Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:10

"Салам, Масква" - мигранттардын үнү


"Салам, Масква" аттуу тасма Орусиянын 1-каналынын сайтына жайгаштырылып, анын көргөндөрдүн саны 10 миллиондон ашты.
"Салам, Масква" аттуу тасма Орусиянын 1-каналынын сайтына жайгаштырылып, анын көргөндөрдүн саны 10 миллиондон ашты.

Мигранттар тууралуу "Салам, Масква" деп аталган сериал тартылууда. Тасмада Москвага агылган мигранттардын турмушу ачык баяндалат. Адистер бул кино жергиликтүүлөрдү мигранттарга карата толеранттуу болууга тарбиялайт деп ишенишет.

Орус кинорежиссерлору Москваны каптаган мигранттар тууралуу “Салам, Масква” аттуу жаңы сериал тарта башташты. Ал сериалдын негизги каармандары - башка улуттагыларды жаман көргөн жергиликтүү полиция кызматкери жана анын дагестандык кесиптеши. Алар Москвада мигранттар арасындагы кылмыштуулук менен күрөшөт. Кинодогу бардык окуялар мына ушул бири-бирин сүйбөгөн эки тартип сакчысынын айланасында өнүгөт.

Кино мигранттарга байланыштуу коррупция, кыйноолор, кемсинтүүлөр менен бирге мигранттардын чындыгын, азаптуу турмушун москвалыктарга ачып бергенге аракет кылат.

- Мен кинодо мигранттардан алган таасирлеримди болушунча чагылдырганга аракет кылдым. Коомдо, көчөлөрдө, телеэкрандарда, деги эле жашоодо мигранттарга болгон жек көрүү мени абдан тынчсыздандырат. Мен ушул кино аркылуу мигранттарга болгон жек көрүү эмес, сүйүү көп болушун каалар элем, - дейт тасманын режиссёру Павел Бардин.

Улутчулдар кыргыз мигранттарына метродон кол салып жаткан учуру
Улутчулдар кыргыз мигранттарына метродон кол салып жаткан учуру

"Салам, Масква" сериалында “чурка” дегендей мазактоолорду күн сайын угуп, жапа чегип жүргөн келгиндер өздөрү каарман болушат. Фильмдин авторунун айтымында, сериалга тартылып жаткан мигранттардын чыныгы турмушу кино тартууга реалдуу мисал болуп берген.

- Биз киного элге белгилүү болуп калган адамдарды чакырган жокпуз. Анткени эч кимге белгисиз, бирок күн сайын көчөлөрдө жолуктуруп жүргөн мигранттарды тартканга аракет кылдык. Ал үчүн тартынбаган, ачык, чечкиндүү адамдарды мигранттардын өздөрүнүн ичинен таптык. Маселен кассир болуп иштеген мигрант кызды супермаркеттин кассасынан таптым. Ал съемка жүрүп жатканда келбей калды. Сурап көрсөк, аны полиция каттоосу туура эмес деп кармап кетип, камап салыптыр. Ал кызды полициядан чыгарып келип тартканга туура келди. Дегеним кино дал ушундай реалдуу мисалдарды камтыйт.

Тасмада негизинен Москвадагы тажик, вьетнам, дагестандык жана башка улуттагы мигранттардын турмушу кенен чагылдырылат. Жергиликтүүлөр менен мигранттардын ич-ара чыр-чатактары, алака-катнашы, улуттар аралык баш кошуулар, кылмыштар жана баалуулуктардын кагылышуулары сүрөттөлөт.

- Өзүңө окшош эмес адамды кабыл албоо темасы өтө маанилүү. Теринин түсү, тарбиясы, маданияты, дүйнө таанымы, социалдык абалы сеникинен айырмаланган адамды кабыл алуу дайыма эле кыйын. Эгерде кызматтык милдет тууралуу сөз болгондо биз бардык адамдар бирдей экенине, алардын баары сүйүүгө, урматтоого татыктуу экенин көрсөткүбүз келди. Кылмышкердин териси, жынысы, социалдык абалы болбой турганын түшүндүргүбүз келди.

Учурда бул сериал телеканалдардан көрсөтүлө элек. Сериалдын алгачкы бөлүгү Орусиянын 1-каналынын сайтына гана жайгаштырылды. Кино азыртадан оозго алынып, биринчи сериясын 10 миллиондон ашык адам көрүп чыккан.

Орусияда мигранттар маселеси 90-жылдардан кийин курчуган. Учурда бир эле Москва шаарында КМШ өлкөлөрүнөн келген үч миллиондон ашык мигрант иштейт.

XS
SM
MD
LG