Бул иш-аракеттер (танктар, БТР, артиллерия жана көмөкчү жабдуулар) мурда байкалган жайгаштыруу схемасынын өзгөргөнүн айгинелейт. Буга чейин аскер күчтөрүнүн көбү негизинен аскердик гарнизондордо жана машыгуу аймактарында же алардын жанында жайгашкан болчу.
Украинанын чек арасына топтолгон орус күчтөрү (Сүрөт баян)

1
Бул сүрөттөн Орусиянын Солоти аймагына аскерлер менен техниканын жайгашканын көрүүгө болот. 20-февраль, 2022-жыл.

2
Түштүктү көздөй бараткан батальон, Солоти, Орусия. 20-февралда Солотидеги аскер техникаларынын көп бөлүгү конвойдун коштоосунда башка аймакка көчүрүлдү.

3
Солоти. Аскер жана техникалар чыгарылгандан кийин.

4
Орусиянын Валуйки аймагынан 20-февралда спутниктен тартылган бул сүрөттөн тик учактарды, аскерлерди жана башка техникаларды байкоого болот.

5
Валуйки. Тик учактар.

6
Бак-дарактын арасында турган аскер техникалары.

7
Орусия, Валуйки аймагы. Украинанын чек арасына жакын жерге жаңы жайгаштырылган аскер техникасы. 19-февраль, 2022-жыл.

8
Белгород шаарына жакын жердеги токтойдун арасына жаңы жайгаштырылган аскерлер жана аскер техникалары. 20-февралда тартылган сүрөт.

9
Белгород шаарына жакын жердеги өнөр жай ишканасына жайгашкан аскерлер.

10
Бак-дарактардын далдоосуна жайгаштырылган техника.

11
Орусия аннексиялап алган Крымдагы Донузлав көлүнүн жээгиндеги тик учактар жана аскерлер. 18-февраль. 2022-жыл.

12
Донузлав көлүнүн жээгиндеги тик учактар.