Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:31

ПАСЕ Орусияны катуу сындады


Швейцариялык саясатчы Андреас Гросс Орусияда быйыл жазындагы оппозициянын демонстрациялары "туура саясий өзгөрүүлөргө алып келмек" деди
Швейцариялык саясатчы Андреас Гросс Орусияда быйыл жазындагы оппозициянын демонстрациялары "туура саясий өзгөрүүлөргө алып келмек" деди

Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясы кечээ Страсбургдагы жыйынында Орусияга катуу сын айтылган резолюция кабыл алды. Орусия болсо ПАСЕнин аракети Москва менен Страсбургдун мамилесине терс таасирин тийгизет деп билдирди.

Орусиядагы абал боюнча Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясы 2005-жылдан берки алгачкы документин жарыялап отурат. Орусия бул Ассамблеяга кирээрде конкреттүү милдеттенмелерди мойнуна алган жана ошолор боюнча абал азыр начар экени айтылды.

Тагыраак айтканда, ПАСЕ азыр Орусияны сөз эркиндигин чектеп жатканы, соттордун чечимине саясий таасирин арттырганы, адам укуктарын бузуп жатканы үчүн сындап жатат.

Шейшембидеги чечимге чейин эле ал боюнча ортодо мамиле начарлай баштаганы байкалган. Өткөн аптада Москвада мамлекеттик думанын спикери Сергей Нарышкин Страсбургдагы пленардык жыйында сүйлөөдөн баш тартты.

Ал эми Парламенттик Ассамблеянын талкуусунда Орусия боюнча баяндаманын эки авторунун бири Гиоргий Фрунда соңку кездери Москва кабыл алган мыйзамдарды катуу сындады.

"Жакында күчүнө кирген “Чет өлкөлүк агенттер” жөнүндөгү мыйзам, “көчө демонстрациялары”, ушактын кайрадан Кылмыш кодексине киргизилиши жана “жаш балдарды зыяндуу маалыматтан коргоо” жөнүндөгү мыйзамдар - ушунун баары адам укуктарынын жана мыйзам үстөмдүгүнүн минималдык стандарттарына каршы келет", - деди румыниялык саясатчы Фрунда.

Ал мындан сырткары, оппозиция мүчөлөрүн опузалоону, тынч митингдерди өткөрүү боюнча канчалаган арыздарды бийликтер четке кагышканын, демонстранттарга полициянын орой мамилесин “Орусияда демократиядан оолактоо көрүнүштөрү” катары сыпаттады. Фрунда адам укугун коргоочулардын, адвокаттар менен журналисттердин өмүрүнө кол салуу фактыларын да эске салды.

Анын ишениминде, бул өлкөдө сотторго дале саясий жетекчиликтен басым жасалат. Буга мисал катары ал Москвадагы борбордук чиркөөдө президент Владимир Путинге каршы күтүлбөгөн нааразылык концертин уюштура калган Pussy Riot панк-тобунун кыздарынын камалышын айтты.

"Ошол музыкалык "Пусси Раят" тобунун мүчөлөрүн соттоодо да ашкере аракет көрүлдү, - деди ал. - Чиркөө концерт коё турган же саясий нааразылык өткөрө турган жер болбогону менен, буга чейин такыр кылмыш жасабаган кыздардын ал үчүн эки жылга түрмөгө кесилиши такыр кабыл алгыс нерсе. Ошондуктан биз алардын тезинен боштондукка чыгарылышын талап кылабыз".

Баяндаманын дагы бир автору Андреас Гросс болсо быйыл жыл башында Орусияда оппозициянын демонстрацияларга чыкканы жакшы саясий өзгөрүүлөргө алып келмек деди.

"Бул баяндаманын максаты - орус бийликтерине оппозициянын кыймылдарын “эл көптөн бери суусап турган реформаларды жасоого мүмкүнчүлүк катары карагыла” деген ойду жеткирүү", - деди Гросс.

Орусиянын делегациясы болсо ПАСЕнин шейшембидеги чечимин кескин сынга алды. Делегациянын мүчөсү Иван Мельников: "Европанын аракеттеринде дагы эле баягы “кош стандарттуулук” көрүнүп турат, - деди. - Андан сырткары, жетекчилигинде Орусияга ачык эле душмандай караган топтор турган мамлекеттердин мурдатан эле калыптанып калган позициясы байкалууда".

Орус делегациясынын башчысы Алексей Пушков ПАСЕнин жыйынында сүйлөп, Орусиядагы кырдаалга карата докладдын негизинде катуу сын айтылган резолюциянын кабыл алынышы Москва менен Страсбургдун мамилелерине доо кетирет деп эскертти.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG