Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:35

Орусия: шайлоо алдында кадрдык "тазалоо"


28-июлда Орусияда олуттуу кадрдык өзгөртүүлөр жасалды. Бир нече губернаторлор кызматынан бошотулуп, Крым федералдык округу жоюлду.

Орусияда жүргүзүлгөн кадрдык өзгөрүүлөр Кыргызстанга таанымал Андрей Бельяниновду да кыйгап өтпөдү.

26-июлда кеңсеси жана үйү тинтилип, миллиондон ашык акча алынган Орусиянын Федералдык бажы кызматынын башчысы Андрей Бельяниновдун кызматтан бошотуу арызы кабыл алынды. Тийиштүү чечимге өкмөт башчы Дмитрий Медведев кол койгону 28-июлда кабарланды.

Бельянинов кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын төрагасы катары Кыргызстандагы Орусия каржылай турган энергетикалык долбоорлорду көзөмөлдөп келген. Бирок ал долбоорлордун баары Бельяниновдун кетүүсүнө чейин эле толугу менен токтотулганы маалым. Бельяниновдун ордуна Медведев Орусиянын Түндүк федералдык округунун башчысы болуп келген Владимир Булавинди дайындады.

Орусиядагы 28-июлдагы калган масштабдуу кадрдык өзгөртүүлөрдү президент Владимир Путин жүргүздү. Ал буга чейин пара алып жаткан жеринен кармалган Киров облусунун губернатору Никита Белыхты кызматынан бошотту. Аны менен кошо Калининград, Ярослав облусунун жана Крымда жайгашкан Севастополь шаарынын губернаторлорун алмаштырды.

Крым федералдык округун жоюп, аны Түштүк федералдык округуна кошту. 2014-жылы Крым Орусияга каратылып алынганда, Крым өзүнчө федералдык округ болуп түзүлгөн эле.

Украинага тиешеси бар дагы бир кадрдык өзгөрүү Орусиянын Украинадагы элчисине байланыштуу болду. Элчи Михаил Зурабов кызматынан бошотулуп, Орусиянын Украинадагы убактылуу ишенимдүү өкүлү болуп Сергей Торопов дайындалды.

Орус маалымат каражаттары 28-июлдагы кадрдык өзгөртүүлөрдүн натыйжасында күч структуралардын өкүлдөрүнүн бийликте дагы көбөйүшүн белгилеп жатышат. Мунун баары сентябрь айына белгиленген парламенттик шайлоонун алдында жүргүзүлүүдө.

Орусиялык саясат таануучу Дмитрий Орешкин “Эхо Москвы” радиосуна берген интервьюсунда Орусиядагы масштабдуу кадрдык алмашууларды парламенттик шайлоодон кийин кабыл алына турган чечимдерге байланыштырды. Анын пикиринде, шайлоодон кийин президент Путин либералдык багыттагы Кудрин сунуштаган экономикалык программаны жекеңешчиси Сергей Глазьевдин сунушун кабыл алыш керек. Алардын экөөнүн тең нааразылыкты жарата турган факторлору бар. Ошондуктан Путин күч структураларына ишенимдүү болуш керек. Экинчиден, Путин Федералдык коопсуздук кызматына көп ишенгендиктен бул структурадан чыккан кадрларга басым жасоодо дейт Орешкин:

- Бардык жерде Путинге көбүрөөк берилген жана Федералдык коопсуздук кызматы менен байланышкан адамдар кызматка коюлуп жатат. Анткени Путин өзү бардык күч структураларынын ичинен ФСБга көбүрөөк ишенет. Ошондуктан бул орган бюджеттин мүмкүнчүлүгү чектелген шарттагы атаандаштыкта башка күч структураларды дайым жеңип келет.

Чындыгында эле жаңы дайындоолордо күч структураларынын өкмүлдөрүнө артыкчылык берилгени байкалат. Маселен, Ярослав облусунун губернаторлугуна күч структуралында иштеген Дмитрий Миронов дайындалса, ФСБнын жергиликтүү бөлүмүн жетектеген Евгений Зиничев Калининград облусунун губернаторлугуна дайындалды. Федералдык бажы кызматынын башчылыгына дайындалган Владимир Булавин да ФСБнын кадры экени кабарланды.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG