Апрель айынан баштап мугалим, дарыгер жана маданият кызматкерлеринин айлык акысы көтөрүлдү. Мектепте сабак берген агартуучу мурдагыга караганда эки эсе көп акча алса, дарыгердин маянасына 50% кошулган. Бул мамлекеттик кызматтын баркын жана сапатын көтөрүү үчүн жасалган кадам катары бааланууда. Ошол эле учурда жогорку окуу жайларда сабак бергендердин көбүнүн акчасы мурдагыдай эле калган.
"Айлыгыбыз эки эсе көбөйдү"
Нарындын Жумгал районунда мугалим болуп иштеген Темир Моконовдун айлыгы бир-эки күндө колуна тийгени турат.
Жети жылдан бери физикадан сабак берген Моконов жашаган Жаңы-Арык айылы тоолуу аймакта жайгашкандыктан мугалимдердердин акчасына 50% кошумча мурдатан эле бар болчу. Эми маянага дагы 80% акча кошулуп жатат.
“Азыркы учурда 24 саат менен иштеп атам. Буга чейин 18 миң сом алып жүргөм. Бүгүн айлык көтөрүлгөндөн кийин ала турган сумма белгилүү болду. Эми колума 37 600 сом алат экемин. Бул айыл үчүн абдан жакшы акча. Эми мен мындан да изденип иштейм. Баарыбыздын эле маянабыз жогорулаптыр. Аябай сүйүнүп жатабыз”.
Талас облусунда сабак берген Бурулча Калчабаева өткөн айда 16 миң сом айлык алса, мында 29 миңге көтөрүлдү. Ал айылдагы мектепте 30 жылдан бери сабак берет.
"Эки күндөн бери мугалимдердин маанайы жакшы. Чогуу иштегендер ноутбук, керектүү буюмдарды ала турганын айтып жатат. Айлык көтөрүлгөнү кадимкидей сезилет экен. Биз менен чогуу үй-бүлөбүз кубанып жатат. Акчага байланыштуу маселелердин бир тобун чечип алат экенбиз", - деди Калчабаева.
Математика, информатика, физика, химия жана чет тилден сабак берген мугалимдердин айлыгы эки эсе көтөрүлгөндөн тышкары дагы 20% акча кошулганы айтылууда. Бирок алардын сааты башка мугалимдердикине караганда аз болот.
Агартуучулардын айлыгы көтөрүлө турганын Садыр Жапаров 4-апрелде жарыялап, төмөндөгүдөй сандарды айткан.
"Маселен, Лейлек районундагы башталгыч класстын мугалимин алалы: педагогикалык окуу жайды бүтүргөн, эмгек тажрыйбасы жок мугалимге мурда 8 846 сом чегерилип, колуна 7200 сом алса, 1-апрелден баштап ага 23 933 сом чегерилип, колуна 21 800 сом алат. Көрүп турганыңыздай, үч эсеге көбөйүп атат. Дагы бир мисал, Ысык-Ата мектебинин педагогикалык иш тажрыйбасы жок, бакалавр даражасына ээ математика мугалими 1-апрелге чейин 10 миң 450 сом алса, эми 25 миң 300 сом ала баштайт".
Президент мугалимдердин айлыгы мындан ары дагы көбөйүп, бирок аларга талап да жогорулай турганын билдирген. Ага удаа бардык мектептерде аттестациялоо иштери жүрө турганы белгилүү болгон.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билим берүү тармагы эң жогорку квалификациядагы мугалимдерге муктаж экенине басым жасайт.
“Мектептерге билимдүү, мыкты мугалимдер келиши керек. Бул - мамлекеттин жана ата-энелердин талабы. Төмөн айлык берилип жаткан учурда мектептерде пенсия жашындагы мугалимдер көп болуп, кыргыз тилчи англис тилинен, дене тарбиячы биологиядан сабак берген учурлар болгон. Азыр Билим берүү жана илим министрлиги менен иштеп жатабыз. Ар бир мектепте 10-15тен жаңы мугалимдердин келишин күтөбүз. Ушундай жол менен билим берүүнүн сапатын көтөрөлү деп атабыз”.
Кыргыз өкмөтү мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын көтөрүү максатында бюджеттен 26 млрд. сом кошумча бөлгөн. Анын 16 млрд. сому билим берүү тармагына кетти. Азыркы маалымат боюнча, дарыгердин айлыгына 50%, маданият чөйрөсүндө иштегендердин акчасына 80% кошулду.
Ал арада тарыхчы мугалимдердин Садыр Жапаровго кайрылуусу chance.org сайтына жарыяланды. Анда алар бул предметтен сабак бергендердин айлыгына башка мугалимдерге караганда азыраак сумма кошулганын билдирип, нааразы болушкан.
Айлыгы көтөрүлбөгөн жогорку окуу жайдын агартуучулары
Мектепте иштеген бардык мугалимдердин айлык акысы көтөрүлгөнү менен Жогорку жана орто билим берүү мекемелеринде иштегендер толук камтылган жок.
Бишкектеги Автожол коллежинде 87 мугалим иштейт. Анын ичинен бюджеттик негизде окуган студенттерге сабак берген 30дай мугалимдин айлыгы көтөрүлгөн. Калганы мурдагыдай эле маяна алат.
Коллеждин директору Асылбек Алымкулов калган кызматкерлердин айлыгы боюнча иш жүрүп жатканын айтты.
“Калган 50 мугалим мурдагы эле айлыгын алып жатат. Биз алардын акчасын бюджеттен каражат бөлүнгөн кызматкерлердикине теңейли деп атабыз. Контракттык негизде сабак берген мугалимдер саатына 130 сом алса, эми 150 болуп калды. Алардыкы акырындык менен көтөрүлөт деп турабыз”.
Бишкектин мамлекеттик университетинде дагы ушундай эле көрүнүш. Бул окуу жайдагы бюджеттик негизде окуган студенттерге сабак берген мугалимдердин акчасына 80%, администрацияда иштегендерге 50% акча кошулган.
БМУнун ректорунун орун басары Ялкун Даутов бюджеттен айлык алган агартуучулардын саны жалпы мугалимдердин 9-10% гана түзөрүн айтат.
“Акча төлөп окуган студенттерге сабак берген мугалимдердин акчасы мурдагыдай калды. Анткени бюджеттен аларга акча бөлүнгөн эмес. Алардын маянасы ар бир окуу жайдын финансылык мүмкүнчүлүктөрүнө байланыштуу. Биз жаңы окуу жылынан баштап алардын айлыгын көтөрө алабызбы же жокпу карап көрөбүз. Студенттер берген акчаны, өзүбүздүн чыгымдарды эсептейбиз. Ошондон кийин гана белгилүү болот”.
Президент Садыр Жапаров 2021-жылы декабрда студенттердин окуу акысына байланыштуу жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, үч жылга чейин жогорку жана орто кесиптик билим берүү мекемелеринде окуу акысы кымбаттабайт. Ал жерде келишимдик негиздеги акчаны бир жылда он айга бөлүп төлөө да каралган.
Билим берүү жана илим министрлигинин бюджеттик саясат бөлүмүнүн башчысы Гүлнар Токтакунова жогорку окуу жайларынын кызматкерлери боюнча мындай деди:
“Контрактта отурган мугалимдердин акчасы бюджеттен айлык алгандардан аз эмес. Мурда алар көбүрөөк алып келген. Азыр теңделип калды”.
Кыргызстанда 73 жогорку окуу жай бар. Анын 33ү мамлекеттик болуп эсептелет. 2020-2021-жылдын эсеби боюнча алардагы студенттердин жалпы саны 219 миңге жеткен.