Соңку жумада Украинанын аскерлери Харьков облусун дээрлик толугу менен орус күчтөрүнөн тазалашты.
Украинанын президенти Владимир Зеленский сентябрдын башынан бери 6 миң чарчы чакырым аймак орус күчтөрүнөн бошотулганын билдирди. Аскердик эксперттерди азыр мындан ары эмне болот деген суроо түйшөлтүп турат. Украин аскерлери ушундай динамиканы сактай алышабы? Орус күчтөрү кайра чабуулга өтүшөбү же украиндердин контрчабуулуна чыдабай чегине береби?
Август айынын соңунда баарынын көңүл борборунда Украинанын түштүгү турган. Ал кезде өлкөнүн куралдуу күчтөрү Херсон облусунда контрчабуул баштаганын жарыялашкан.
Мындан улам Орусия Украинанын түштүк-батышына өз күчтөрүн топтоп, ири контрчабуулга туруштук берүүгө даяр турган.
Анткен менен украин армиясы Херсондо эмес, Харьковдо алдыга жылып, соңку алты күн ичинде болуп көрбөгөндөй контрчабуулду ишке ашыра алды.
Эксперттердин пикиринде, Украина муну менен согуштун нугун өзгөрттү. Буга Батыш берген Американын HIMARS, француздардын Caesar, Германиянын артиллериялык курал-жабдыгынын жардамы чоң болду.
"Харьковдо күчүн жана техникасын жоготуу менен Орусия жакынкы жана орто келечекте кандайдыр бир чабуулга өтүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырады", - дейт Rochan Consulting уюмунун аскердик аналитиги Конрад Музыка.
10-сентябрда украин күчтөрү стратегиялык деп саналган Изюм шаарына көзөмөл орнотушту. Бул калааны орус армиясы марттын соңунда басып алган.
Учурда Telegram, Twitter жана башка социалдык тармактар кайсы бир учурда орус күчтөрү басып алган шаарларда кайра көтөрүлгөн украин желектеринин сүрөттөрү менен видеолоруна толду.
Украинанын президенти Владимир Зеленский сентябрдын башынан бери армиясы 6 миң чарчы чакырым аймакты өз карамагына кайтарганын 13-сентябрда билдирди:
"Сентябрдын биринчи күнүнөн тартып азыркы убакытка чейин, биздин аскерлер Украинанын түштүгүндө жана чыгышында 6 миң чарчы чакырымдан ашуун аймакты бошотту. Биздин армиянын алдыга жылышы уланууда", - деди Зеленский.
"Командирлерди жазалоо" талабы
Москва украиналыктардын ийгилигин да, өзүлөрүнүн жеңилип жатканын да расмий мойнуна ала элек. Орусиянын Коргоо министрлиги Изюм менен Балаклеядан аскерлеринин чыгарылышын Донецк багытын күчтөө максаты менен түшүндүргөн.
10-сентябрда эч нерсе болбогондой эле Москвада борбор калаанын 875-жылдыгына карата майрамдык иш-чаралар уюштурулуп, ири фейерверктер атылды. Салтанатка президент Владимир Путин да катышты.
Ал эми орусиялык аскердик блогерлер социалдык тармактарда армиянын командирлерин сөгүп жатышат.
Орус чалгын кызматынын мурдагы офицери Игорь Гиркин дагы орус аскерлерин ачык сындап, "анча болду Украинага кошумча Орусиянын Белгород облусунун райондорун өткөрүп берүүнү сунуштады".
Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров орус командирлери "ката кетиришкенин" билдирди. Ал "атайын операциянын" жүрүшүнө кандайдыр бир өзгөртүүлөр киргизилбесе, жетекчиликке өзү чыгып, реалдуу кырдаалды жеткирүүгө аргасыз болорун" айтты.
"Мен Коргоо министрлигинде стратег эмесмин. Бирок ката кетти. Алар мындан жыйынтык чыгарат деген ойдомун. Чындыкты бетке айтсаң жакпай калышың мүмкүн. Мен чындыкты айтканды жакшы көрөм", - деп жазды Рамзан Кадыров Телеграм-каналына.
Дагы бир орусиячыл аскердик блогер Максим Фомин 9-сентябрда жарыялаган видеодо "мындайга жол берген командирлерди жазалоо зарыл экенин" айтты.
Ал эми Украинанын мурдагы коргоо министри Андрей Загороднюк украин күчтөрүнүн ийгилигинин себебин орус армиясынын алсыздыгына байланыштырды.
"Алардын өздүк курамында азыр эч кандай мотивация жок. Украинада эмне кылып жүрүшкөнүн өздөрү деле түшүнбөйт. Аларды "нацисттерге" каршы согушуу үчүн жиберишкени менен "нацисттер" жок экенин түшүнүп турушат. Бир четинен эскирген советтик башкаруу системасы жоокерди, анын пикирин сыйлабайт. Аскерлер коргоно албай калганда дүрбөлөңгө түштү. Анткени аларды эч ким ойлобосун жакшы билишет. Мына ушундан улам алар качканга аргасыз болушту".
"Орусиялыктар олуттуу зыян тартышы мүмкүн"
Орус аткаминерлери согушта өлгөн жана жарадар болгондордун ордун толтуруу үчүн жылма мобилизация жүргүзүп жатканы кабарланып келген.
АКШнын расмий адамдары жана Батыш мамлекеттери Орусия Украинага басып киргени кеминде 80 миңдей аскеринен айрылганын билдирди. Алар же майданда өлгөн, же жарадар болгон.
Rochan Consulting уюмунун аскердик аналитиги Конрад Музыканын боолгошунча, Орусияда согушка азгырган кампания кыйла алсырашы мүмкүн:
"Украин күчтөрүнүн ийгилиги орусиялыктарды согушка азгыруу маселесине терс таасирин тийгизет. Орусияда адам ресурсу жетишпейт. Болгону алар адамдарды армияга барууга мажбурлашы мүмкүн. Анын жалгыз жолу - мобилизация".
Ал эми Украинанын мурдагы коргоо министри Андрей Загороднюк Москва азыр стратегиялык инфрстуктураларды бомбалоо менен жооп берүүгө аракет кылып жатканын белгиледи:
"Орусия стратегиялык инфраструктураны бомбалоо менен өзүнө жана дүйнөгө жооп бере аларын көрсөтүп атат. Бирок аскердик фазада кандайдыр бир жылыштар болорун күтпөйм".
Эске сала кетсек, 11-сентябрда орус армиясы Харьков жылуулук электр станциясына сокку урган. Мындан улам төрт облус электр жарыгысыз жана суусуз калган.
Вашингтондогу Эл аралык жана стратегиялык иликтөөлөр борборунун кызматкери, Австралия армиясынын отставкадагы генералы Мик Райандын айтымында, окуянын мындан ары өнүгүшү украиндердин күчүнөн жана логистикасынын деңгээлинен көз каранды.