Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:59

Казакстанда алтын казуу элге берилет


Алтынтоо кени, Казакстан
Алтынтоо кени, Казакстан

Акыркы жума ичинде орусиялык маалымдоо каражаттары Казакстанда жергиликтүү калкка өз алдынча алтын өндүрүүгө уруксат берилгенин, Кытай Өзбекстанда металл түтүктөрүн чыгаруучу ишкана кура баштаганын жана Кыргызстан турак-жай менен автоунааларга салыкты көбөйтүүгө бел байлап турганын жазып чыкты.

Регнум маалымат агенттиги Казакстанда жергиликтүү калкка өз алдынча алтын кендерин чалгындап, аны өздөштүрүүгө уруксат берилгенин кабарлайт. Макалада коңшу өлкөдө Кендерди иштетүү боюнча кодекстин жаңы долбоору иштелип жатканы, ага ылайык ар бир жаран атайын лицензия алып өз алдынча баалуу металл кенин издөөгө мүмкүнчүлүк алары айтылат.

Казакстандын Инвестиция жана өнүгүү министрлигинин кен иштетүү департаментинин директору Тимур Токтобаев баалуу металлдар бар жерди тапкан казакстандыктар аны иштетип, сатып жиберүүгө дагы укуктуу экенин айткан. Ал эми кандайдыр бир жер үлүштөрүндө алтын кендерин чалгындоону каалаган жарандар лицензияны үч күн ичинде алары дагы айтылат. Кийинки жылдан баштап ишке кирчү жаңы кодекс баалуу металлдарды мыйзамсыз өндүрүүнү токтотуп, өлкө бюджетине пайда киргизет деген тыянак чыгарылган макалада.

Орусияда мигранттарды тескөө күчөдү

"Новая газета" Москванын полициясы акыркы айда “Нелегал -2016” жана “Заслон-2016” операцияларын жүргүзүп, 5,5 миң мигрантты Орусиядан чыгарганын маалымдайт. Андан тышкары операция учурунда федералдык жана эл аралык издөөдөгү 150 кылмышкер, этникалык төрт кылмыштуу топ кармалганы айтылат. Жалпысынан мигранттарга каршы 362 кылмыш иши козголуп, 14 миң административдик мыйзам бузуулар боюнча протокол түзүлүп, 36 миллион рубль айып пул чегерилген. Москвада полициянын мигранттардын документтерин текшерген рейддери бир ай мурун күчөтүлгөн. Орусияда Федералдык миграция кызматы жоюлуп, мигранттарды тейлеп-тескөө Ички иштер министрлигине өткөрүлгөн. Макалада ошондой эле Москвада мигранттар байырлаган 900дөй жер катуу көзөмөлгө алынганы айтылат.

Кыргызстандагы салык санаасы

"Российская газета" "Кыргыз өкмөтү турак жай менен автоунаага салыкты көбөйтүүнү сунуштоодо" деп жазат. Учурда Кыргызстандын Экономика министрлиги Салык кодексине өзгөртүү киргизүүнү коомдук талкууга алып чыкканы айтылат. Макалада 200 чарчы метрден чоң турак жайы бар жарандар кыймылсыз мүлк үчүн салыкты 1,5 жарым эсеге, ал эми жеңил автоунаага анын чыккан жылына жараша 2 - 2,5 эсеге чейин көп төлөрү түшүндүрүлөт.

"Российская газета" Кыргызстандын Экономика министрлиги бул жаңы салыктар оокаттуу жарандарга гана багытталганын ырастап, жалпы калктын катмарына эч кандай кесепети жоктугун белгилегенин кошумчалайт. Ошондой эле бул мыйзам долбоору Орусия менен Казакстандагы салык системасынын негизинде түзүлгөнү айтылат.

Кытай Өзбекстанда түтүк чыгарат

"Экономическое обозрение" газетасы Кытай Өзбекстанда болот түтүктөрдү чыгарчу ишкана ачууга бел байлаганын баяндайт. Кытайдын Tianjin Ring ишканасы коңшу өлкөнүн Бекабад шаарында болоттон ширетилген түтүк менен курулушка керектүү металл арматура чыгарчу завод курууга киришкен. 30 миллион долларлык долбоор 2020-жылы ишке ашары пландалган. Жылына 280 миң тонна темир түтүктөрдү чыгарчу кытай ишканасы Ташкент облусундагы «Узметкомбинаттын» базасында ишке кирет.

Долбоор өлкөнү газ чыгаруучу жана химиялык өндүрүшкө зарыл материалдар менен камсыз кылып, жергиликтүү калкка жумуш орундарын түзмөкчү. Буга чейин эле Өзбекстан металл кендерин иштетүүгө 300 миллион доллар инвестицияны Кытайдан издеп жатканы маалымдалган.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG