Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:04

Сочи күндөлүгү: Орусия төртүнчү орунга чыкты


Орусия -- Роза Хутор лыжа базасындагы мелдештер, Сочи, 16-февраль, 2014.
Орусия -- Роза Хутор лыжа базасындагы мелдештер, Сочи, 16-февраль, 2014.
Дмитрий Трелевскийдин абалы дурус

Бүгүн, 16-февралда Сочи олимпиадасына жаракат албаса Дмитрий Трелевский алгачкы мелдешке катышмак. Тилекке каршы, 12-февралда машыгуу учурунда жыгылып, буту тизесинен ылдый сынып кеткен. Учурда Дмитрийдин ал-абалы дурус. Олимпиадалык айылдагы ооруканадан сынган бутуна шакшак коюлган. Учурда шишиги тарап калды. Ал азыр Красная полянадагы олимпиадалык айылда дарыланып жатат.

Трелевский Олимпиада ачылышында Кыргызстандын туусун көтөрүп чыккан. Сочи, 7-февраль.
Трелевский Олимпиада ачылышында Кыргызстандын туусун көтөрүп чыккан. Сочи, 7-февраль.
Анын ордуна олимпадага катышканы келген Евгений Тимофеев Роза Хутор лыжа базасында машыгууларын өткөрүп жатат. Ошентип кырсыктын кесепетине байланыштуу эми 19 жаштагы бишкектик Евгений Тимофеев Сочи олимпиадасында өлкө намысын коргойт. Ал дагы олимпиадага катышуу үчүн бардык талаптарды мурда эле аткарган. Бирок Трелевскийдин көрсөткүчү, упайлары жогору болгондуктан Тимофеев ага жол бошотуп берген эле.

Эми Евгений Тимофеев Сочи олимпиадасында эки түрдөн: 19-февралда гигант слалом жана 22-февралда слалом боюнча мелдештерге катышат.

Германия дале алдыда, орустар намыстана баштады

Сочидеги кышкы олимп оюндарында учурда жеңип алган медалдардын саны жана сапаты боюнча германиялыктар дале топ баштап келүүдө. 15-февралда алар 7 алтын, 3 күмүш жана 2 коло байгелүү болду. Экинчи орунда швейцариялык спортчулар турат. Алар бир алтын байгенин артыкчылыгы менен орустардан өйдөкү тепкичте. Кечээки оюндардын жыйынтыктары боюнча, учурда 7-орундан дароо 4-орунга орусиялыктар көтөрүлдү. Алар бүгүнкү күнгө чейин 4 алтын, 6 күмүш жана 5 коло байгелүү болуп, Ванкувердеги көрсөткүчтөн жогорулады. Канада 4-орунда, Голландия менен АКШнын спортчулары 5-6-орунда келүүдө.

Оюндун башында лидер болуп келатышкан норвегиялык спортчулар азырынча 7-орунга жылып калышты. Ал эми Азия өлкөлөрүнөн Кытай 9-орунда келүүдө. Алардын 3 алтын, 2 күмүш байгеси бар. Учурда жапондор 1 алтын, 3 күмүш жана коло байгеси менен 14-орунда. Ал эми Ванкуверде 5-орунга жеткен түштүк кореялык спортчулар Сочиде 1 алтын, 1 коло байгелүү болуп, 16-орунда турат. Салыштырсак, алар Ванкуверде 6 алтын, 6 күмүш жана 2 коло медаль уткан.

Ошентип азырынча 88 өлкөдөн 25 мамлекет гана байгелүү орундарды ээледи. Учурда Борбор Азия өлкөлөрүнөн Казакстандын бир коло медалы бар. Аларга көркөм муз тебүү мелдешинде Денис Тен коло байгени мурда күнү утуп берди.

Виктор Анды чанган кореялыктар бармак тиштеди

Кечээки 15-февраль орусиялыктар үчүн олжолуу болду. Аларга скелетон чана жарышында дүйнө чемпиону Александр Третьяк алтын медаль утуп берди. Ал Ванкувер олимпиадасында коло байгелүү болгон.

Виктор Ан (солдо), 15-февраль, Сочи.
Виктор Ан (солдо), 15-февраль, Сочи.
Алты жыл мурда Түштүк Корея өлкөсү тизеси сынган Виктор Анды эсептен чыгарып, чоң ийгилик жарата албайт дешип, көңүл бурбай койгон. Ал 2011-жылы Орусиянын жарандыгын алып, кайраты, эрки күчтүү экенин далилдеп, 4 жолку оор операциядан кийин кайрадан жылдызы жанды. Кечээ кечинде Виктор Ан Орусияга шорт-трек жарышында алтын медаль утуп берди. Ал 10-февралдагы жарышта марага үчүнчү келип, коло байгелүү болгон.

Ошондой эле Виктор Ан 2006-жылы Италиянын Турин шаарында өткөн кышкы олимпиадалык оюндарда Түштүк Кореяга 3 алтын медаль утуп берген эле. Ал дүйнөнүн көп жолку чемпиону, дүйнө кубогун бир нече жолу уткан даңазалуу спорт чебери. Анын корейче аты-жөнү Хен Су Ан болгон. Орусияга келгени рок-жылдыз Виктор Цойдун урматына ушул атты тандап алган.

Бүгүн, 16-февралда учурда Роза Хутор тоо лыжа базасында эркектер арасында супергигант жарыштары өтүп жатат. Ошондой эле эр-азаматтар арасында лыжасы менен 40 км. аралыкка 4 кишилик эстафеталык жарышуу мелдештери Бишкек убактысы боюнча 4тө башталат. Ал эми коньки жарыштары, сноуборд, бобслей жана көркөм муз тебүү мелдештери Бишкек убактысы боюнча кечки төрттөн түнкү саат 12ден өткөнгө чейин болмокчу.

Бүгүнкү башкы таймаш - Лаура тоо лыжа айдыңында эркектер арасындагы биталон мелдеши болмокчу. 15 км. аралыкка массалык жарыш кечки саат 9да старт алат. Сочиде күйөрмандар арбын келген хоккей мелдештери болууда.

Орусия менен АКШ хоккей командаларынын мелдеши. Сочи, 15-февраль.
Орусия менен АКШ хоккей командаларынын мелдеши. Сочи, 15-февраль.
Бүгүн Хоккей боюнча кыз-келиндер чейрек финалда күч сынашат. Мында финдер менен германиялыктар, жапондуктар менен орусиялык кыз-келиндер командалары мөөрөй талашат. Ал эми эркектер командаларынан финдер менен канадалыктар, америкалыктар менен словениялыктар, Австрия менен Норвегия беттешет.

Бүгүнкү күндүн башкы мелдеши Орусия менен Словакиянын таймаштары болмокчу. Эгерде орустар бул мелдешти утса гана чейрек финалга чыгышат. Анткени, кечээ алар АКШ командасынан 3:2 эсебинде жеңилип калышкан эле. Бүгүн хоккейден эркектердин мелдештери да Бишкек убактысы боюнча кечки саат 6 жарымда жана түнкү саат 11де башталат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG