Беткап тигип, дүйнөнүн бардык бурчунда жашаган досторуна жөнөтө баштаган Адина бул кадамын жакындарына колдоо катары түшүндүрдү.
- Чехияда карантин жарыялангандан көп өтпөй, сиз Прагадагы кафеңизди беткап тиккен чакан "цехке" айлантып салдыңыз. Бул кадамга барышыңызга эмне түрткү берди?
- Карантин жарыяланганы биз үчүн дагы күтүүсүз болду. "Кафени жабалыбы же иштете берелиби?" деген суроо жаралды. Анан муктаж адамдарга, өзгөчө кары-картаңдарга жардам берген ыктыярчы болсомбу деген ой келди. Мисалы, аларга дүкөндөн азык-түлүк алышып же үйүн жыйнашып, балким тамак жеткирип дегендей.
Ошентип ойлонуп жаткан маалда социалдык тармакка беткапчан сүрөтүмдү жайгаштырып койгом. Беткапты Жапониядан сувенир катары алып келген элек. Аны кайдан алганыма кызыгып, сурагандар көп болду.
Ошол кезде Прагада беткап тартыш эле, дээрлик жок болчу. Карантин киргенден кийин көчөгө беткабы жок чыгууга да тыюу салынган. Ошондон кийин кафени жаппай, ал жактан беткап тигип, дүйнөнүн ар кайсы бурчундагы досторума жөнөтүүнү чечтим.
- Тигүүчү машинаны, кездемени кайдан алдыңар?
- Жигитимдин тигүүчү машинасы бар эле, кездеме да бат табылды. Аны үйүбүзгө терезе парда кылуу үчүн алганбыз. Артып калып бир топ жылдан бери жөн эле жаткан. Ошонун кереги тийди. Беткаптын баарын бир түстө тиктик. Болгону көлөмү гана ар башка болду. Чоңдорго анан балдарга өзүнчө тиктик да. Ошентип "UNITED by Café Millème (Милем) Prague" долбоору жаралды. Анын алкагында почта аркылуу беткаптарды дүйнөнүн ар кайсы бурчтарындагы досторума, тааныштарыма жөнөттүм.
- Эмне себептен беткаптарды сатпай, досторуңарга жөнөтүүнү чечтиңер?
- Кризис болуп жатса, пайда табыш үчүн беткап сатканыбыз туура эмес болуп калмак. Тескерисинче, биз кандайдыр бир адамгерчилик көрсөтүп, алыстагы досторума колдоо көрсөткүм келди. Албетте бир заматта карантин киргизилип, өлкөлөр жабылып, учактардын учпай калышы биз үчүн күтүүсүз болду. Кээ бир өлкөлөрдө адамдар үйүнөн чыга албай калды. Бирок Прагада анчалык катуу чектөөлөр болгон жок. Экиден көп кишинин чогулушуна тыюу салынганы менен шаар ичинде эркин жүрүүгө уруксат берилди. Мен ушундай кырдаал адамдардын социалдык шартына, жаш курагына, жашаган жерине карабай баарыбызды бирдей кылып коерун көрсөткүм келди. Досторум беткап алгандан кийин, сүрөткө түшүп жиберишти. Мен алардын баарын ресторанга илип койдум. "Euronews" сыяктуу эл аралык медиалар карантин маалында иштегендердин катарына кошуп, мен жөнүндө репортаж даярдашты.
- Ошол эле маалда ресторандын ишмердүүлүгүн улантып, таттуу токочторду жасап жаттыңарбы?
- Ооба, мен күндө таң атпай ишке барып жаттым. Жигитим Даниел кечке беткап тигет. Мен кездемени кесип, даяр беткаптарды үтүктөп берем. Кафе жабык болгондуктан,кардарларга терезе аркылуу кофе, торт, таттуу токочторду сатып жаттык. Чынында оор болду. Таттууларды кечинде бышырам. Баарынан да моралдык жактан кыйналдым. Анткени бул кырдаал качан бүтөрү, мындан ары эмне болору белгисиз эле. Бул маалда бизди колдоп турган туруктуу кардарларыбызга ыраазычылыгымды билдирем. Алар буюртма берип жатышты. Ошондой эле карантин башталгандын алгачкы эки аптасында биз абдан көп кофе саттык. Мынча кофе сатып көргөн эмес элем. Анткени шаардагы кофе саткан түйүндөрдүн көбү жабык болду. Ал эми адамдар эртең менен кофе ичип көнүп калган да. Көбүнүн үйүндө кофе кайнаткычтары жок.
- Сиз күндө таң атпай жумушуңузга баратып Праганын тунжурап, бош калган көчөлөрүн тартып социалдык тармактарга коюп жаттыңыз. Ошол маалда кандай сезимдер болду?
- Чынын айтсам мен такай жумушка таң эрте келгендиктен, бул маалда мурда деле адамдарды көп кездештирчү эмесмин. Болгону бул жолу мен беткапчан жүрдүм. Эртең менен чоң айырма сезилген жок. Кафеден жашаган жериме чейин жөө жарым саатта жетсе болот. Кечинде жумуштан чыкканда аябай кызыктай сезилчү. Анткени адаттагыдай эл жок. Болгону өз кадамыңдын үнү угулат. Үрөй учурган тунжуроо. Мен Праганын башкы көчөлөрүн кыдырып сүрөткө тартып жаттым. Адамдар жок болсо айлана суук көрүнөт экен.
- Пандемиядан улам башталган кризиске байланыштуу Прагада көп ресторандар ачылбай калышы мүмкүн деген кооптонуулар канчалык жөндүү? Силердин да бизнеске кедергисин тийгиздиби?
- Ресторандардын көбү карантинден кийин дагы ачылбайт деген кооптонуулар бар. Анткени соңку бир нече айдын ичинде болуп көрбөгөндөй жоготуулар болду. Саналуу күндөрдөн кийин ресторандардын террасаларын ачса болот, май айынын соңунда бардык эле ресторандарды ачканга уруксат берилди. Албетте гигиеналык жана башка эрежелерди сактоо зарыл. Мисалы, орундуктардын ортосундагы аралык бир жарым метрден аз болбошу керек. Чектелүү гана санда кардарларды кабыл алууга уруксат берилет.
Кризиске байланыштуу көптөр жумушунан кыскарып, иштен чыгып калышты. Ошондуктан карантин бүтөрү менен эле элдин баары ресторандарга агылат деп ойлобойм. Мисалы, Праганын борборундагы ресторандардын көбү туристтерге ылайыкташкан эле. Алардын баары кантип калыбына келери түшүнүксүз. Мен бизнестин келечеги үчүн кооптонуп турам. Өзүбүздүн кафенин келечеги үчүн дагы тынчсызданам. Жаңы эреже, талаптар менен иштегенге даярданып атабыз. Алар кандай болору азырынча белгисиз. Ачыларга жакын так айтылат го дейм. Бирок биз мыйзамга ылайык иш алып барабыз.
- Эки жыл мурда сиз Францияда өткөрүлгөн эл аралык абройлуу сынакта финалга жетип, төртүнчү орунду ээледиңиз эле. Негизи таттуу токочторду жасоодо сизге эмне дем берет?
- Ал сынак быйыл дагы өтмөк. Мени конок катары чакырышкан эле. Бирок азыркы кырдаалга байланыштуу кийинки жылга жылып калды. Табият, гүлдөр, жемиштер мага дем берет. Кээде бала чагымдагы даамдар мага дем берет. Мисалы, мен "Бишкек" деген торттун рецептин түзүп жатканда бала чагымдагы даамдарды эстегенге аракет кылдым. Аябай ойлондум.
Мен үчүн Кыргызстан дегенде кызгалдак толгон жазгы талаалардын элеси келет. Ошондуктан ага апийимдин уругун (мак) кошуп жасадым. Үстүн кызгалдак гүлдөрүндөй кооздодум. Ал Кыргызстандын туусунун түсүнө дагы окшошуп кетет. Бирок торттун даамы чычырканактыкына окшош. Жайында Көлгө барган сайын апам чакалап чычырканак сатып келип кыям жасачу эле. Ошол жыт мурдума сиңип калыптыр. Кафеде ал тортту жакшы көрүп жеген кардарлар көп. Аны жасоо мен үчүн маанилүү болчу. Алдыда дагы көп жаңы кардалдар ооз тиет деген үмүттөмүн.
Рахмат маегиңизге! Ишиңизге ийгилик!
29 жаштагы Адина Агакишиева Кыргызстанда төрөлүп, өскөн. 2007-жылы билим алуу максатында Прагага кеткен. Ал жактан абройлуу деп саналган Карлов университетинин гуманитардык факультетин аяктаган. Окуп жүргөндө кондитерликке кызыгып Францияга барып, бир жылдык курста окуган. Андан кийин ошол эле жактагы мыкты кафелерде иштеп, тажрыйба топтогон. Адина бир нече жылдан бери Чехиянын борборундагы "Café Milleme" кафесин жигити Даниел менен бирге иштетип келет.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.