Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:05

Табиятка суктанган Айтматов

Залкар жазуучу Брюсселдин гүл багында (Ибрагим Бакиров тарткан сүрөт)

Бүгүн Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү. Залкар жазуучу менен жазмыш буйруп баарлашкан чыгармачыл инсандардын эскерүүлөрү.

Орус тилиндеги “Залкар адамдар” үлгүсүндөй Чыңгыз Айтматовдун өмүрүнүн урунттуу учурларын, чыгармачылык ой-толгоо өзгөчөлүгүн же даркан жазуучу менен кездешкен улуу-кичүү замандаштарынын эскерүүлөрүн камтыган эмгек кыргыз тилинде чыга элек. Улуу инсандын туулган күнүн утурлай ойчул жазуучу менен тагдыр буйруп, бир саам болсо да баарлашып, чогуу даам татышып калган кээ бир чыгармачыл адамдарга Чыңгыз Айтматов жөнүндө сурап кайрылдым.

Васил Зилгалов “Азаттык” радиосунун украин кызматында узактан бери иштейт. Кепти ал 2007-жылы декабрда Чыңгыз Айтматов менен болгон маектешүүсүнөн баштады. Журналист дипломаттык мөөнөтү аягына чыгып бараткан алп калемгерден 2006-жылы жарык көргөн “Тоолор кулаганда” романын мазмуну жөнүндө сураптыр ошондо оболу.

- Менин эсимде, - деп баштады украин жазуучусу. - Чыңгыз Айтматов өлөөр алдында 2007-жылы андан чоң бир жарым сааттык интервью алгам. Ошондо мени эмне таң калтырды дебейсизби? Чыңгыз Айтматовдун адабияттагы чоң бир борчук, даркан жазуучу экени айдан ачык. Ал көптөгөн керемет чыгармаларды жазды. Мен Айтматовдун “Когда падают горы” (Вечная невеста) романынан айрым үзүндүлөрдү окуп, бирок ал мага мурдагы чыгармаларындай кызыктуу көрүнгөн эмес. Мен Айтматовдон: "Тоолор кулаганда” (Түбөлүктүү келин) деген романыңыз эки сөз менен айтканда эмне жөнүндө?” дер сурагам. Ал кезде Чыңгыз Айтматовдун жашы бир топко барып калган. Ага карабай Айтматов дүйнөлүк адабиятта эмне болуп жатканын териси менен, ар бир кан тамыры менен сезип турганын даана байкадым. Мени таң калтырганы - ”Тоолор кулаганда” тууралуу менин суроомо Айтматов: “Роман адамдын курчап турган дүйнөнүн кыйроосу жөнүндө. Ал бул алааматты көрүп, эмне кылганды, кайда барганды билбейт!?” деп жооп берди.

Васил Зилгаловдун Чыңгыз Айтматов менен маектешүүсү “Азаттыкта” 2007-жылы 12-декабрда украин тилинде обого кетип, ошол эле күнү украин тилинде интернет сайтка чыккан.

please wait

No media source currently available

0:00 0:11:17 0:00

Художник-дизайнер Ибрагим Бакиров Чыңгыз Айтматовдун жеке өзүнүн чакыруусу менен 2001-2004 - жылдары Брюсселдеги Кыргызстандын элчилигинде жазуучу менен чогуу эмгектенген. Ал да жазуучуга “Новый мир” журналына ошол кезде үзүндүсү басылган “Тоолор кулаганда” романындагы илбирстин образы жөнүндө сурап кайрылганын эскерди.

"Илбирстин сезими эмне үчүн адамдын сезимине окшош сүрөттөлгөн деп сурадым, - дейт И. Бакиров. - Чыңгыз Айтматов мага: “Жолборс аркылуу адамдын психологиялык портретин кубатына толуп жана картайып, алдан тайып турган кезин чагылдырдым. Себеби бул куракта адамда жана айбанатта ар кандай өзүнө мүнөздүү проблемалар пайда болот,”- деп түшүндүрдү."

​Демейде, катарлаш жашаган адамдын улуулугун замандаштары тээ карт заманда өткөн көзү ачык олуялар сыяктуу эле өз учурунда жакшы баалай беришпейт. Бирок Чыңгыз Айтматовдун ар бир китебин сүйүп окуп, жаңы чыгармаларын чыдамсыздык менен күткөн окурмандары арасында өз доорунун даңктуу жазуучусу менен бир кездешсем деп аруу тилегин бапестеп жүргөндөрү арбын болгон. Ошондой бир окуя күнү бүгүнгө чейин Ибрагим Бакировдун көз алдында турат.

- Орусиялык атактуу тележурналист Владимир Молчанов келип, Чыңгыз Төрөкулович тууралуу даректүү тасма тарты. Телесъемка элчиликтен кийин Брюсселдин ортолугундагы Гран палацта улантылды. Ал жерде туристтер көп. Молчанов камераларды тартып жаткан кезде, шаардын кооз имараттарын, айлананы видеокамерага түшүрүп жаткан турист орус аял пейзажды тартып жатып, бир убакта камерадан Чыңгыз Айтматовду көрө коюп: “Оо, Айтматовду көрдүм!”, деп сүйүнүп кетти. Ошол тушта каптал жактан Молчановдун “Не мешайте!” деген үнү угулду. Аял анан Молчановду көрүп:”Оо, Молчановду да көрдүм!”, - деп өзүнчө ыраазы болуп кетти.

Чыңгыз Айтматовдун Брюсселдеги жашоосунан кабар алып, окурмандарына кабарлаш үчүн журналисттер да келип турган. Мисалы, Грузиядан келген журналисттерди белгилүү жазуучу жана мурдагы СССРде таанымал коомдук ишмердин кантип дипломаттык кызматка барып калганы кызыктырат.

- Чыңгыз Айтматовго Люксембургда СССРдин элчиси болуп иштөөнү Эдуард Шеварднадзе СССРдин тышкы иштер министри болуп турган кезде сунуш кылганын айткан эле жазуучу Грузиядан келген тележурналисттердин суроосуна.

Ибрагим Бакировдун айтышынча, дипломат-жазуучу бюрократтык иштерге жыш жумуш күндөн кийин жана дем алыш маалында бош убактысы боло калса, Брюсселдин кооз бактарын кыдырганды жакшы көрчү экен.

- Брюсселдин бактары аябай кооз. Анда дүйнөнүн ар кай жактарынан алып келинген бак-дарактар өсөт. Жазда сакура жана магнолия гүлдөгөн кезде Чыңгыз Айтматовду фотосүрөткө тартып алдым. Анан күздө түркүн дарактардын жалбырактары ар түрдүү боёкторго боёлгонун көргөндө аябай суктанчу. Аларды көргөн сайын эми биринчи жолу көргөндөй таң калаар эле.

Ибрагим Бакиров Бельгиянын тегеректи жашыл өңгө боёгон жазында жана бак-дарактары жалбырактарын күбүп, кышты күтө баштаган алтын күзүндө Чыңгыз Айтматовду фотосүрөткө түшүргөндөн башка да чоподон бюстун жасаган.

- Убактысы болгондо отуруп берди. Бүткөн ишти көргөндө: "Өзүмдү тааныдым. Бул - мен. Чыныгы эле өзүмдү тааныдым. Бул - мен”, - деди. Чыңгыз Айтматовго жакканына абдан ыраазы болдум. Ал портрет гипске куюлуп коюлган. Бир учуру келгенде колодон куйдуруп алайын деген ниетим бар.

Жаратылыштын сулуулугуна канбай суктанган Чыңгыз Айтматов баладай жөнөкөй да болгон. “2004-жылы 12-декабрда элчиликтин кызматкерлери Чыңгыз Айтматовго торт алып келишет. Татуунун бетинде шам менен 74 деп жазылып турган. Юбиляр 7 жана 4 сандарынын ордун алмаштырып: “Мына эми мен жаш болуп калдым”, - деди дагы, андан соң вропалыктарча балбылдап жанып турган шамдарды үйлөп өчүрдү”, - деп эскерет Брюсселде жашаган художник-дизайнер Ибрагим Бакиров.

​Чыңгыз Айтматов Брюсселде жүргөн акыркы жылдары жашы бир кыйла улгайып калганына карбай дүйнөлүк адабиятка кылдат көз салып турган. Жазуучунун Батыш адабиятынын кандай дем алып, кай жакты көздөй баратканын баамдай билгени Васил Зилгаловду абдан таң калтырган. Зилгаловдун айтымында, Айтматов туура беш жыл мурда дүйнөлүк адабият тууралуу ага айткан процесстер бүгүн да уланууда.

“Бүгүн дүйнөлүк адабиятта дал ошондой кырдаал сүрөттөлүүдө. Психологияда ресентимент деген түшүнүк бар. Бул коомдун психологиялык абалы. Андай жагдайда адам бүгүнкү цивилизациянын жүрөк титиреткен бардык проблемаларын туят жана анда жек көрүү пайда болуп, ал үчүн кимдир бирөөлөрдөн өч алууну каалайт. Башкача айтканда, көпчүлүк адамдар бай боло албасын билет. Ипотекага алган квартирасынын акысын төлөө керек; татыктуу жумуш табуу керек; турмуштук проблемалар күн сайын аны желкеден мыкчып турат. Ал бул жөнүндө ачык айткысы келбейт. Ал өзүнөн өзү эле коомдон обочолоп, түнт, оорукчан болуп калат. Бир кезде Фридрих Ницше айткандай, ресентиментке кабылган адамда башкалардан өч алууну каалаган сезип пайда болот. Бүгүнкү Батыш адабиятында адамдын мына ушундай жылчыгы көрүнгүс туңгуюкка кабылган адамдын психологиялык абалы чагылдырылууда. Чыңгыз Айтматов 2008-жылы мага ушул тууралуу айтып бергенде, анын адабияттагы процесстин күрөө тамырын таамай сезгенин көрүп, аябай таң калгам. Коомдун психологиясы жана адабият өз ара камыр-жумур байланышкан”, - деп аяктады украин журналисти Васил Зилгалов кыргыз элинин көрүнүктүү уулу, ысмы дүйнөгө белгилүү Чыңгыз Айтматовдун жазуучулук көрөгөчтүгү тууралуу сөзүн.

Чыңгыз Айтматовдун мурда жарыяланбаган сүрөттөрү. Жазуучу менен Брюсселде элчиликте чогуу эмгектенген Ибрагим Бакиров өздүк архивинен "Азаттыкка" тартуулаган сүрөттөр:

Айтматовдун жарыяланбаган сүрөттөрү

Чыңгыз Айтматов дипломаттык кызматты аткаргандан башка да чыгармачылыгын эч качан токтоткон эмес. Жазуучу элчиликтеги иш ордунда кол жазмаларын карап отурган кез. Брюссел, 2000-жылдардын башы.
1/12 Чыңгыз Айтматов дипломаттык кызматты аткаргандан башка да чыгармачылыгын эч качан токтоткон эмес. Жазуучу элчиликтеги иш ордунда кол жазмаларын карап отурган кез. Брюссел, 2000-жылдардын башы.
Ойчул жазуучу Чыңгыз Айтматов 15 жылдан ашуун убакыт Батыш Европада дипломаттык кызмат аткарып жүрдү. Адегенде СССРдин Люксембургдагы элчиси болсо, кийин төбөлсүз Кыргызстандын Франция жана Бенилюкс мамлекеттериндеги элчиси катары чоң дипломаттык вазийпа аркалады. Даркан жазуучунун Брюсселдеги турмушунан айрым маанилүү окуяларды жана табиятка суктанып жүргөн учурларын мына бу биринчи жолу жарыяланып жаткан фотосүрөттөр чагылдырат. Аларды Чыңгыз Айтматов менен Брюсселде элчиликте чогуу эмгектенген художник-дизайнер Ибрагим Бакиров жеке архивинен сунуш кылды.
Чыңгыз Айтматов магнолия гүлдөгөн кезде. Дипломат-жазуучу гүлбакта күн алыс болсо да, гүлдөрдү эми көргөндөй суктанган.  Брюсселдин парктарынын бири. 2003-жыл.
2/12 Чыңгыз Айтматов магнолия гүлдөгөн кезде. Дипломат-жазуучу гүлбакта күн алыс болсо да, гүлдөрдү эми көргөндөй суктанган.  Брюсселдин парктарынын бири. 2003-жыл.
Ойчул жазуучу Чыңгыз Айтматов 15 жылдан ашуун убакыт Батыш Европада дипломаттык кызмат аткарып жүрдү. Адегенде СССРдин Люксембургдагы элчиси болсо, кийин төбөлсүз Кыргызстандын Франция жана Бенилюкс мамлекеттериндеги элчиси катары чоң дипломаттык вазийпа аркалады. Даркан жазуучунун Брюсселдеги турмушунан айрым маанилүү окуяларды жана табиятка суктанып жүргөн учурларын мына бу биринчи жолу жарыяланып жаткан фотосүрөттөр чагылдырат. Аларды Чыңгыз Айтматов менен Брюсселде элчиликте чогуу эмгектенген художник-дизайнер Ибрагим Бакиров жеке архивинен сунуш кылды.
Жазуучу-диломат Чыңгыз Айтматов өзгөчө жаз жана күз айларында табияттын кубулушун байкап, эс алганды жакшы көргөн. Мына ошондой  ажайып күндөрдүн биринде жазуучуну ой басып турат. Брюссел,  2000-жылдардын башы.
3/12 Жазуучу-диломат Чыңгыз Айтматов өзгөчө жаз жана күз айларында табияттын кубулушун байкап, эс алганды жакшы көргөн. Мына ошондой  ажайып күндөрдүн биринде жазуучуну ой басып турат. Брюссел,  2000-жылдардын башы.
Ойчул жазуучу Чыңгыз Айтматов 15 жылдан ашуун убакыт Батыш Европада дипломаттык кызмат аткарып жүрдү. Адегенде СССРдин Люксембургдагы элчиси болсо, кийин төбөлсүз Кыргызстандын Франция жана Бенилюкс мамлекеттериндеги элчиси катары чоң дипломаттык вазийпа аркалады. Даркан жазуучунун Брюсселдеги турмушунан айрым маанилүү окуяларды жана табиятка суктанып жүргөн учурларын мына бу биринчи жолу жарыяланып жаткан фотосүрөттөр чагылдырат. Аларды Чыңгыз Айтматов менен Брюсселде элчиликте чогуу эмгектенген художник-дизайнер Ибрагим Бакиров жеке архивинен сунуш кылды.
Орусиялык таанымал тележурналист Владимир Молчанов Чыңгыз Айтматовдун 70 жылдыгына арналган телепрограмманы тартуу учурунда жазуучу менен маектешүүдө. Кыргызстандын Брюсселдеги элчилиги, 1998-жыл.
4/12 Орусиялык таанымал тележурналист Владимир Молчанов Чыңгыз Айтматовдун 70 жылдыгына арналган телепрограмманы тартуу учурунда жазуучу менен маектешүүдө. Кыргызстандын Брюсселдеги элчилиги, 1998-жыл.
Ойчул жазуучу Чыңгыз Айтматов 15 жылдан ашуун убакыт Батыш Европада дипломаттык кызмат аткарып жүрдү. Адегенде СССРдин Люксембургдагы элчиси болсо, кийин төбөлсүз Кыргызстандын Франция жана Бенилюкс мамлекеттериндеги элчиси катары чоң дипломаттык вазийпа аркалады. Даркан жазуучунун Брюсселдеги турмушунан айрым маанилүү окуяларды жана табиятка суктанып жүргөн учурларын мына бу биринчи жолу жарыяланып жаткан фотосүрөттөр чагылдырат. Аларды Чыңгыз Айтматов менен Брюсселде элчиликте чогуу эмгектенген художник-дизайнер Ибрагим Бакиров жеке архивинен сунуш кылды.
Владимир Молчановдун зайыбы Консуэлла Сегура, Чыңгыз Айтматов жана В. Молчанов Кыргызстандын Брюсселдеги элчилигинин адеми залында даам татып отурушат.  Дасторкон үстүндө Ч. Айтматовдун 70 жылдыгына арналган телеберүүнүн деталдары да сүйлөшүлгөн. Белгия, 1998-жыл.
5/12 Владимир Молчановдун зайыбы Консуэлла Сегура, Чыңгыз Айтматов жана В. Молчанов Кыргызстандын Брюсселдеги элчилигинин адеми залында даам татып отурушат.  Дасторкон үстүндө Ч. Айтматовдун 70 жылдыгына арналган телеберүүнүн деталдары да сүйлөшүлгөн. Белгия, 1998-жыл.
Ойчул жазуучу Чыңгыз Айтматов 15 жылдан ашуун убакыт Батыш Европада дипломаттык кызмат аткарып жүрдү. Адегенде СССРдин Люксембургдагы элчиси болсо, кийин төбөлсүз Кыргызстандын Франция жана Бенилюкс мамлекеттериндеги элчиси катары чоң дипломаттык вазийпа аркалады. Даркан жазуучунун Брюсселдеги турмушунан айрым маанилүү окуяларды жана табиятка суктанып жүргөн учурларын мына бу биринчи жолу жарыяланып жаткан фотосүрөттөр чагылдырат. Аларды Чыңгыз Айтматов менен Брюсселде элчиликте чогуу эмгектенген художник-дизайнер Ибрагим Бакиров жеке архивинен сунуш кылды.
Владимир Молчанов Чыңгыз Айтматовдун 70 жылдыгына байланыштуу программаны Брюсселдин ортолугундагы Гранд палас аянтында тартып жаткан учурдан бир элес. Белгия, 1998-жыл.
6/12 Владимир Молчанов Чыңгыз Айтматовдун 70 жылдыгына байланыштуу программаны Брюсселдин ортолугундагы Гранд палас аянтында тартып жаткан учурдан бир элес. Белгия, 1998-жыл.
Ойчул жазуучу Чыңгыз Айтматов 15 жылдан ашуун убакыт Батыш Европада дипломаттык кызмат аткарып жүрдү. Адегенде СССРдин Люксембургдагы элчиси болсо, кийин төбөлсүз Кыргызстандын Франция жана Бенилюкс мамлекеттериндеги элчиси катары чоң дипломаттык вазийпа аркалады. Даркан жазуучунун Брюсселдеги турмушунан айрым маанилүү окуяларды жана табиятка суктанып жүргөн учурларын мына бу биринчи жолу жарыяланып жаткан фотосүрөттөр чагылдырат. Аларды Чыңгыз Айтматов менен Брюсселде элчиликте чогуу эмгектенген художник-дизайнер Ибрагим Бакиров жеке архивинен сунуш кылды.
Ибрагим Бакиров Чыңгыз Айтматовго дипломат-жазуучунун эми гана жасалып бүткөн чопо айкелин  көрсөтүүдө. Брюссел, 1998-жыл.
7/12 Ибрагим Бакиров Чыңгыз Айтматовго дипломат-жазуучунун эми гана жасалып бүткөн чопо айкелин  көрсөтүүдө. Брюссел, 1998-жыл.
Ойчул жазуучу Чыңгыз Айтматов 15 жылдан ашуун убакыт Батыш Европада дипломаттык кызмат аткарып жүрдү. Адегенде СССРдин Люксембургдагы элчиси болсо, кийин төбөлсүз Кыргызстандын Франция жана Бенилюкс мамлекеттериндеги элчиси катары чоң дипломаттык вазийпа аркалады. Даркан жазуучунун Брюсселдеги турмушунан айрым маанилүү окуяларды жана табиятка суктанып жүргөн учурларын мына бу биринчи жолу жарыяланып жаткан фотосүрөттөр чагылдырат. Аларды Чыңгыз Айтматов менен Брюсселде элчиликте чогуу эмгектенген художник-дизайнер Ибрагим Бакиров жеке архивинен сунуш кылды.
Чыңгыз Айтматов Брюсселдеги элчиликтин короосунда бедизчи Тургунбай Садыковдун "Жылкычы"  деген эмгегинин алдында турат. Брюссел, 2000-жылдардын башы.
8/12 Чыңгыз Айтматов Брюсселдеги элчиликтин короосунда бедизчи Тургунбай Садыковдун "Жылкычы"  деген эмгегинин алдында турат. Брюссел, 2000-жылдардын башы.
Ойчул жазуучу Чыңгыз Айтматов 15 жылдан ашуун убакыт Батыш Европада дипломаттык кызмат аткарып жүрдү. Адегенде СССРдин Люксембургдагы элчиси болсо, кийин төбөлсүз Кыргызстандын Франция жана Бенилюкс мамлекеттериндеги элчиси катары чоң дипломаттык вазийпа аркалады. Даркан жазуучунун Брюсселдеги турмушунан айрым маанилүү окуяларды жана табиятка суктанып жүргөн учурларын мына бу биринчи жолу жарыяланып жаткан фотосүрөттөр чагылдырат. Аларды Чыңгыз Айтматов менен Брюсселде элчиликте чогуу эмгектенген художник-дизайнер Ибрагим Бакиров жеке архивинен сунуш кылды.
Чыңгыз Айтматов табиятка чыгып, сейилдеп  жүрүп, көлдөгү өрдөктөргө жем таштоодо.  Брюсселдин парктарынын бири. 2003-жыл.
9/12 Чыңгыз Айтматов табиятка чыгып, сейилдеп  жүрүп, көлдөгү өрдөктөргө жем таштоодо.  Брюсселдин парктарынын бири. 2003-жыл.
Ойчул жазуучу Чыңгыз Айтматов 15 жылдан ашуун убакыт Батыш Европада дипломаттык кызмат аткарып жүрдү. Адегенде СССРдин Люксембургдагы элчиси болсо, кийин төбөлсүз Кыргызстандын Франция жана Бенилюкс мамлекеттериндеги элчиси катары чоң дипломаттык вазийпа аркалады. Даркан жазуучунун Брюсселдеги турмушунан айрым маанилүү окуяларды жана табиятка суктанып жүргөн учурларын мына бу биринчи жолу жарыяланып жаткан фотосүрөттөр чагылдырат. Аларды Чыңгыз Айтматов менен Брюсселде элчиликте чогуу эмгектенген художник-дизайнер Ибрагим Бакиров жеке архивинен сунуш кылды.
Мурдакы СССРден жана башка дүйнө өлкөлөрүнөн Брюсселге келген таанымал коноктор, чыгармачыл инсандар, Белгияда иштеген дипломаттар жана башка расмий адамдар Чыңгыз Айтматовго кездешип, ойчул жазуучу менен баарлашып турушчу.  Орусиялык белгилүү иоимпоз, академик Петр Капица жана Чыңгыз Айтматов. Брюссел, 2000-жылдардын башы.
10/12 Мурдакы СССРден жана башка дүйнө өлкөлөрүнөн Брюсселге келген таанымал коноктор, чыгармачыл инсандар, Белгияда иштеген дипломаттар жана башка расмий адамдар Чыңгыз Айтматовго кездешип, ойчул жазуучу менен баарлашып турушчу.  Орусиялык белгилүү иоимпоз, академик Петр Капица жана Чыңгыз Айтматов. Брюссел, 2000-жылдардын башы.
Ойчул жазуучу Чыңгыз Айтматов 15 жылдан ашуун убакыт Батыш Европада дипломаттык кызмат аткарып жүрдү. Адегенде СССРдин Люксембургдагы элчиси болсо, кийин төбөлсүз Кыргызстандын Франция жана Бенилюкс мамлекеттериндеги элчиси катары чоң дипломаттык вазийпа аркалады. Даркан жазуучунун Брюсселдеги турмушунан айрым маанилүү окуяларды жана табиятка суктанып жүргөн учурларын мына бу биринчи жолу жарыяланып жаткан фотосүрөттөр чагылдырат. Аларды Чыңгыз Айтматов менен Брюсселде элчиликте чогуу эмгектенген художник-дизайнер Ибрагим Бакиров жеке архивинен сунуш кылды.
Чыңгыз Айтматов магнолия гүлдөгөн кезде. Дипломат-жазуучу гүлбакта күн алыс болсо дагы гүлдөрдү эми көргөндөй суктанган.  Брюсселдин парктарынын бири, 2003-жыл.
11/12 Чыңгыз Айтматов магнолия гүлдөгөн кезде. Дипломат-жазуучу гүлбакта күн алыс болсо дагы гүлдөрдү эми көргөндөй суктанган.  Брюсселдин парктарынын бири, 2003-жыл.
Ойчул жазуучу Чыңгыз Айтматов 15 жылдан ашуун убакыт Батыш Европада дипломаттык кызмат аткарып жүрдү. Адегенде СССРдин Люксембургдагы элчиси болсо, кийин төбөлсүз Кыргызстандын Франция жана Бенилюкс мамлекеттериндеги элчиси катары чоң дипломаттык вазийпа аркалады. Даркан жазуучунун Брюсселдеги турмушунан айрым маанилүү окуяларды жана табиятка суктанып жүргөн учурларын мына бу биринчи жолу жарыяланып жаткан фотосүрөттөр чагылдырат. Аларды Чыңгыз Айтматов менен Брюсселде элчиликте чогуу эмгектенген художник-дизайнер Ибрагим Бакиров жеке архивинен сунуш кылды.
Чыңгыз Айтматов Брюсселдеги Кыргызстандын элчилигинин имаратындагы очоктун боюнда эс алып отурган кези, 2000-жылдардын башы.
12/12 Чыңгыз Айтматов Брюсселдеги Кыргызстандын элчилигинин имаратындагы очоктун боюнда эс алып отурган кези, 2000-жылдардын башы.
Ойчул жазуучу Чыңгыз Айтматов 15 жылдан ашуун убакыт Батыш Европада дипломаттык кызмат аткарып жүрдү. Адегенде СССРдин Люксембургдагы элчиси болсо, кийин төбөлсүз Кыргызстандын Франция жана Бенилюкс мамлекеттериндеги элчиси катары чоң дипломаттык вазийпа аркалады. Даркан жазуучунун Брюсселдеги турмушунан айрым маанилүү окуяларды жана табиятка суктанып жүргөн учурларын мына бу биринчи жолу жарыяланып жаткан фотосүрөттөр чагылдырат. Аларды Чыңгыз Айтматов менен Брюсселде элчиликте чогуу эмгектенген художник-дизайнер Ибрагим Бакиров жеке архивинен сунуш кылды.
Артка
Алдыга

Ойчул жазуучу окурманды күнүмдүк жашоонун түйшүгүнө мүңкүрөп азап чекпегенге, адамдын ич дүйнөсүндө терең катылып жаткан улуу сезимди жана рухту козгоп, ар кандай жамандыкка каршы күрөшө билгенге үйрөтүп көмөктөшөт. Муну Чыңгыз Айтматов ар кандай искусствонун максаты деп санаарын жапон философу Дайсаку Икэда менен 1990-жылдардан башында чогуу жазган “Духтун улуулугана ода” деген эмгекте айтканы бар.
• 16x9 Image

Амирбек Азам уулу

"Азаттыктын" штаттан сырткаркы журналисти. Санкт-Петербургдагы Финансы жана экономика университетин аяктаган.

Куржундар
XS
SM
MD
LG