Регнум маалымат агенттиги Өзбекстанда “Антитеррор” операциясынын жүрүшүндө өлкөдөн 260 чет элдик жаран чыгарылганын маалымдайт. Андан тышкары узак мөөнөттөн бери чет жакта жүргөн 75 миң өзбекстандык жарандын аты-жөнү такталып, атайын каттоого алынган. Ал эми милиция кызматкерлери чет өлкөдөн келген 70 миң өзбекстандык жаран менен профилактикалык сүйлөшүү өткөрүшкөн. Бийлик өкүлдөрү мындай иш-чаралар террордук актылардын алдын алуу максатында жүргүзүлүп жатканын белгилешкен. Макалада чек аралык аймактарда жана чек ара бекеттеринде автоунааларды текшерүү күчөтүлгөнү дагы айтылат. Өзбек өкмөтү жарандарын сак болууга чакырган.
"Известия" басылмасы Кытай Ооганстан, Пакистан жана Тажикстан менен биригип, коопсуздук боюнча жаңы саясий альянс түзүп жатканын баяндайт. Терроризмге каршы күрөшүүчү бул аскерий биримдикке Бээжин Өзбекстан менен Түркмөнстанды дагы кошууга аракеттенерин эксперт Андрей Серенко белгилейт. Жаңы альянс Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна атаандаш болуп, муну менен Бээжин Москванын Борбор Азиядагы таасирине сокку урууда, деп айтылат макалада. Коопсуздук боюнча аскерий кызматташуунун алкагында Кытай менен Тажикстан Дүйшөмбүдө бирдиктүү антитеррордук борбор куруу жөнүндө да макулдашкан.
"Взгляд" басылмасы Казакстанда мамлекеттик кызматкерлерге жумуш ордунда смартфон жана планшет колдонууга тыюу салынганын жазат. Бул чара апрелден тарта күчүнө кирет. Смартфон менен планшеттен тышкары сүрөт, аудио жана видео тарта алчу, интернет байланышы бар бардык техникага тыюу салынган. Макалада мындай чара мамлекеттик маанидеги расмий маалыматтардын таркап кетпеши үчүн колдонулуп жатканы айтылат. Ошондой эле жумуш учурунда мобилдик аппараттарды колдонууга тыюу салуу кызматкерлердин ишинин эффективдүүлүгүн жогорулатат деген божомолдор айтылат. Буга чейин Орусиянын бир катар облустарында маалыматтык коопсуздук үчүн жергиликтүү бийлик кызматкерлерине Google, Yahoo жана WhatsApp сыяктуу тиркемелерди колдонууга тыюу салганы кошумчаланат.
Коммерсантъ басылмасы Орусияда иштеген мигранттар 10 миң рублдык медициналык камсыздоо сатып алууга мажбур болорун баяндайт. Орусиянын Саламаттык сактоо министрлиги медициналык камсыздоосу бар чет элдик жарандарды гана өлкөгө киргизүү боюнча мыйзам кабыл алуу сунушун көтөргөн. Буга чейин мигранттар жумуш берүүчүлөрдүн талабы боюнча медициналык камсыздоону өз ыктыяры менен гана сатып алышчу. Мындай камсыздоо 5 миң рублга чейин бааланып, мөөнөтсүз убакытка берилчү. Жаңы камсыздоолор үч айлык мөөнөткө берилип, баасы 10 миң рублдын тегерегинде болмокчу. Укук коргоочу Гавхар Жураева мынчалык акча орусиялыктардын өздөрү үчүн дагы көп деп, медициналык камсыздандыруу - мигранттардын эсебинен акча жасоонун жаңы жолу экенин белгилейт.