп өзү суранган. Бул тууралуу 12-ноябрда пресс-конференцияда президенттин милдетин аткаруучу өкмөт башчы Садыр Жапаров аны камакка албоо себептери тууралуу суроого жооп берип жатып айтты.

Жапаров Матраимовду камабоону УКМК жетекчисинен өзү суранганын билдирди:

“УКМК аны алып келип жапкандан кийин эле мага кабар беришти. 6-7 саат бою сүйлөшүү жүрүптүр. Муну камап койгондо биз мамлекетке бир тыйын акча алып келе албайт элек. Мен саясий чечим кабыл алып, сурандым. УКМКнын төрагасынан “Муну камап койгондон эмне пайда” деп сурандым. 6-7 саат ошондой кеңешме өттү бизде”.

Жапаров кошумчалагандай, Матраимов мыйзамсыз байыган мүлкүн мамлекетке кайтарып берүүнү убада кылды:

“Бул өзү дагы “Мени камап койгондон эч нерсе келбейт. Андан көрө мен мамлекеттен алганымды, мыйзамсыз байыган мүлкүмдүн баарын, акчанын баарын кайра Кыргызстанга алып келип берейин” деп ачыгын айтып, суранды”.

Атайын кызмат Матраимов кармалганын 20-октябрда кабарлап, ал өзү жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, мамлекетке өзгөчө чоң өлчөмдө зыян келтирген бул схема азыркыга чейин иштеп турганын билдирген.

Ошол эле күнү сот Матраимовду тергөө менен кызматташканы үчүн эч жакка кетпөө жөнүндө тилкат жазып берүүгө милдеттендирип бошоткон.

Матраимов УКМКнын айыптоосу тууралуу комментарий берген эмес.

Жапаров 3-ноябрда Матраимов мамлекетке төлөөгө милдеттендирилген эки миллиард сомду күнүгө төгүп жатканын айтып, кармалган күнү эле 70 же 80 миллион төгүп бергенин кошумчалаган.

14:42 12.11.2020

Садыр Жапаров: Экономикалык мунапыс боюнча мыйзам эртең-бүрсүгүнү ишке ашат. Райымбек Матраимов төбөсү көрүнгөнү. Көрүнбөгөнү бар. Алардын арасынан келип төлөп аткандар бар.

14:40 12.11.2020

Говори ТВ: Тышкы карызды элден чогултуунун канчалык кажети бар?

Садыр Жапаров: Бул тууралуу мыйзам даярдалды деген туура эмес. Финансы министрлиги атайын эсеп ачты. Каалагандар жардам берсе болот. Каалабагандарды кыйнамай жок.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG