Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:35

Трамп менен Путин жолуга турган болду


Дональд Трамп жана Владимир Путин APEC уюмунун саммитинде кездешкен учур. 11-ноябрь, 2017-жыл.
Дональд Трамп жана Владимир Путин APEC уюмунун саммитинде кездешкен учур. 11-ноябрь, 2017-жыл.

Президенттер Дональд Трамп менен Владимир Путиндин саммити 16-июлда Хельсинкиде өтөт. Бул тууралуу бүгүн Кремл жана Ак үй бир учурда жарыялады. Саммит макулдашылганы 27-июнда Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтондун Кремлдеги сүйлөшүүлөрүнөн кийин айтылган. АКШ менен Орусиянын президенттеринин алгачкы саммитинде кайсы маселелер талкууланышы мүмкүн?

Ошентип, АКШ президентинин кызматына Дональд Трамп киришкенден бери Орусия менен көптөн бери күтүлгөн саммит келерки айдын ортосунда өтө турган болду.

Ак үйдүн 28-июнда билдиргенине караганда, эки лидер "АКШ-Орусия алакасын жана улуттук коопсуздуктун бир катар маселелерин" талкуулайт.

Орусиянын маалымат агенттиктери болсо Кремлге шилтеме жасап, Путин менен Трамп "Орусия-АКШ мамилесин, эл аралык проблемаларды" сөз кыла турганын кабарлашты.

Москвадан саммит боюнча макулдашуу жетишилгени айтылганына тушташ президент Трамп өзү Ак үйдөн кабарчыларга 27-июнда сүйлөгөн учурунда буларды белгилеген:

Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

- Путин менен жакын арада жолукчудай болуп турабыз. Мен бийликтеги биринчи күндөн тарта эле айтканымдай, Орусия, Кытай менен тил табышуу баары үчүн жакшы нерсе. Дүйнө үчүн, биз үчүн, баары үчүн. Балким биз мен Европада жүргөндө кездешебиз. Менимче биз Сирия, Украина жөнүндө сүйлөшөбүз. Менимче башка нерселерди да талкуулайбыз, эмне болорун көрөбүз.

АКШнын президенти 11-12 июлда НАТОнун Брюсселдеги самитине катышат, андан кийин Вашингтондун эң жакынкы саясий өнөктөшү- Британияга визити мерчемделген.

АКШ менен Орусиянын үчүнчү, бейтарап өлкөдө саммит өткөрүшү - эки тараптуу мамиленин азыркы абалына карата чечилген салттуу эле көрүнүш. Маселен, АКШнын мурдагы президенти Жорж Буш менен Путиндин алгачкы саммити 2001-жылы Словенияда болгон. Ал эми 2009-жылы АКШнын ошол кездеги президенти Барак Обама Орусия менен мамилени “кайра жандандыруу” үчүн Москвага келген.

Трамп менен Путин болсо буга чейин былтыр июлда "Чоң жыйырманын" Германиядагы жыйынында, ал эми ноябрда Вьетнамда APEC уюмунун саммитинде кездешкен. Бирок АКШ президентинин кызматына Трамп киришкенден бери Вашингтон менен Москва жогорку деңгээлде эки тараптуу, толук кандуу сүйлөшүү өткөрө элек.

Мына ошондой саммит макулдашылганы Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон 27-июнда Кремлде президент Путин менен жолуккандан кийин айтылды. Путин ал жолугушууда Вашингтон менен Москванын карым-катышын калыбына келтирүүчү кадамдар болот деген “үмүт жаралганына” токтолгон:

- Мен буга чейин көп жолу ачык айткам, бирок сиз менен жолугушууда дагы бир жолу кайталагым келет. Менимче, бул ( алака-катыштын бузулушу) - АКШдагы ички курч саясий күрөштүн натыйжасы. Бирок сиздин Москвадагы сапарыңыз биздин өкмөттөрдүн ортосундагы толук жарамдуу мамилени калыбына келтирүү боюнча алгачкы кадамды жасай алабыз деген үмүт жандырууда.

Байкоочулардын баамында, Путин АКШдагы “ички саясий күрөштү” эске салуу аркылуу Вашингтон-Москва мамилесинин бузулушу үчүн президент Трампты күнөөлөбөй турганын ишара кылды.

Кремлдеги сүйлөшүү. 27-июнь, 2018-жыл.
Кремлдеги сүйлөшүү. 27-июнь, 2018-жыл.

Бирок күтүлгөн саммит АКШнын НАТО боюнча айрым өнөктөштөрүн камтамага салып, АКШнын өзүндө президент Дональд Трамптын каршылаштарынын сынын жаратышы мүмкүн.

Өзгөчө оппозициядагы демократтар Трампты "Орусия 2016-жылы АКШдагы президенттик шайлоого кийлигишкенде атаандашы Хиллари Клинтонго каршы Москва менен келишип алган" деп айыпташкан. Трамп болсо мындай дооматтарды такай четке кагып, өлкөдө жүрүп жаткан иликтөөлөрдү сынга алып, тескерисинче анын администрациясы өз аракеттери аркылуу Орусияга карата катаалдыгын көргөзгөнүн айтып келет.

Саммит союнча АКШдан айрым сын пикирлер болорун Москвадагы басма сөз жыйынында улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи Жон Болтон да белгиледи. Бирок ал президент Дональд Трамп “саясий чууга” карабай, президент Путин менен түз байланыш орнотуу “АКШнын, Орусиянын, дүйнөдөгү тынчтык менен коопсуздуктун кызыкчылыгындагы” иш деп чечкенин кошумчалады.

Болтондун айтымында, Крымды аннексиялаганы үчүн жана Украинанын чыгышында жикчилдерди колдогону үчүн Орусияга каршы киргизген санкцияларды АКШ азыр да күчүндө калышы керек деп эсептейт. Эки президент саммитте маселелердин кеңири чөйрөсүн, анын ичинде Орусиянын АКШнын президенттик шайлоосунан кийлигишүүсүн да талкуулашы мүмкүн, бирок дароо эле кандайдыр бир чечимдер кабыл алынышы күтүлбөйт:

Жон Болтон.
Жон Болтон.

- Биз конкреттүү жыйынтыктарды, чечимдерди күтөбүз деп ойлобойм. Эки тараптуу саммит өтпөгөн узак мөөнөттөн кийин биз президенттерге жеке жана кеңейтилген жолугушууда тандаган маселелердин баарын камтууга мүмкүнчүлүк беришибиз керек. Эки өлкөнүн лидерлери кездешкени маанилүү. Ортодогу пикир келишпестиктерге карабай, президент Трамп жана президент Путин "конструктивдүү чечим таба алабыз" деп санаган маселелердин кеңири чөйрөсү бар, - деди Болтон.

2016-жылы Орусия АКШдагы президенттик шайлоого кийлигишкени тууралуу ырастоолорго байланыштуу Конгресс кабыл алган мыйзам талабына ылайык Вашингтон администрациясы Орусияга каршы санкцияларды быйыл да киргизген.

Ал эми Британияда мурдагы орусиялык тыңчы ууландырылгандан кийин буга жооп катары дипломаттардын чыгарылышынан улам Вашингтон менен Москванын мамилеси мурдагыдан да начарлаган. Ага чейин алака-катыш Крымдын 2014-жылдагы аннексиясынан, Украинанын чыгышындагы уруштардан, Сирия жаңжалынан улам да бузулган эле.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG