Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:28
Садыр Жапаров. 23-октябрь, 2021-жыл.
Садыр Жапаров. 23-октябрь, 2021-жыл.

Жылдык жыйын: Чек ара, шайлоо жана Матраимов

23-октябрда Садыр Жапаров журналисттерге жыйын өткөрүп, суроолорго жооп берди. Жыйын саат 11:00дө башталды.

"Азаттык" жыйынды сайтында, Ютуб каналында жана социалдык түйүндөрдөгү баракчаларында түз көрсөттү.

Садыр Жапаров буга чейин басма сөз жыйынын 2020-жылы, 12-ноябрда президенттин милдетин аткарып жаткан маалда өткөргөн.

11:20 23.10.2021

2021-жылы сегиз айда жаңы ачылган ишканалар жана түзүлгөн жумушчу орундары

11:24 23.10.2021

Садыр Жапаров: 2021-жылы коронавируска каршы күрөшкө 3 млрд. сом жумшалды. 1700 кишиге ылайыкташкан 9 стационар даярдалды. Жаңы мобилдик клиникалар, дары-дармектер алынды.

"900 эмдөө пункту ачылып, калктын 40 пайызы вакцинанын биринчи дозасын алды. 30 пайызы экинчи дозасын алды. 30 пайызы эки дозаны бирдей алышты. 20 млн долларга вакцина сатып алдык", - деди Жапаров.

11:27 23.10.2021

Садыр Жапаров: Ооганстандагы акыркы окуяларга кайдыгер караган жокпуз. Эки жолу гуманитардык жардам жеткирдик. Биринчи жолу жардам жеткиргенде Ооганстандын азыркы жетекчилери менен сүйлөшүү болгон. Экинчи жолу этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирилди.

11:28 23.10.2021

Парламентке шайлоодо мындан ары “алтын мандат”, “биринчи ондук” же “биринчи жыйырмалык” деген коррупциячыл түшүнүктөр болбойт. Бул тууралуу 23-октябрда Бишкекте өткөн жылдык жыйында президент Садыр Жапаров билдирди. Ал партия лидерлеринин тизмедеги алдыңкы орундарды жүз миңдеген долларга баалаган өнөкөтү токтой турганын айтты:

“Биз партиялар аркылуу жана бир мандаттуу округдардан жаңы, калың элдин ишенимине ээ болгон эл өкүлдөрүнүн парламентке келишине жол ачып жатабыз. Партиялык тизмедеги алдыңкы орундарды сатып, бизнес жасоо практикасын жайылткан, акча жасоонун жана коррупциянын булагына айландырган эски, алдымчыл системаны жойдук”.

Быйыл 28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өткөнү жатат. Бир жыл мурдагы кезектеги парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган. Быйыл Кыргызстанда Конституция жана бир катар мыйзамдар өзгөртүлдү.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG