Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:59

Сирия тынчтык жараянындагы “аң-дөңдөр”


Сирия.
Сирия.

Түркия Иран менен Орусияга кайрылып, Сирияда ок атууну токтотуу келишимин камсыздоо талабын койду. Анкара келишимдин бузулушу Астана сүйлөшүүсүнө коркунуч туудурарын эскертти. Тегеран Түркия талабын конструктивдүү эмес деп атады.

Түркия Сирияда ок атууну токтотуу жана саясий сүйлөшүүлөргө өтүү планы коркунучта экенин 4-январда эскертти. Ага чейин Түркия колдогон "Эркин Сирия армиясы" бийлик менен Астанада өтмөк болгон сүйлөшүүгө даярдыкты токтотконун билдирген болчу.

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу ок атууну токтотуу келишимин "Хизбулла" жана Сирия режими бузуп жатканын көрүп жатабыз деп, анын уланышы Астана сүйлөшүүсүнө терс таасирин тийгизерин эскертти:

- Эгерде биз көбөйүп жаткан келишимди бузууларды токтотпосок, анда Астана жараяны токтоп калат. Биз ага жетишүүгө ушунча көп күч жумшадык, ага ичи күйүп, ишке ашпай калышын каалагандар бар, бирок биз кепил болгонбуз. Иран да мына ошол кепилдикке Москвада кол койгон. Ал белгилүү. Ошондуктан Иран кепил катары милдетин аткарышы керек. Ал шиит жоочуларына жана Сирия режимине өзүнүн таасирин көрсөтүшү керек.

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф.
Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф.

Сирия оппозициясы Дамаск шаарына жакын Вади Барада жергесинде өкмөттүк күчтөр чабуул жасаганын билдирген. Британияда жайгашкан Сирия адам укуктары уюму бул чөлкөмдө кагылышуу дале уланып жатканын 4-январда маалымдады. Сирия өкмөтү өз кезегинде козголоңчуларды шаар үчүн зарыл болгон суу инфраструктурасына зыян келтирди деп айыптаган. Сирия адам укуктары уюмунун маалыматы боюнча, кагылышууну токтотуу үчүн сүйлөшүүлөр жүрүп, Орусия бузулган суу насосун калыбына келтирүүгө көмөктөшүүдө. Сирия оппозициясы абадан урулган сокку насостун бузулушуна алып келди деп билдирген.

Түркиянын Иран жана Орусияга кайрылуусуна Ирандан жооп келди. Ирандын тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Бахрам Касеми “азыркы ок атышууну токтотуу келишимин өкмөткө каршы чыккан куралдуу топтор кайра-кайра бузууда” деп билдирди 5-январда. Иран ошондой эле Түркияны “реалдуу эмес позицияны ээлөөдөн баш тартып”, козголоңчулар тараптан келишимдин бузулушуна каршы чара көрүүгө чакырды.

Ирандын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Бахрам Гасеми.
Ирандын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Бахрам Гасеми.

Белгилүү болгондой, Сирия жаңжалында Орусия расмий бийликти колдоого басым жасаса, Иран бийлик жана "Хизбулла" баш болгон шиит жоочуларын колдойт. Ал эми Түркия аларга каршы турган "Эркин Сирия армиясы" аталган оппозициялык топтордун бирикмесин колдойт.

Чаташкан мына ушул Сирия жаңжалын чечүү үчүн бел байлаган Орусия, Түркия жана Иран ортосунда өз ара айыпташуулар чыгып жатышы да түшүнүктүү. Бирок ага карабай Астана сүйлөшүүсү үчүн оптимисттик маанайын түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган 4-январда билдирген эле:

- Сирияда, аль-Бабдагы операциябызды ылдам бүтүрүүнүн жаңы планын даярдадык. Кудай буюрса, ал жакында ишке ашырылат. Биз Манбижде баштагандай эле башка региондорду да террордук уюмдардан тазалоодо чечкиндүүбүз. Бул жерде Орусия менен биргеликте Сирияда ок атууну туруктуу токтотуу жана карама-каршылыктарды саясий жол менен чечүүгө киришүүдө ийгилик болот деген үмүт бар.

Режеп Тайып Эрдоган.
Режеп Тайып Эрдоган.

Орусия, Түркия жана Иран Сирия бийлиги жана оппозициясынын ортосундагы тынчтык сүйлөшүүнү 23-январда Казакстан борбору Астанада өткөрүүнү белгилегени кабарланган. Ага даярдык көрүү боюнча 9-10-январда Орусия жана Түркия ортосунда сүйлөшүүлөр Түркияда болору маалымдалды.

Орусия, Түркия жана Ирандын тышкы иштер министрлери 20-декабрда Москвада жолугушуп, Сирияда ок атууну токтотуу жана саясий сүйлөшүүнү баштоону макулдашкан. Андан кийин Анкара жана Москва аны ишке ашыруунун планы даяр экенин жарыялаган. Ал план боюнча жалпы Сирияда 30-декабрдан тарта ок атуу токтотулуп, январь айында тынчтык сүйлөшүүсү Астанада жүргүзүлүшү керек.

Ок атууну токтотуу келишимине террордук деп таанылган “Ислам мамлекети” жана "Жебхат аль-Нусра" топтору кошулбайт. Аларга каршы аскерий операция улана бермекчи.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG