Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:58

Орусия атылган учак үчүн Израилди айыптады


Орусиянын Ил-20 радиоэлектрондук чалгын учагы.
Орусиянын Ил-20 радиоэлектрондук чалгын учагы.

Сирияда Орусиянын аскерий учагы кыйрап, 15 аскер кызматчысы мерт болду. Чалгынчы учакты Жер Ортолук деңиздин чыгыш бөлүгүндө Сириянын абадан коргонуу күчтөрү жаңылыш атып алганы айтылды. Бирок окуя үчүн орус тарап Израилди айыптады.

Орусиянын Коргоо министрлиги Сириянын аба мейкиндигинде ИЛ-20 аскерий учагынын атып түшүрүлгөнүнө байланыштуу Израилди “акылсыз аракеттерге” барды деп айыптады.

“Орусиялык учактын атып түшүрүлүшү жана экипаждын өлүмү үчүн күнөө толугу менен Израил тарапта. Орусиянын Коргоо министрлиги координациянын түрдүү каналдары аркылуу Израилге Сириянын аймагына сокку уруудан карманууну, бул орусиялык аскер кызматчылардын коопсуздугуна коркунуч жаратарын бир нече ирет эскерткен”, - деди Москвадан Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу.

Ал эми министрликтин басма сөз катчысы Игорь Конашенков орус учагы кандай жагдайда атып түшүрүлгөнү боюнча буларга токтолду:

Игорь Конашенков.
Игорь Конашенков.

- Орусиянын учагына жашырынуу менен Израилдин учкучтары аны Сириянын абадан коргонуу системасынын огуна кептешти. Израилдин авиацияны башкаруу каражаттары жана F-16 учагынын учкучтары беш миң чакырым бийиктиктен конуп келаткан орусиялык учакты көрбөй коё алмак эмес. Алар бул чагымга атайлап барышты. Пландалган операциясы тууралуу Израил Орусиянын, Сириянын командачылыгына күн мурунтан маалымат берген эмес. Чукул байланыш аркылуу кабар соккудан бир мүнөт мурда эле келди. Орусиялык учакты коопсуз аймакка чыгаруу мүмкүн болгон жок. Израилдин бул чагымчыл аракеттерин душмандык деп баалайбыз. Израилдин аскер кызматчыларынын жоопкерсиз аракетинен орусиялык 15 аскер кызматчы мерт болду. Бул орусиялык-израилдик өнөктөштүктүн духуна жооп бербейт.

Орусиянын маалыматына караганда, алардын учагы радардан Сирия жээгинен 35 чакырымдай алыстыкта, 17-сентябрда жергиликтүү убакыт боюнча түнкү саат 11де жоголгон. Бул учурда Израилдин F-16 учактары Сириянын Латакия провинциясындагы бир нече бутага сокку уруп, мунун артынан жарылуулар болгон. Израил буга чейин Сирия аймагында ал Ирандын аскерий жайлары деп санаган буталарга абадан сокку уруп келгени белгилүү.

Израилдин F-16 учагы. Сүрөт качан тартылганы белгисиз.
Израилдин F-16 учагы. Сүрөт качан тартылганы белгисиз.

Орусиялык учакты Сириянын абадан коргонуу күчтөрү орусиялык өндүрүштөгү С-200 зениттик-ракеталык комплекси менен аткан.

Израилдин жообу

Израилдин армиясы Орусиянын айыптоосун четке какты жана орусиялык учактын атылышы үчүн президент Башар Асаддын күчтөрү жоопкер экенин белгиледи.

"Израил орусиялык учактын экипаж мүчөлөрүнүн өлүмүнө кайгырат. Израил орусиялык учактын атылышы үчүн күнөөнү Асад режиминин армиясына жүктөйт, бул инцидент үчүн толугу менен алар жоопкер",- деп белгиленет өлкөнүн Коргонуу күчтөрүнүн билдирүүсүндө.

Израил ошондой эле билдирүүсүндө бул окуя үчүн президент Башар Асадды колдогон Ирандын өнөктөшү - "Хезболла" тобу да жоопкер экенин кошумчалады.

Билдирүүдө "Сириянын абадан коргонуу батереялары тандабастан атышты, биз түшүнгөндөн аба мейкиндикте Орусиянын учагы жоктугуна ынанууга аракеттенишкен. Израил бул ишке байланышкан фактыларды далилдөө үчүн болгон маалыматтын баарын Орусия менен бөлүшөт", - деп айтылган.

Идлиб макулдашуусу

Кремлдин өкүлү Дмитрий Песковдун айтымында, бул окуянын Орусия менен Түркиянын Идлиб боюнча дүйшөмбү күнкү макулдашууларына эч таасири тийбейт. Президенттер Режеп Тайип Эрдоган менен Владимир Путиндин Сочидеги соңку сүйлөшүүлөрү эгер Сириянын Орусия жана Иран колдогон өкмөттүк күчтөрү Идлиб провинциясына чабуул жасап, аскерий операцияга барса мунун арты ири “гуманитардык трагедияга, кыргынга жана кыйроого” айланат деген эскертүүлөрдүн шартында өткөн.

Мына ушундай мазмундагы эскертүүлөрдү акыркы апталарда Улуттар Уюму, АКШ баштаган Батыш мамлекеттери жана түрк президентинин өзү да утур-утур жасап, аскерий чабуулга жол бербөө зарылдыгын айтып келишти.

Эми Идлиб боюнча мунаса табылышын Иран, Сириянын өкмөтү жана оппозициячыл топтору да кубатташты. Бирок мамлекеттик САНА агенттиги өкмөт “терроризмге каршы күрөштү” улантарына, оппозиция бирикмеси – "Сириянын сүйлөшүү комиссиясы" акыркы макулдашуу жайкын тургундардын өмүрүн сактарына көңүл бурду:

Режеп Тайып Эрдоган.
Режеп Тайып Эрдоган.

- Биз оппозиция менен режим көзөмөлдөгөн райондор ортосунда куралдан эркин зонаны түзүүнү макулдаштык. Оппозиция ал азыр бар аймактарда кала берет. Биз Орусия менен бирге аныкталган радикал топтор бул зонада активдүү болбошун кепилдейбиз. Орусия болсо Идлибдеги деэскалация зонасына чабуул коюлбашы үчүн зарыл чараларды көрөт. Түркия менен Орусия демилитаризациялык зонанын аныкталган эки чек арасында тең көзөмөлдү координациялайт. Түркия Идлиб деэскалация зонасында азыр эле бар байкоочу бекеттерин чыңдайт. Менимче, бул макулдашуу менен биз Идлибдеги ири гуманитардык кризистин алдын алдык, - деди президент Эрдоган Сочидеги басма сөз жыйында.

Ал айткан куралдан эркин буфердик аймак Идлибде 15-октябрга чейин түзүлүшү керек:

- Демилитаризациялык аймакал жактан радикалдык маанайдагы согушкерлерди, анын ичинде “Жабхат ал-Нусраны” чыгаруу менен түзүлөт. 2018-жылдын 10-октябрына карата Түркия президентинин сунушуна ылайык, бул аймактан бардык оппозициячыл топтордун оор куралдары: танктар, ракеталык системалар, миномёттор, замбиректер да чыгарылышы зарыл, - деди орус президенти Путин макулдашуунун айрым өңүттөрү тууралуу.

Бирок Путин да, Эрдоган да алар айткан “радикал козголоңчуларды” президент Башар Асадга каршы башка топтордон кантип жана кандай жол менен ажыратышарын түшүндүргөн жок.

Идлиб провинциясындагы качкындар лагерлеринин бири. 11-сентябрь, 2018-жыл.
Идлиб провинциясындагы качкындар лагерлеринин бири. 11-сентябрь, 2018-жыл.

Орус президенти айткан “Жабхат ал-Нусра” тобу 2016-жылга чейин “Ал-Каиданын” Сириядагы бөлүмү деп саналчу. Азыр мурдагы “Жабхат ал-Нусра” үстөмдүк кылган исламчыл топтордун бирикмеси “Тахрир ал-Шам” деп аталып калган.

Сириянын түндүк-батышында жайгашкан, Түркияга чектеш Идлиб провинциясы - президент Башар Асаддын режимине каршы козголоңчул күчтөрдүн акыркы маанилүү таянычы. Ал жерде козголоңчулардын түрдүү топтору бар.

Жалпысынан бул провинцияда, Улуттар Уюмунун эсебинде, үч миллиондой адам жашайт, алардын 1,5 миллиону Сириянын башка бөлүктөрүнөн жер которуп келгендер.

Улуттар Уюму буга дейре эгер Идлибге аскерий чабуул башталса, кеминде 900 миңге жакын киши качууга аргасыз болорун болжолдогон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG