Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:23

Футбол: Шериктештик кубогуна даярдык


Буга чейин кыргыз курамасы бул кубоктун оюндарында эки жолу тогузунчу, бир жолу 12-орунду ээлеген.
Буга чейин кыргыз курамасы бул кубоктун оюндарында эки жолу тогузунчу, бир жолу 12-орунду ээлеген.

Кыргызстандын 21 жашка чейинки футбол боюнча улуттук курамасы Шериктештик кубогу үчүн мелдешке даярданууда.

Европанын жана Азиянын 12 командасы катышкан мелдеш январь айынын 16сынан 25ине чейин Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өтөт.

Тамирлан Козубаев жакында эле Литванын “Шауляй” клубунда ойноп жүрүп, Кыргызстанга келди. Европа футболунун сырын үйрөнгөн 20 жаштагы футболчу Шериктештик кубогуна кызуу даярданууда.

- Литвага барганда бир аз кыйынчылыктар болду. Убакыттын өтүшү менен оюн талаасында жакшы ойноп, жакшы тажрыйба топтой алдым. Ал жактын футболу менен кыргыз футболунда бир топ айырмачылыктар бар. Литвадан алган тажрыйбам Шериктештик кубогунун оюндарында жакшы таасирин берет деп ишенем.

Шериктештик кубогуна даярдык көрүү үчүн кыргыз футболчулары жакында эле Казакстанга барып, “Тараз” клубунун биринчи жана экинчи курамы менен жолдоштук беттешүү өткөрүп, эки беттеште тең жеңишти камсыздап келишкен. Учурда Бишкектеги футбол борборунда машыгуу өткөрүшүүдө.

Кыргызстандын 21 жашка чейинки футбол боюнча улуттук курамасы машыгуу учурунда. Сүрөт: ffkr.kg
Кыргызстандын 21 жашка чейинки футбол боюнча улуттук курамасы машыгуу учурунда. Сүрөт: ffkr.kg

Улуттук курамадагы эң жаш оюнчуларды бири Рысбек уулу Жанбото 17 жашта. Ал алгач Бишкектин "Алга", "Дордой" клубдарынын кенже тайпасынын курамында тарбияланып, кийин Орусиянын "Зенит" клубунда бир жарым жыл ойноп, эки жылдан бери Бразилиянын “Ботафого” клубунда борбордук жарым коргоочулук милдетти аркалап келген.

- Алгач ал жакта ойногондо тил билбей, бир жыл убакыттай кыйналдым. Убакыттын өтүшү менен ал жактын шартына көнүп, жергиликтүү оюнчулар менен бир деңгээлде ойноп калдым. Кыргызстанга келгенде ойногон абдан жеңил болуп калды. Буюрса Шериктештик кубогуна даярдык жакшы. Бардык оюнчулар бир жерге чогулуп, машыгуулар үзгүлтүксүз болууда.

3-январдан тарта футболчулар Катар өлкөсүнө сапар алып, 10 күн окуу-машыгуу өткөрүп, ал жактан түз эле мелдеш өтө турган Санкт-Петербург шаарына барышат. Башкы машыктыруучу Мирлан Эшенов улуттук курамага кошулган оюнчулардын жарымы Шериктештик кубогу үчүн биринчи жолу ойношо турганын маалымдады.

- Учурда машыгуу талаптагыдай жүрүп жатат. 24 футболчу менен Катарга окуп, машыгууга жөнөгөнү турабыз. Алардын жарымы кубок үчүн биринчи жолу ойношот. Биз келечекти ойлоп, жаш оюнчуларды улуттук кураманын катарында машыктырып, алардын көбүрөөк тажрыйба топтоосуна шарт түзүүдөбүз. Улуттук курамага 17 жаштан 21 жашка чейинки жаш курактардагы мыкты лидерлер чогулду. Шериктештик кубогунун оюндарында биздин оюнчуларга тажрыйба жетишпей турат. 2015-жылы март айында 22 жашка чейинкилер арасында Азия чемпиондугу болот. Шериктештик кубогунда ойногон оюнчулардын жок дегенде 50 пайызы ал оюндарда ойноп калат деп ойлойм.

​Шериктештик кубогу 1993-жылдан 2011-жылга чейин Шериктештердин чемпиондорунун кубогу деп аталып, ага мурдагы СССРдин курамына кирген өлкөлөрдүн чемпион клубдары катышып келген.

2011-жылдан кийин бул мелдеш Шериктештик кубогу деп өзгөртүлүп, ага КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн 21 жашка чейинки жаштар курамасы катышууда. 2015-жылдагы мелдеште катышуучу өлкөлөрдүн аймагы да кеңейди. Тактап айтсак, Беларус, Түркмөнстан, Эстония, Финляндия, Молдова, Кыргызстан, Орусия, Латвия, Түштүк Африка Республикасы, Литва, Тажикистан жана Казакстан курамалары башкы олжо үчүн намыс талашат. 2014-жылдагы бул кубоктун жеңүүчүсү Украина курамасы бул сапар оюндарга катышпайт. Буга чейин кыргыз курамасы бул кубоктун оюндарында эки жолу тогузунчу, бир жолу 12-орунду ээлеген.

Мелдештер Санкт-Петербург шаарында 16-январдан 25-январга чейин өтөт. Чучукулак кармашууда Кыргызстандын улуттук курамасы "В" тайпасына бөлүнүп, Молдова, Орусия, Латвиянын жаштар курамасы менен тайпалык тандоо мелдешине чыга турган болушту. Алгачкы беттешинде кыргызстандыктар 16-январда Молдова курамасына каршы чыгышат. 18-январда Латвия курамасы менен ойношсо, 19-январда Орусия футболчулары менен оюн талаасында беттешет.

Улуттук футбол курамасынын менеджери Мирлан Айталынын билдиргенине караганда, кыргыз футболчулары катышкан мелдештерди “Мир” телеканалы аркылуу түз алып көрсөтүү үчүн Кыргызстандын футбол федерациясы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. 16-жана 18-январдагы оюндар Бишкек убактысы боюнча түшкү саат 15:00до башталса, 19-январдагы Орусия курамасы менен болгон беттеш кечки саат 22:00до болот.

  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

XS
SM
MD
LG