Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:07

ФКК менен “Телеграмдын" тиреши


"Роскомнадзор" “Телеграм" социалдык тармагын жабуу жөнүндө арыз менен сотко кайрылды. Ал бул кадамга “Телеграмдын" жетекчилигине коюлган талап аткарылбагандан кийин барганын айтууда. Мекеме буга чейин кат чабарманынын колдонуучуларынын сыр сөздөрүн ФККга тапшырууну талап кылган.

Орусиянын көзөмөлдөөчү органы болгон "Роскомнадзор" өлкөдө "Телеграм" социалдык тармагын жабуу жөнүндө арыз менен сотко кайрылганын мекеменин маалымат бөлүмү 6-апрелде кабарлады.

"Интерфакс" агенттигинин маалымдашынча, арыз Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФКК; орусча ФСБ) талабы менен жазылган. "Роскомнадзор" “Телеграмга” ал уюштурган кат чабарманы ("мессенжер") кызматынын колдонуучуларынын сыр сөздөрүн ФККга тапшырууну талап кылып, 5-апрелге чейин мөөнөт берген.

“Телеграмдын" юристтеринин бири Павел Чиков:

- "Телеграм" мессенжеринин туруму мурдагыдай эле – ФККнын колдонуучулардын жеке сүйлөшүүлөрүнө ачкычты талап кылуусу Конституцияга каршы келет, мыйзамдарга негизделген эмес. Бул техникалык жана юридикалык жактан аткарууга такыр мүмкүн эмес жана аны жабууну талап кылуу да негизсиз, - деп жазды.

Федералдык коопсуздук кызматынын башчысы Александр Бортников ушул жумада Орусияда былтыр төрт теракт жасалса, дагы 25 терактты токтотуп калууга мүмкүн болгонун билдирген. Ал бардык учурда согушкерлердин аракети дүйнөлүк желедеги электрондук кат чабармандарынын (мессенжерлердин) жардамы менен көзөмөлдөнүп турганын кошумчалаган. ФКК башчысы бул каражат анын ичинде Ирак менен Сириядан башкарылып турганын айткан:

- Азыр эл аралык көмүскө уюмдардын заманбап маалымат жана телебайланыш технологияларын колдонуусу өтө жогору. Сөз Интернеттеги жигердүү үгүт жана азгыруу иштери жөнүндө гана болуп жаткан жок. Мен шифрлүү интернет-коммуникациялык каражаттарды, электрондук банкингдерди, террорчул ишмердикти жана анын каржылануусун башка жерде туруп эле башкара алган криптовалюталарын масштабдуу түрдө колдонулушун эске алып жатам.

Бортников шифрлүү интернет-байланыш каражаттар дегенде "Телеграмды" белгилеп жатат.

Орусия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков "Телеграмды" бийликтегилер да колдонорун моюнга алды:

- Көптөгөн мессенжерлер бар, "Телеграм" абдан ыңгайлуу. Чындыгында биз аны журналисттер менен сүйлөшүү үчүн да колдонобуз. Эгер мунаса табылбай калса, абдан өкүнүчтүү болот. Бирок мыйзам деген мыйзам.

Ал эми "Агора" эл аралык укук коргоо борборунун юристти Дамир Гайнутдинов сот бийлик каалагандай чечим чыгарат деген ойдо:

- Чындыгында, “Телеграмды” жабуу боюнча сот чечими бир эле күндө чыгышы мүмкүн. Саясий өңүтү бар иштерде, эгер буйрутма болсо, аны орусиялык соттор өзгөчө ыкчамдык менен караган учурлар болгонун билебиз да.

Мурдараак Орусиянын Жогорку соту “Телеграм” социалдык тармагына каршы ФККнын жазган доо арызын кароодон баш тарткан.

Орусия президентине караштуу Адам укуктары боюнча кеңештин мүчөлөрү "Роскомнадзорду" “Телеграм” түйүнүн жабуудан баш тартууга чакырып, ал эми атайын кызматты улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген колдонуучулардын кат алмашуусун мыйзамдуу түрдө алыш үчүн башка жолдорду табууну сунуш кылган.

"Телеграмды" Орусияда төрөлүп өскөн Павел Дуров негиздеген. Ал Орусиядан 2014-жылы чыгып кеткен жана азырынча мекенине кайтып келбестигин билдирген. 2017-жылы “Форбс” журналы аны орусиялык 200 миллиардердин катарына кошкон жана байлыгын 1,7 миллиард доллар деп баалаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG