3-майда Чехиянын борбору Прага шаарында 42 километр 195 метр аралыкка чуркаган марафончулардын кезектеги мелдеши болду. Бул марафон 1995-жылдан бери такай өткөрүлөт. Быйылкы жарышка 70тен ашык өлкөдөн келген марафон сүйүүчүлөр катышты. 15 миң доллардык баш байгени кениялык жөө күлүк Феликс Канди алды. Ал марага 2 саат 8 мүнөт 32 секундда жетти. Аялдардан марага эфиопиялык Йебругал Мелесе биринчи келди (2:23:49). Ал да 15 миң доллар менен сыйланды. Бул марафондук жарышка 10 миңдей жөө күлүк катышты.
Жөө күлүктөрдүн марафону

1
Мара аянтынын жалпы көрүнүшү.

2
Жөө күлүктөр алгачкы ташын 1357-жылы 9-июлда таңкы 5:31де чех падышасы Карл IV койгон таш көпүрөдө чуркап баратышат. Телеэкрандан тартылган фото.

3
Күлүктөргө жарыш, а бул кыздарга оюн-тамаша. Праганын Эски аянты.

4
Венгриянын туусун көтөргөн марафончу.

5
41-чакырым. Влтава дарыясынын жээгиндеги жол.

6
Сүрөөнчү добулбасчылар.

7
Марага чейин 195 метр калды.

8
Прага марафонунун маршруту. Телеэкрандан тартылган фото.

9
Атасына дем берип жүргөн кыз.

10
Жарышты тамаша кылган “сулууулар”

11
Акыркы метрлерде күйөөсүн сүрөп бараткан аял.

12
Марафончулар жарышып жүрсө, саякатчылар шаар көрүүдө.

13
42195 метр аралыкты чуркап өткөндөн кийин.

14
Бул сулуулар да тамаша кылышууда. Париж көчөсү.

15
42195 метрди чуркап бүткөн жөө күлүктөрдүн денеси тез муздап кетпес үчүн аларга жылуулук сактачу "тон" берилип жатты.

16
Мара сызыгын аттагандан кийин да кээ бир марафончулар токтобойт.

17
Өз убактысына ыраазы марафончу.

18
Лос Анжелестен келген марафончу Александро Нунес.

19
Марафондук жарыштан кийин күч топтоп отурган жөө күлүк.

20
Ата-энеси менен 4.2 км аралыкка жүгүргөн балдар мелдештен кийин.