Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:35

Путиндин мыйзамына ненецтер макул эмес


Шайлоо участогу. Орусия.
Шайлоо участогу. Орусия.

Орусияда Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча бир жумалык добуш берүү жыйынтыкталды.

Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча бир жумалык добуш берүүнүн жыйынтыгы чыккандан кийин президент Владимир Путин орусиялыктарга «колдоо жана ишеним көрсөткөнү» үчүн алкыш айтты.

«Өлкөнү, анын институттарын бекемдеш үчүн бизге ички туруктуулук менен убакыт керек», - деди өлкөнү дээрлик 20 жылдан бери башкарып келе жаткан Путин.

Жалпысынан Кремль добуш берүүнү «Путинге ишеним көрсөтүүнүн триумфалдык жыйынтыгы» катары баалайт.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) жалпы 110 миллион шайлоочунун 68% добуш берүүгө катышып, алардын 78% Баш мыйзамды өзгөртүү үчүн, 21% каршы добуш бергенин жарыялады.

1-июлдун кечинде добушканалар жабылып, добуштардын 30% саналганда эле БШКнын төрайымы 74% көбү Путиндин референдумун колдоп бергенин айткан.

Элла Памфилова.
Элла Памфилова.

«Мен муну өзүнүн атуулдук миссиясы катары кабыл алган Орусиянын жарандарына ыраазычылык айткым келет. Мыйзамдагы өзгөртүүлөрдү окуп, ойлонуп, добуш берүүгө келип же өз эркин башка жол менен билдирүү - бул жарандык милдет, эмгек», - деген Орусиянын БШКсынын башчысы Элла Памфилова.

Расмий билдирүүлөргө ылайык Путиндин Конституцияны өзгөрткөнүн Чеченстан, Тува, Ямал-Ненец аймактарындагы калктын 90% ашыгы колдогон.

Ал эми Ненецк автономдук аймагынын тургундары Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы эң көп добуш беришкен (55,25%).

Кремль ненецтердин мындай маанайына аймакты Архангелск облусуна кошуу тууралуу сөз таасир этиши мүмкүн деп эсептейт.

Бир катар оппозициячылар, саясий серепчилер менен көз каранды эмес байкоочулар бул ирет добуштар мурда болуп көрбөгөндөй массалык түрдө бурмаланганын айтышты. Алар Владимир Путинге 2024-жылдан кийин да эки жолку президенттик мөөнөттү камсыз кылган бул конституциялык өзгөртүүлөрдү башынан мыйзамсыз деп таанууга чакырып жатышат.

Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыккан «Жок» кыймылынын уюштуруучулары өздөрүнүн сурамжылоолоруна таянып, Москва менен Санкт-Петербургда эле шайлоочулардын жарымынан көбү каршы добуш бергенин билдиришти.

42 аймакта добуш берүүгө байкоо жүргүзгөн «Голос» кыймылы бул жолку добуш берүү Орусиянын тарыхында элдин эгемендигине кол салуунун үлгүсү катары сакталып калат деп баалады.

«Баш мыйзамды өзгөртүүнүн демилгечилери менен добуш берүүнү уюштуруучулар түзгөн шартта элдин эркин эркин аныктоого башынан мүмкүн эмес эле. Добуш берүүнүн Борбордук шайлоо комиссиясы билдирген жыйынтыгы гана эмес, добуш берүүгө катышкандардын, каршы жана колдоп добуш бергендердин саны да бурмаланды. Мурда мындай добуш берүү болуп көргөн эмес. Бул добуш берүү өлкө тарыхында элдин эгемендигине кол салуунун үлгүсү катары сакталып калат», деп жазылат «Голос» кыймылы таркаткан билдирүүдө.

Анткен менен саясий серепчилердин арасында добуш берүүгө калктын 68% гана катышканын, анын 21% көбү каршы добуш бергенин белгилеп, бул Путин жалпы орусиялыктардын дээрлик үчтөн биринин колдоосун жоготконун көрсөтүп турганын айткандар бар.

«Мурда чынында Путинди башкалардан артык көрүп колдогондор басымдуулук кылса, азыр Кремль менен Путин буга такыр окшошпогон, такыр башка абалда калышты. Эми алар бийликте тобу менен калыш үчүн көпчүлүктү тартууга муктаж. Бул добуш берүүдө мүмкүн болгон бардык нерселер атайылап жасалды, бурмаланды. Ошол эле чатырларда добуш берүү, добуш берүүнү бир жумага созуп коюу – мунун баары фикция. Бул ийнени үстүндө тургандай эле абал. Мен кыймыл эми башталат деп ойлойм. Биринчи кезекте Путиндин айланасында башталат. Ал мурунку мөөнөттөрүн жокко чыгарууну добушка коюу менен айланасына бүлүк салды», - дейт саясий серепчи Глеб Павловский.

Жаңы Конституция Путиндин мурдагы президенттик мөөнөттөрүн жокко чыгаргандан тышкары президенттин ыйгарым укуктарын да кыйла кеңейтет. Бардык бийлик бутактарына – мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлигине таасирин күчөтөт. Орус президенти Жогорку сот менен Конституциялык соттун судьяларынын талапкерлигин дайындоого көрсөтүп, аларды кызматтан алып да коё алат.

Федерация Кеңешине 30дай өкүл дайындоого, өкмөттү таркатпай туруп премьер-министрди алмаштырууга укук алат.

Орусиянын Конституциясы эл аралык келишимдер менен милдеттерден жогору турат. Орус тили мамлекеттин уңгусун түптөгөн элдин тили катары белгиленип, өлкөдө эркек менен аялдын никеси гана таанылат.

Шайлоо бюллетенин эсептегендер.
Шайлоо бюллетенин эсептегендер.

Орусияда Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча добуш берүү 25-июндан 1-июлга чейин өттү.

Коронавирус пандемиясынан улам бийлик бул ирет добуш берүүнү бир жумага созуп, каалоочуларга үйдөн жана почта аркылуу добуш берүүгө уруксат берген. Добушканалар эшикте, чатырларда уюштурулуп, добуштар шайлоо тилкелерине жакын жерлерден да топтолгон.

Буга чейин добуш берүүгө байкоо жүргүзгөн серепчилер өкмөттүк мекемелердин кызматкерлери добуш берүүгө мажбурланып, административдик ресурс колдонулганын, коронавируска шылтап киргизилген жаңы шарттар «добуштарды бурмалоого гана» жол ачканын, үйлөрүндө добуш бергендер он эселеп көбөйтүлүп жазылганын айтышкан.

«Открытые медиа» басылмасы Москвадагы добушканаларда катталган мыйзам бузуу боюнча иликтөө жасаган.

Анда акыркы президенттик шайлоого салыштырмалуу мыйзам бузуу дээрлик эки эсе - 382ден 662ге көп катталганы көрсөтүлөт.

Иликтөөчү журналисттер кээ бир добушканаларда бюллетендер түнү менен урналарга ыргытылганын, кээ бир шайлоо тилкелеринде шайлоочулардын тизмеси жашырылып, добуш бергендердин көрсөткүчү кыйла көтөрүлүп жазылганын, адамдарды добуш берүүгө топ-тобу менен алып келген учурларды катташкан.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG