Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:25

Ректорду ким тандайт? Шайлоону дайындоого алмашуу сунушу


Жогорку окуу жайларды башкарууну оптималдаштыруу демилгеси коомчулукта кызуу талкуу жаратууда. Жогорку Кеңеш, Министрлер кабинети “Билим берүү жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” долбоорлор сунуштап, ага ректорлорду шайлоо эрежесин жоюп, дайындоону калыбына келтирүү жобосун киргизди.

Буга кандай жагдайлар себеп болду? Академиялык эркиндикти камсыздоо, демократиялашуу максатын көздөгөн шайлоо системасын жоюу артка чегинүү эмеспи? “Арай көз чарай” талкуусунда ушул жана башка суроолорду талкуулайбыз.

Талкууга Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева, Билим берүү министринин орун басары Расул Абазбек уулу, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын проректору Кеңеш Ырысов, Казакстандагы Назарбаев университетинин профессору Дүйшөн Шаматов катышты.

Расул Абазбек уулу
Расул Абазбек уулу

Расул Абазбек уулу: Коомчулукта билим берүүнүн сапатына, башкаруу системасына сын өтө көп. Анын ичинде жогорку окуу жайлардын жетекчилеринин жоопкерсиздиги жөнүндөгү маселе бар. Министрликтин алдындагы жоопкерчилик жок болуп калды деген тыянакка келип жатабыз. Анткени, шайлангандан кийинки беш жыл ичинде алардын жумушуна баа берүү бир топ татаалдашып кеткен.

Экинчиден, жакшы ниет менен 10 жыл мурда башталган шайлоо системасы дискредитацияланып калды. Кээ бир жерлерде прецедент жаралды. Өзгө-жатка, көп тараптарга бөлүнүү, ректордун шайлоого байланыштуу жалаң лоялдуу адамдарды өзүнө тартуусу, билим берүү менен эмес, шайлоо саясаты менен алектенүү учурлары көп болду. Парламенттин комитетиндеги талкууда да министр белгиледи. Мисалы, ОшТУга үч жылдан бери ректорду шайлай албай отурабыз. Мыйзамдагы “мүмкүнчүлүктөрдөн” пайдалангандыктан, ал жерде шайлоо болбой жатат. Бишкектеги техникалык университетте ректор шайлангандан кийин дагы, анын легитимдүүлүгү шек жаратып, соттук процесс бир жылга чейин уланды. Окуу процесстерине тоскоол болгон мындай учурлар көп.

Шайлоо системасы Батыш өлкөлөрүндө деле жок. Алар көбүнчө көзөмөлчүлөр кеңештери аркылуу өткөрүшөт. Долбоордо көзөмөлчүлөр кеңеши бар. Биз анын ишин да күчөтүшүбүз зарыл. Азыркы иштеп жаткан кеңеш формалдуу институт катары белгилүү.

Кеңеш Ырысов: Мен жаңы долбоорго күмөн саноо менен карайм. Жаңы модель эскисинен канчалык жакшы болот? Анын кийинки кесепеттери кандай? Тааныбаган, биз билбеген кесипкөй эмес адистер келип башкарып калса азыркыдан да жаман болуп кетпейби? Министрлерибиз эки жылдан ашык иштебей жатат. Ректорду дайындаган министр кетип калса, мурункунун жоопкерчилигин ким алат? Ушундай дагы күмөндөр жагдайлар бар. Жамаат тандаганда талапкерлер ошол жерде иштеген таанымал, көп жылдап эмгеги сиңген, тажрыйбалуу окутуучулардын арасынан талапкерлер табылат. Эки-үч талапкердин ортосунда командалык күрөш болот. Бирок шайлоо бүткөндөн кийин ишти чогуу уланта беришет да.

Албетте, соттошуп токтобой жүргөндөр да бар. Бирок биздин окуу жайдын үлгүсүн алсак, куугунтуксуз эле атаандаш командалар биргелешип иштеп келе жатабыз. Мен шайлоо ситемасы калыш керек деп ойлойм. Жамаатка берилген демократиялык шайлоо укугун сактап калышыбыз керек. Албетте, батыш өлкөлөрүнө теңелсе болот. Бирок сактап калып, алардан айырмалансак болот да. Бизде деле жакшы иштеп жаткан моделдер бар. Биз сунуштарыбызды министрликке бергенбиз.

Камила Талиева
Камила Талиева

Камила Талиева: Адам фактору зор мааниге ээ. Медициналык академия бир эле мисал. Аны күчтүү ректор башкарып жатат (Индира Кудайбергенова-ред). Аял жетекчи абдан жаратман келерин айтып коеюн. Аялдар коррупциядан алыс болот, дыкат, иреттүү иштейт. Медакадемияда ректордун деңгээли татыктуу экендигине жамаат баа берип коюп жатпайбы. Бул жерде адамдык фактор негизги ролдордун бири. Дайындоого бүгүн эле өтүп жаткан жерибиз жок. 2012-жылга чейинки дайындоолордо деле мыкты тыянак берген ректорлорубуз болгон.

Шайлоо менен келгенде да, дайындоо менен келгенде дагы тобокелчиликтер бар. Идеалдуу деп айтуу мүмкүн эмес. Аны жокко чыгара албайбыз. Дайындоодо критерийлер татаал болуш керек. Бардык талаптарга жооп берген киши болушу керек. Жоопкерчилик деген бар. Эртең мамлекет, эл-журт президенттен, министрден сурайт. Менин жеке пикиримде дайындоо жолуна барганыбыз туура.

Дүйшөн Шаматов
Дүйшөн Шаматов

Дүйшөн Шаматов: Шайлоо системасынын жакшы иштебей калышы кээ бир окуу жайларда жаралган ит жыгылыш талаш маселелерди чечүүнүн эрежелери так иштелип чыкпаганына да байланыштуу болду. Менин кесиптештерим дайындоо эрежесин сунуш кылып жатышат. Бирок азыркы учурда кепилдик болбой атпайбы. Ошол жоопкерчиликти алган тарап (президент, министр) өз жакындарын, туугандарын дайындап койбойт деп ким кепилдик бере алат?

Дүйнө жүзүндө, анын ичинде Кыргызстанда бир жагынан жогорку окуу жайларга автономия берүү тенденциясы болуп жатат. Автономия берип коюп, кайра ректорду дайындасак карама-каршы келип жатпайбы.

Расул мырза туура айтты, негизинен Камкорчулар кеңеши чечет. Бирок алар студенттер менен окутуучулардын пикирин укпай койбойт. Мисалы, жаңы талапкерлер студенттерге кайрылып, өзунүн платформасын, өнүгүү стратегиясын айтып беришет. Студенттер чечүүчү ролу ойнобосо дагы чечим чыгарарда комиссия студенттердин, окутуучулардын пикирин сөзсүз эске алат. Азыркы учурда бул колго алынбаган сыяктуу. Студенттин пикирин эске албасак, сырттан келген адис кантип башкарарына кепилдик бере албайбыз да.

Эң көйгөйлүү жери Кыргызстанда атайын жетекчилерди даярдоочу окуу жайы жок. Университетти кантип жетектесе болот? Стратегиялык пландоо кандай болот? Изилдөө, теория жагынан даярдык жок болгондуктан, бизде катардагы ийгиликтүү адам эле коюлуп калууда. Лидердик сапаты эске алынабы же илимдин доктору болсо эле дайындап коебу, ушул жагы менимче бүдөмүк болуп жатат.

Талкуунун толук версиясын бул жерден көрүңүз:
Ректорлорду шайлоо эрежеси дайындоого алмашабы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:46:01 0:00

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.
XS
SM
MD
LG