Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:32

Ырайым берүү: башка өлкөлөрдүн мисалы


Орусия президенти Владимир Путин жана ЮКОС компаниясынын мурдагы башчысы Михал Ходорковсий.
Орусия президенти Владимир Путин жана ЮКОС компаниясынын мурдагы башчысы Михал Ходорковсий.

Президент Сооронбай Жээнбеков абактагы саясатчы Өмүрбек Текебаевге ырайым берүүдөн баш тартты. Ошентип Өмүрбек Текебаевди абактан бошотуу жөнүндөгү экс-президент Роза Отунбаеванын өтүнүчүн канааттандырылган жок.

Президент аппаратындагы ырайым берүү маселесин караган комиссиянын катчысы Кырккелди Кыдырбаев мындай чечимди Текебаев өзү арыз жазбаганы үчүн кароого негиз жана предмет жок экендиги менен түшүндүрүп жатат.

25-декабрда экс-президент Роза Отунбаева президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, Текебаевге ырайым берүүнү өтүнгөн. Отунбаеванын бул кайрылуусун Жогорку Кеңештеги фракциялардын лидерлери да бир добуштан колдошкон.

Ырайым берүү, кайсы өлкө болбосун, илгертеден гуманизмдин, айкөлдүктүн белгиси деп таанылып келет.

Муну менен катар тигил же бул айыпкердин күнөөсүн саясий жүйөдөн улам кечүү мисалдары да көп. Алсак, президент Александр Лукашенко оппозиция лидерлеринин бири, президенттикке талапкер Николай Статкевичке, Владимир Путин ишкер Михаил Ходорковскийге, Илхам Алиев оппозиционер саясатчы Тофик Ягублуга ырайым берген.

Ырайым берүү - мамлекеттик бийлик жана адилет системасы менен бирге пайда болгон кылмыш-жаза укугунун байыркы институттарынын бири.

Жетекчилер коомго, мамлекетке зыян алып келбейт деген туткундарды маал-маалы менен бошотуу аркылуу саясий упай топтоо, айкөлдүгүн көргөзүүгө болоорун илгертеден эле түшүнүшкөн.

Дээрлик бардык мамлекеттерде ырайым суроо укугу Конституцияда – Баш мыйзамда бекитилген. Андай ыйгарым адатта мамлекет башчыга, айрым жерлерде федералдык субъектининин жетекчилерине берилет.

Ырайым берүүнүн жол жобосу ар бир өлкөдө ар башка болушу мүмкүн, бирок эң негизгиси – бул гуманизмдин, айкөлдүктүн актысы деп таанылат.

Муну менен катар тигил же бул айыпкердин күнөөсүн саясий жүйөдөн улам кечүү мисалдары да көп.

Николай Статкевичтин боштондукка чыгышы

Беларус президенти Александр Лукашенко 2015-жылы бир нече саясий туткунга ырайым берген. Алардын арасында оппозиционер, 2010-жылкы шайлоодо Лукашенкого атаандаш болуп чыккан Николай Статкевич азат кылынган. Өкмөттүк маалымат каражаттары бул кадам "гуманизм принциптеринен" улам жасалганын жазышкан.

Николай Статкевич нааразылык акциясы учурунда.
Николай Статкевич нааразылык акциясы учурунда.

Статкевич 2011-жылдын май айында бир жыл мурда, шайлоо күнү "массалык башаламандык уюштурган" деп алты жылга эркинен ажыратылган.

Эл аралык укук коргоо уюмдары аны "саясий туткун" деп таанышкан.

Саясатчыга президентке кайрылып ырайым суроону бир нече жолу сунуш кылышканы менен ал баш тартып келген.

Минскилик эксперт Валерий Карбалаевич 2010-жылкы президенттик шайлоодо Лукашенко менен бирге ат салышкан тогуз талапкердин сегизи ар кандай мөөнөттөргө абакка отуруп чыгышканын эске салды:

- Бийлик саясий туткундар президенттен ырайым сурашсын деп келген. Кайрылуу жазгандарды четинен кое берип жатышты. Бирок эч кандай арызсыз же кагаз жүзүндөгү юридикалык негиздемесиз бошоткон учурлар да болгон. Алсак, андан мурдагы шайлоодо президенттикке талапкерлигин койгон Александр Козулинди чыгарышканы кызыктуу. 2008-жылы бир күнү эле анын камерасын ачып, "буюмдарыңды чогулт да, кет" деп айтышат. Ал эч нерсе түшүнбөй туруп калат. Адашпасам, башында бошотуу жөнүндө колуна эч кандай документ да беришкен эмес. Ушундай эле окуя 2015-жылы Статкевичтин ишинде да кайталанган. Эки жолу тең расмий Минск Батыш менен мамилелерди жакшыртуу үчүн ушундай кадамга барган. Евробиримдик менен Беларустун мамилелеринин чордонунда ошол кезде саясий туткундар маселеси болуп келген.

Карбалаевичтин айтымында, бул саясий чечим көздөгөнүнө жеткен. Чындап эле ошол эки жолу тең, оппозиция лидерлери түрмөдөн чыгарылгандан кийин Еврошаркет менен алака жакшырган.

Бирок же Козулин, же Статкевич өздөрү ырайым сурап кайрылышкан эмес, президенттин атына арыз жазгандар да болгон, - дейт эксперт.

- Беларус бийлиги "кечирим сурасаң, демек автоматтуу түрдө күнөөңдү моюнга аласың" деп чечмелешет. Саясий туткундар өздөрү болсо кайрылуу текстинде айыптуумун деп жазышкан эмес, жөн гана ырайым сурашкан. Бийлик жана расмий маалымат каражаттары бул – айыпты моюнга алуу деп жүрүштү.

Беларустун президенти Александр Лукашенко.
Беларустун президенти Александр Лукашенко.

Баса, Статкевич абактан чыккандан кийин Минскиде калып, нааразылык акцияларын уюштуруп, Лукашенко бийлигине каршы күрөшүн улантып жатат. "Аны чоң демонстрация уюштураары белгилүү болгондо 10-15 күнгө камап, кийин кое беришет", дейт маектешибиз.

Орусиядагы мисалдар

2013-жылдын этегинде Орусия президенти Владимир Путиндин ЮКОС компаниясынын мурдагы башчысы Михаил Ходорковскийге ырайым бериши өлкөнүн ичинде да, сыртында да көпчүлүк үчүн күтүлбөгөн окуя болгон. Бизнесмен "көз боёмочулук", "арам акчаны адалдоо" жана башка кылмыштар үчүн кесилип, ошол маалга карай 10 жылын өтөп бүткөн.

Михаил Ходорковский.
Михаил Ходорковский.

Ходорковский эч качан күнөөсүн моюнга албай, ишти саясий өңүттө деп атап келген. Бошотулгандан кийин дароо энеси дарыланып жаткан Германияга учуп кеткен ишкер Путинге ырайым сурап кайрылганын бышыктап, аны үй-бүлөдөгү жагдайга байланыштуу жасаганын түшүндүргөн.

Эксперттердин бир тобу саясий негизде соттолгон Ходорковский кайра эле саясий жүйөдөн улам чыгарылганын айтып келишкен.

Эмне дегенде, Сочи Олимпиадасы жакындаган сайын Батыш Орусия үчүн маанилүү ал окуяны бойкоттошу мүмкүн деген кооптонуулар көбүрөөк пайда боло баштаган.

Орусияда ырайым берүү үчүн соттолгон кишинин кайрылуу - арызы болушу керекпи деген маселе талаш жаратып келет. Конституция жана Кылмыш жаза кодексинде мамлекет башчыныны ырайым берүү укугу эч кандай шартталган эмес.

Юристтердин көбү Баш мыйзамда бекитилген ырайым суроо жана президенттин ырайым берүү - эки башка укук жана айыпты кечүү тууралуу өтүнүч сөзсүз болушу керек деген талап жок деп белгилешет. Кээ бирлер болсо президенттин ырайым берүү тууралуу жобосунда арыз жазыш керек деп айтылган дешет.

2016-жылы украиналык учкуч Надежда Савченко Украинада соттолгон Орусиянын эки жаранына айырбашталган. Анын алдында президент Владимир Путин Савченкого ырайым берген. Анда тиешелүү арыз менен Савченко өзү эмес, жабыр тарткан тарап кайрылган.

Ошол эле маалда украиналык режиссер, эл аралык укук коргоочулар тарабынан саясий туткун деп аталган Олег Сенцовдун энеси былтыр майда уулуна ырайым берүүнү Путинден өтүнгөнү менен, Кремль арызды четке кагууну айыпкер жеке өзү сурашы керек деп түшүндүрүүдө.

Адвокат Николай Полозовдун айтымында, ал коргогон бир да украин жараны Путинге өтүнүч жөнөтпөгөнү менен көбү ырайым алышкан. "Арыздарды таптакыр башка кишилер жазышкан", - деп ырастайт адвокат.

Сенцов аннексияланган "Крым жарым аралында теракт даярдаган" деген айыптын негизинде Орусия соту тарабынан 20 жылга эркинен ажыратылган.

Азербайжанда эркиндикке чыккандар

Азербайжан конституциясында жана Кылмыш-жаза кодексинде да ырайым алуу үчүн арыз-өтүнүч жазыш керек деген шарт жок. Бирок 2001-жылы мурдагы президент Гейдар Алиев кол койгон жобого ылайык, андай өтүнүч айыпкер, анын жактоочусу же расмий өкүлү тарабынан берилиши мүмкүн. Адвокат Фуад Агаев Азербайжанда тигил же бул саясий туткундун айыбын кечүү арызы менен укук коргоочу уюмдардын өкүлдөрү көп кайрылышаарын айтат:

- Азыр оюма Тофик Ягублунунун иши келип отурат. Оппозициядагы партиялардын бири - "Мусават" партиясынын ошол кезедеги төрага орун басары Ягублу 2016-жылы ырайым алган. Бирок президенттин наамына өзү эч кандай кайрылуу жазган эмес. Ал Исмаиллы шаарындагы окуяга байланыштуу оппозиционер Илгар Мамадов менен кошо кармалып соттолгон. Сыягы, Ягублуну азаттыкка чыгаруу өтүнүчүн укук коргоочу уюмдар тапшырышкан болушу мүмкүн. Кандай болгон күндө да оппозициячы абактан чыккан. Мен бул жерде эч кандай мыйзам бузууну көргөн жокмун.

Ягублуну "Эмнести Интернешнл" укук коргоо уюму "абийир туткундарынын" тизмесине киргизген.

Тофик Ягублу.
Тофик Ягублу.

2013-жылдын башында Исмаиллы шаарында жергиликтүү жашоочулар райондук администрациянын имараты жанына нааразылыгын билдирип чыгышкан. Тартип коргоочулар аларды жаш агызчу газ, суу бүркүгүчтөр менен кууп таркатууга аракет көрүп, арты башаламандык менен аяктаган. Ондогон киши кармалган.

Агаев ырайым сураган адам мамлекет башчыга кайрылуусу менен күнөөсүн мойнуна алып жатат деп айтканга болбойт деп белгилейт.

Жаңы тарыхтагы эң көрүнүктү мисалдардын бири – Түштүк Африкадагы аппартеидге каршы күрөшүп келген Нелсон Манделанын бошотулушу. 1990-жылы өлкө президенти, каршылашы Фредерик де Клерк ага ырайым берген. Кийин Мандела президент болуп шайланганда Фредерик де Клерк анын орун басары болгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG