Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:55

Тажикстан: Кытай Орусияны сүрүп чыгарууда


Жума ичинде орусиялык басылмалар "Газпром" компаниясы тажик кендерин иштетүүдөн баш тартып жатканын, Казакстанда радикал маанайдагы динчил адамдар менен атайын топтор иштей баштаганын баяндап, Путиндин Назарбаевге билдирген ыраазычылыгы тууралуу да жазышты.

"Независимая газета" Орусиянын "Газпром" ишканасы Тажикстандан кетип жатканын жазды. Сегиз жылдан бери Сарыкамыш жана Батыш Шохамбары мунай-газ кендерин иштетип келген "Газпром" 170 миллион доллар өлчөмдө сарпталган чыгым акталбай жатканын айтып чыккан. "Газпромдун" өкүлү Игорь Шаталов Дүйшөмбү акыркы кезде салык саясатын өзгөртүп, Бээжинге өзгөчө жеңилдиктерди бергени дагы орусиялык ишкананын өлкөдөн кетишине түрткү болуп жаткандыгын ачык эле билдирген.

"Газпромдун" мындай кадамы Москванын Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүгө шашпаган Дүйшөмбүгө кысым көрсөтүү аракети катары баалагандар да бар. Айрым эксперттер Орусиянын Тажикстанда 201-аскер базасы жана космостук мейкиндикке көзөмөл салчу “Окно” системасы бар экенин жазышып, бирок Москваны аймактан акырындык менен Бээжин сүрүп чыгарып жатканын белгилешүүдө. Ал эми Тажикстанда 114 миллион тонна мунай, 863 миллиард куб газ бар экендиги совет заманында аныкталган.

"Известия" басылмасы Путин Москваны Анкара менен элдештиргени үчүн Назарбаевге ыраазылык билдиргенин баяндайт. Сочиде жолугушкан орус-казак бийлик башчылары саясий-экономикалык маселелерди талкуулашкан. Путиндин ыраазылыгына жооп кылып Назарбаев орус-түрк алакасынын кескин начарлап кетиши Казакстандын экономикасына терс таасирин тийгизгенин белгилеп өткөн. Ошондой эле казак эл башчысы кесиптешине Украинанын президенти Петро Порошенко менен телефон аркылуу "Донбасс республикаларынын" тагдыры тууралуу сүйлөшкөнүн баяндап бергени кошумчаланат. Макалада Орусиянын Казакстанга берген инвестициялык каражаттары 9 миллиард долларга жеткени, ал эми казакстандык ишкерлер Орусияга 3 миллиард доллар салганы дагы айтылат.

"Регнум" маалымат агенттиги Казакстанда 300 радикал динчил мурдагы көз караштарын өзгөртүп, салттуу исламга кайтканын кабарлады. Актөбөнүн теологдору жарым жыл бою экстремисттик диний агымдардын мүчөлөрүнө салттуу исламды окутуп, кошумча иш-чараларды жүргүзүү менен аларды артка кайтарды деп айтылат макалада. Актөбөнүн губернатору Бердибек Сапарбаевдин буйругу боюнча түзүлгөн имам, теолог жана окумуштуулардын тобу жыл башынан бери экстремизмди алдын алуунун атайын программасынын үстүндө иштешкен. Жергиликтүү коопсуздук кызматынын төбөлдөрү аталган облуста 1,5 миңден ашуун радикал маанайдагы жарандар бар, алардын ичинен 100гө жакыны "потенциалдуу жихадчы" деп аныктап чыгышкан.

"Ведомости" басылмасы да мурунку совет өлкөлөрү союз маалын эстеп, сагынычка батарына токтолгон. Орусиялык бир катар агенттиктер КМШ өлкөлөрүндө Советтер союзу тууралуу коомчулуктун ой-пикирлер чогултулуп, сурамжылап, анда элдин көбү социализм заманын эстеп, кусалыкка батарын баяндашкан. Макалада Армения, Азербайжан, Украина жана Орусиянын калкы совет мезгилин өзгөчө баалашары белгиленип, ал эми Өзбекстан менен Тажикстандын элинин 70-90 пайызы совет мезгилине каршылык билдиришкени белгиленет. Иликтөөлөр көбүнчө 35 жашка чейинкилер гана өз өлкөлөрүндөгү жашоо шарттарга канааттанарын билдиришкен.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG