Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:01
Садыр Жапаров. 23-октябрь, 2021-жыл.
Садыр Жапаров. 23-октябрь, 2021-жыл.

Жылдык жыйын: Чек ара, шайлоо жана Матраимов

23-октябрда Садыр Жапаров журналисттерге жыйын өткөрүп, суроолорго жооп берди. Жыйын саат 11:00дө башталды.

"Азаттык" жыйынды сайтында, Ютуб каналында жана социалдык түйүндөрдөгү баракчаларында түз көрсөттү.

Садыр Жапаров буга чейин басма сөз жыйынын 2020-жылы, 12-ноябрда президенттин милдетин аткарып жаткан маалда өткөргөн.

12:08 23.10.2021

Пакистандык жарандар боюнча: Ошол кезде Дубайга түз рейстер жабылган. Бизде каттамдар бар болчу. Бизге сураныч түшкөн. Туристтердин келгени жакшы. Бир блогер чыга калып дүрбөтсө эле эл ээрчий берет экен.

12:19 23.10.2021

Чек ара боюнча суроо: Мен чек араны бүгүн кол коюп чечкенге даярмын. Бирок ал бизден көз каранды болбой жатат. Чек ара маселеси оюнчук маселе эмес экен. Ооба, апрель айында Тажикстан менен кагылышууда 36 жараныбыз өлдү. Бул 30 жылдан бери чечилбей келе жаткан маселе. Өзбекстан менен чек арабызды тактап алып анан Тажикстанга өтөлү дегенбиз. Ал жерде үч талаштуу маселе бар. Бирөөсү, Төрт-Көчө деген жердеги 275 метр жер, экинчиси, Ворухка кеткен жол. Үчүнчүсү, Баткен менен Лейлек районунда талаш жер бар".

Президент Тажикстан менен чек ара маселесин чечүүдө көйгөй жаратып жаткан Төрт-Көчө тилкеси боюнча Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Адахан Мадумаров кол койгон протокол чоң тоскоол болуп жатканын айтты.

"Убагында Адахан Мадумаров кол коюп берип койгон экен. Кол коюптур да кайра арендага алыптыр. Мен айтып атам. Чек ара боюнча келишимге кол койгонго акысы жок болчу. Адегенде Жогорку Кеңешке ратификация кылышы керек, анан президент кол коюшу керек. Андай болбосо келишим жараксыз деп атам.

Адахан Мадумаров өзү абдан билимдүү, сүйлөсө тили буудай кууруйт. Бирок ушундай келишимге эмнеге кол койгонун билбейм. Чек ара маселеси айрым мамлекеттик кызматта тургандардын жана айрым мурдагы ата-бабаларыбыздын көрөгөч эмес мамилесинен улам ушундай кырдаал жаралып атат.

Тажик өкмөтү Лейлек районундагы бир топ жерлер 1924-жылы биздики болчу, силерге өтүп кеткен деп жатат. Мен 1924-жылы Мургаб биздики болчу, анда аны бизге кайтаргыла. Мен силер сураган жерди берейин да, элди ошол жакка көчүрүп кетейин дедим. Алар андай болбойт деп атат".

12:25 23.10.2021

Диний кырдаал, диний ишмерлердин саясатка аралашканы боюнча суроого жооп: Дин мамлекеттин ишине кийлигишпеш керек. Дин тутунган адам жөнөкөй ишкер болсо шайлоого катышса болот. Бирок диний уюмдардын ишин шайлоо учурунда агитация кылууга акысы жок. Мектепке диндерди таануу сабак киргизсек болот эле. Башка кошуна өлкөлөрдүн тажрыйбасын алып киргизип. Эмнеге киргизели деп жатам. Алакандай кыргыз алты багыттагы диний багытта жүрөт. Мунун тамырын мектептен кыркыш керек. Коом бири-бирин тазалаш керек. Ошого жетебиз буюрса.

12:29 23.10.2021

Эдил Байсаловдун айтканы боюнча: Ал көкүрөгүндөгү ойду туура эмес, эмоция менен жеткирип алды. Мурда министрликтер мамлекет үчүн эмес, депутаттар үчүн иштечү. Мындан ары андай болбойт. Эдил ошону, мындан ары мамлекет үчүн иштей турганын айтты. Биз кантип парламент менен иштешпей коймок элек? Алар элдин өкүлү. Мына мен Жанар Акаевди дагы, Каныбек Иманалиевди дагы кабыл алдым. Кабыл алып атам, иштешсе болот экен го.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG