Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:57

Путиндин жаңы маегиндеги эски сөздөр


Оливер Стоундун “Путин менен интервью” деген фильминен алынган кадр.
Оливер Стоундун “Путин менен интервью” деген фильминен алынган кадр.

Америкалык Showtime кабелдик телеканалы белгилүү режиссер Оливер Стоундун “Путин менен интервью” деген фильминин биринчи бөлүгүн 12-июнда көргөздү.

Батыштын айрым маалымат каражаттары интервью Орусия президенти жөнүндө жаңы эч нерсе деле тартуулабаганын, Стоун Кремлдин пропагандасына курал болуп бергенин сындашууда.

Оливер Стоун Путин менен маектердин түрмөгүн 2015-жылдын июль айынан бери жаздырып, быйыл февралда аяктаган.

Оливер Стоун.
Оливер Стоун.

Айрым жерлери формалдуу эмес түрдө, мисалы машина айдап баратканда жазылган. Ошондой кеңири интервьюсунда Путин АКШнын атайын кызматтары Чеченстандагы террорчуларга колдоо көргөзгөн, Ооганстандагы "Ал-Кайиданы" түзүүгө да Вашингтондун тиешеси болгон, СССРдин мурдагы президенти Михаил Горбачев НАТОнун чыгышка карай кеңейүүсүнө жолтоо боло алган эмес деп сындады.

Президент Орусия менен АКШнын өз ара мамилелерине да токтолду:

- Биз Биринчи, Экинчи Дүйнөлүк согуштарда союздаш болчубуз. Азыр болсо эл аралык терроризм туудурган коркунучка, жакырчылык, айлана-чөйрөнүн булганышы өңдүү маселелерге туш болуп келатабыз. Биз топтогон ядролук курал-жарак да чоң коркунучка айланган.

Ушул февралда америкалык сенатор, республикачыл партиянын өкүлү Жон МакКейн орусиялык активист, Кремлдин сынчысы, ууландырылуу белгилери менен ооруканага жатып чыккан Владимир Кара-Мурза боюнча сүйлөп жатып, Путинди катуу сындаган эле:

- Бул касапчы, бандит, КГБнын полковниги менен Америка Кошмо Штаттары ортосунда эч кандай моралдык теңдик жок. Андай теңдик бар деп жалган маалыматка сугарылган же бир тарапка гана берилген адам айта алат.

Стоун менен интервьюда президент Путин жооп кайтарып, сенаторду эски доордо жашаган адам деп атады:

- Сиз сөз кылган сенатордой көз караштардагы кишилер эски заманда жашап келатышат. Келечекке көз чаптыргылары келбейт, дүйнө канчалык тез өзгөрүп жатканын түшүнүүнү каалашпайт, реалдуу коркунучтарды көрүшпөйт.

Путин ошондой эле Советтер союзунун ыдырашы, Борис Ельциндин аны кызматка кантип дайындаганы жана үй-бүлөсү, кыздары менен неберелери жөнүндөгү суроолорго жооп берди.

Оливер Стоундун фильминен алынган кадр.
Оливер Стоундун фильминен алынган кадр.

Ал эми кээ бир маалымат каражаттары бул фильм Путин жөнүндө жаңы эч нерсе деле тартуулабаганын, Орусиянын маалымат каражаттары аркылуу байма-бай кайталап келаткан тышкы жана ички саясат боюнча пикирлерин эле билдиргенин белгилешет.

Алсак, Bloomberg режиссер президенттин “мачо” деген образын бекемдегенин жазат. Рецензиянын авторлору гомосексуалдыктын пропагандасы жөнүндөгү мыйзам боюнча жообуна көңүл бурушкан. Путин Орусияда гейлер, өзгөчө кумсалар өлүмгө тартылган мусулман өлкөлөрү менен салыштырганда, куугунтукталбайт деп айткан. Эсиңиздерге сала кетсек, жакында эле "Хьюман Райтс Уотч” эл аралык укук коргоо уюму быйыл февраль-апрель айларында Чеченстанда кумсаларга каршы өнөктүк жүргөнүн, жумурияттын тартип коргоо органдары гейлерди куугунтуктап, кыйноого алышканы ырасталганын билдирген. Биринчи болуп бул жөнүнө "Новая газета" жазып, журналисттери да бир топ коркутуп-үркүтүүлөргө тушугушкан.

CNN болсо Стоун курч суроолорду бербегенин, иш жүзүндө Путиндин коомчулук менен байланыш инструменти болуп калганын сындайт. Мисалы, "Путин Орусия канчалык демократиялык өлкө деп айтып берип отурганда маектеши ошол эле кумсаларга каршы мыйзам же саясий оппоненттерине кандай мамиле жасалып жатканы боюнча күмөн санаган, тактап-такып сураган бир да суроо берген жок" деп жазат CNN.

Ошол эле маалда бул – фильмдин биринчи эле бөлүгү экени белгиленет. Жарнамаларга караганда, мындан ары Орусиянын АКШдагы президенттик шайлоого ыктымал кийлигишүүсү жөнүндө да сөз болмокчу.

CNN ошондой эле Стоун конспирация теориясы духундагы Кеннеди, Никсон, Сноуден тууралуу фильмдердин автору экенин эске салат.

Айтмакчы, Путин АКШнын Улуттук коопсуздук агенттигинин мурдагы кызматкери, учурда Орусияда баш калкалап жүргөн Эдвард Сноуден жөнүндөгү суроого да жооп берди:

- Сноуден чыккынчы эмес. Ал өз өлкөсүнүн кызыкчылыктарын сатып кеткен жок. Өз элине зыян келтирген бир да маалыматты башка мамлекетке өткөрүп берген эмес. Бирок туура эмес кылды, бир нерсеге макул болбосо, жөн гана кетип калыш керек эле. Экинчи жагынан бул анын укугу.

Сноуден.
Сноуден.

Ал эми режиссер өзү BBC кабарчысы менен маегинде Путин бул интервьюдан пайдаланып, балким, Батышка ишара кылгысы келди деген ойду моюнга алды.

Бирок Стоун фильм аркылуу атайылап эмес болсо да Орусиянын пропагандасына курал болуп берди деген ырастоолорду четке какты.

Жогоруда айтылгандай, Путин жеке суроолорго да жооп берди. Буга чейин президент таята болгонун эч качан айтчу эмес. Стоундун "неберелериңерди жакшы көрөсүзбү" деген суроосуна, "ооба" деп жооп берип, "алар менен ойноого убакыт жетпейт" деген. Путиндин-Мария жана Катерина деген эки кызы бар. Бирок алардын жеке турмушу, кайда жашап, иштешээри жөнүндө расмий маалымат берилбейт.

Стоундун тасмасын Орусиянын Биринчи каналы 19-22-июнь күндөрү көргөзгөнү жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG