Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:36
Садыр Жапаров. 16.10.2020.
Садыр Жапаров. 16.10.2020.

Жапаров жаңы реформа баштай тургандыгын шардана кылды

Учурда Кыргызстандын өкмөт башчысы жана президенттин милдетин аткаруучу болуп иштеп жаткан мурдагы оппозициячыл саясатчы Садыр Жапаров өлкөдө реформалар боло тургандыгын тастыктады.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына каршы 5-октябрдагы нааразылык митинги башаламандыкка жана элдик толкундоого айлангандан кийин Кыргызстанда саясий кризис башталган.

Бир жумага созулган нааразылык иш-чараларынан соң президент Сооронбай Жээнбеков өз арызы менен 15-октябрда кызматтан кетти. Анын арызын Жогорку Кеңеш 16-октябрда кабыл алды.

Кыргызстандын Баш мыйзамына ылайык, президент кызматтан кеткенде анын милдетин убактылуу Жогорку Кеңештин төрагасы аткарышы керек. Бирок учурдагы ЖК төрагасы Канатбек Исаев бул кызматты өз каалоосу менен аткаруудан баш тартаарын билдирген.

16-октябрдан тарта президенттин милдетин да аткарууга киришкен өкмөт башчы Садыр Жапаров 5-6-октябрдагы окуялардан соң, 6-октябрда тарапташтары тарабынан абактан бошоп чыккан.

Садыр Жапаровдун өлкөдө реформалар боло тургандыгын, жемкорлорго каршы күрөш чыңдалаарын шардана кылышын анын тарапкерлери шаттана колдоп чыгышты, ал эми анын сынчылары болсо эгерде ал кеңири демократиячыл катмарлар менен кызматташа албаса жана алдыдагы парламенттик шайлоонун таза өтүшүн камсыз кылбаса, анда анын реформа аракети туңгуюкка кептелиши ыктымал деген күмөндөнгөн пикирлерин билдиришүүдө.

12:04 14.10.2020

Депутат Талантбек Мамытов: - Өкмөттүн курамын бекиткенден кийин биринчи кезекте чечилиши керек болгон маселелер: бюджеттин таңкыстыгы, коронавирус менен күрөшүү жана кыш мезгилине даярдануу.

12:07 14.10.2020

Депутат Жанарбек Акаев: - Бүгүн шайлоо босогосун төмөндөтүү тууралуу мыйзам долбоорун депутаттардын кароосуна жиберебиз. Долбоордун авторлору - Жанар Акаев, Алтынбек Сулаймнов, Дастан Бекешев жана Эльвира Сурабалдиева. Биз босогону 3 пайызга төмөндөтүүнү сунуш кылабыз. Бирок көпчүлүк депутаттар беш пайыз деп турушат. Ошол себептен мунасага келип, төрт пайызга түшүрөбүз деп ойлойм

12:09 14.10.2020

Депутат Марлен Маматалиев: - Мени эч ким коркуткан эмес, буга жол да бербейм. Депутаттык милдетимди аткарып жатам, себеби эл күтүп турду.

12:21 14.10.2020

Вице-спикер Аида Касымалиева: - Мени жана үй-бүлөмдү коркутуу фактылары боюнча арыз даярдап, юристтер менен кеңешип жатам. Жаңы өкмөттүн алдында коронавирус көйгөйү турат. Эпидемиологдор менен сүйлөштүм, алар 10 күндөн кийин эпидемиологиялык кырдаал курчуйт деп айтышты. Бюджетте акча жок, кышка даярдык начар.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG