Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:19

Усманов - Навальный кайым айтышы уланууда


Орусиялык олигарх, теги өзбекстандык Алишер Усманов менен орус оппозициясынын лидери Алексей Навальный.
Орусиялык олигарх, теги өзбекстандык Алишер Усманов менен орус оппозициясынын лидери Алексей Навальный.

Орусиялык олигарх, теги өзбекстандык Алишер Усманов менен орус оппозициясынын лидери Алексей Навальныйдын кайым айтышуулары токтой элек. Усманов 24-майда Навальныйга экинчи видеокайрылуусун жолдоп, анда оппозициячыл саясатчыны "өтө чебер жалганчы" деп атады.

Кремлди ылым санаган магнат менен оппозициячыл саясатчынын кайым айтышуусу 2-мартта Навальный башында турган Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун документалдык тасмасы жарыяланган соң башталган. Анда орус премьер-министри Дмитрий Медведевге таандык деп, бир топ мүлктөр жарыяланган. Анын ичинде Орусия аймагындагы хансарайлар, яхталар, Италиядагы гектарлаган аянтты ээлеген жүзүмзар, вилла мисал келтирилген.

Ошондой эле хансарайлардын бирин Медведевге Өзбекстанда туулган орусиялык чириген бай Усманов белек кылганы, бул коррупция экени айтылган.

Тасма жарык көргөн соң миллиардер Алишер Усманов Навальный жана анын фондун сотко берген. Усмановдун айтымында, оппозициячынын анын кылмыштуу ишмердикке тиешеси бар дегени "кызыл чектен өткөндүк".

17-майда Усманов менен Навальный бири-бирин ачуу видеокайрылуулар аркылуу айыпташкан. Жети күндөн кийин Усманов экинчи видеокайрылуусун жасап, Навальныйды Михаил Булгаковдун "Иттин жүрөгү" романындагы каарман Шариков менен салыштырды:

- Мен чынын айтканда дебаттарды эмес, кечирим сурайт деп күткөм. Анын ордуна баягы эле абройго шек келтирген сөздөр, калп, арзан популизм. Ар кандай, "Биринчи акчаңыз кайдан пайда болду эле, биринчи миллионду кайдан алгансыз?" деген суроолор бар экен. Илгери-илгери эле улуу орус жазуучусу Михаил Булгаков өзүнүн "Иттин жүрөгү" романында башында мандеми бар каарман Полиграф Шариковду сүрөттөгөн. Ал бирөөлөрдөн алып башкаларга бөлүп берүүнү кыялданчу. Сен, Алексей ошол Полиграфтын кудум өзү болуп баратасың. Эгер Шариков жөн гана акылсыз шарик болсо, демагог болсо, сен кыйла эле алыс барасың, сен өтө чебер жалганчысың.

Биринчи видеокайрылуусунда көптөр белгилешкендей, орус кримтөбөлдөрүнө таандык кыймыл-аракеттери менен Усманов Навальныйды "ийгиликсиз адам" деп атап, пилге үргөн күчүккө салыштырган. Ал эми Навальный да жөн калбай ага жооп кайтарып, Усмановду жаңыдан баштап жаткан блогер деп атаган.

- Бардык жаңылыктардагы бүгүнкү башкы тема - Алишер Бурханович Усманов сыяктуу жаңы видеоблогердин пайда болушу. Ал негизги орусиялык олигархтардын бири, калп айтпасам, 15 миллиард доллардай байлыкка ээ. Бул "Форбс" журналынын соңку баяндамасына ылайык алынган маалымат. Усманов мага 12 мүнөттүк видеокайрылуу жасаган экен, - деген Алексей Навальный Youtube каналындагы баракчасы аркылуу ишкерди айыптаганды улантып, аны коомдук дебатка чакырган.

Навальный Усманов беш миллиард рубль турган хан сарайды "Соцгоспроект" фондуна белекке бергенин жана муну коррупция деп эсептерин кошумчалаган. Усманов өзүнүн экинчи видеокайрылуусунда Навальныйдын дебат боюнча сунушунан баш тартты:

- Кайдагы дебаттарды айтасың? Бул калп менен чындыктын ортосунда дебат өткөрүү аракетине барабар. Экөөбүздүн дебат эми сотто болот. Буга негиз берүү үчүн сен күн сайын аракет кылып жатасың. Сотто сага чындык менен калптын ортосундагы айырманы түшүндүрүп беришет, Алексей Полиграфович Навальный.

Оппозициячынын “Ал силерге Димон эмес” деген иликтөөсүндө Дмитрий Медведев интернет колдонуучулар кыял-жоругунан улам "Димон" деп тамашалагандай адам эмес, ал жөн гана сырткы имиджи, а чынында миллиарддарды уурдаган киши деп баяндалган. Жалпы 70 млрд рублден ашкан мүлктөрдү өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеген Медведев кантип тапты деп, 26-мартта Орусиянын ондогон шаарларында нааразылык акциялары өткөн.

Москванын борборунда өткөн уруксатыз митингде Навальный кармалып, полиция кызматкерине баш ийбеди деген айып менен 15 сутка абакта отуруп чыккан. Ага карабай оппозициячы 12-июнда да массалык акция өткөрүү ниетин билдирүүдө. Орус президенти Владимир Путин Навальныйды 2018-жылы өтчү президенттик шайлоого өзүн көрсөтүү үчүн митингдерди колдонууда деп сынга алган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG