Орусиянын оппозициячыл күчтөрүнүн кезектеги акциясы Москванын Пушкин аянтынан башталды. "Эркин Орусиянын манифести" кабыл алынды.
Жүрүш шаардын борборунун Сахаров аянтында митинг менен аяктады.
“Азаттыктын” орус кызматынын кабарына караганда, “Миллиондор маршына” чыккандар “Баардык бийлик элге”, “Полициялык мамлекет жоголсун” деген ураан-чакырыктарды көтөрүп жүрүштү.
Орусиянын баш калаасында өтчү "Миллиондор маршын" утурлап, полиция дүйшөмбдө оппозициялык лидерлердин үйлөрүн тинтүүгө алды. Алардын көбү бүгүн Тергөө комитетине суракка чакырылды.
2/7"Путиндин көзү чындыктан коркот! "
Орусиянын баш калаасында өтчү "Миллиондор маршын" утурлап, полиция дүйшөмбдө оппозициялык лидерлердин үйлөрүн тинтүүгө алды. Алардын көбү бүгүн Тергөө комитетине суракка чакырылды.
3/7Дагы Путин

4/7Жарандар тосмодон ичкериге өтүшөт
Орусиянын баш калаасында өтчү "Миллиондор маршын" утурлап, полиция дүйшөмбдө оппозициялык лидерлердин үйлөрүн тинтүүгө алды. Алардын көбү бүгүн Тергөө комитетине суракка чакырылды.
5/7

6/7Жүрүшкө тизилген катарлар
Орусиянын баш калаасында өтчү "Миллиондор маршын" утурлап, полиция дүйшөмбдө оппозициялык лидерлердин үйлөрүн тинтүүгө алды. Алардын көбү бүгүн Тергөө комитетине суракка чакырылды.
7/7

Артка
Алдыга
Оппозициянын бул акциясы алдында Москвада жарандык активисттердин үйлөрүнө массалык тинтүү жүргүзүлдү. Алардын компьютерлери, телефон жана башка байланыш-маалыматтык жабдыктары алынды.
Ага катар оппозиция активисттери Илья Яшин, Сергей Удальцов, Алексей Навальный, тележурналист Ксения Собчак 6-майдагы митингде демонстранттар менен полициянын кагылышуусуна алып барган деген негизге байланыштуу прокурорлор тарабынан суракка алынышты.